Алымов Шаршен, Оорулууларды ийне менен дарылоо

[Бул интервьюлар Талас  аймагында 2007-08-жылдары Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Алымов Шаршен, Талас аймагы

Мен, Алымов Шаршен Касенович, Үчэмчек айылынан болом, кесибим фельдшер. 1986-ж Талас медициналык училищесин бүтүргөм. Арал айылында медпунктта иштегем 1 жыл. Андан кийин Талас шаарынын тез жардам бөлүмүндө 9 жыл иштегем. Андан кийин Чатбазар айылындагы участковой оорууканада 10 жыл иштедим. 1999-ж. баштап Бишкекке барып, Интернациональный институт Онори деген Чыгыштын окуусу бар эки айлык курс, ошону бүткөм, ал жерден игло терепеяны, массажды, алакандан, тамандан кармап адамдын кайсы жеринде оору бар экендигин аныктоону үйрөндүм. Аны бүтүп Бишкекте 6 ай иштедим. Андан кийин мына азыр Таласка келип иштеп жатам бул жерге жеке бөлүмүмдү ачкам, ушул жылдын март айынан баштап иштеп жатам.

Көбүнчө адамдарды, игло ревлексинное терепея деп коёт, ийне менен, кайсы органдар илдетке чалдыккан болсо, ошол органдардын нерв точкаларына сайылат, ийне импульс катары кетет да.

Оорулардын көпчүлүгү нерв ооругандан кетет. Нерв жакшы болбосо, ашказан ооруйт, язвага да өтүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан мен дайыма 3 чөптү бирге берем ашказанга. Мен өзүм чөп чогултпайм, диагноз коюп, анан жазып берем, дарыканадан алышат, азыр дарыканаларда бардык чөптүн түрлөрү бар, мурункудай эмес. Көбүнчө төмөнкүдөй дары чөптөрдү жазып берем:

Пустрь деп коёт, бул нерв системасын жакшыртат. Душица деп коёт, бул чөптө организмге керектүү витаминдер көп. Бака жалбырак ж.б., мына ушул чөп дарыларды ашказан, ичеги, нерв системасына суук тийгендерге берем. Тамак сиңирүү органдарына жакшы таасирин берет. Пустрь, душица – булардын баары Кыргызстанда бар. Мен көбүнчө антибиотик бербейм, чөп дарыларды берем, анча-мынча витаминдер жазылат, ийне, андан кийин массаж менен.

Бака жалбырактын жалбырагы кургатылат, жалбырагы дары. Пустрь, подорожник жалбырак-сабагы менен кургатылат ошол жерлери дары. Ичүү дозасы бир күндө эки маал болот түшкө чейинки түштөн кийинки. Бир 100 гр сууга демделет кайнак сууга чоң кашык менен бир кашык салынган чөп 30 мүнөт демделет, андан кийин тундурмасы ичилет кечке маал эки маал күнүнө болот да. Бул даарылык доза чайдай болуп ичилбейт.

Бул өсүмдүктөрдөн жасалган даарыдан баш тарткандар болдубу? Жок, эч ким, көбүнчө чөп дары менен даарыланбаган адамдар келет, көп укол алгандар.

Кайсы дарылар менен катар колдонууга болбойт? Негизи чөп дарылар катар кете берет, кошо берсе болот, мисалы, бөйрөктүкү болот, желчегонный мочагонный болот чөп дарыларды кошо берсе болот. Мындай дарылар мисалы бир дары бир органга таасир берсе, бирөө башка органдарга таасир этете эмеспи, чөп даарылар андай эмес.

Бозунач деген чөп дары бар, жүгөрүнүн чачыгы, чалкан бар. Анан көбүнчө оокат-аштан берем, өсүмдүктөн жер-жемиштен берем, туура тамактануу керек. Ооруга карата күчтүү, же жеңил оокат аштарды ичиш тигин аныктайм. Жүгөрүнүн чычыгын бышкан учурда алып көлөкө жерге кургатып алуу керек. Көлөкөгө кургатса өзүнүн сапатын жоготпойт. Аны эртең менен ачкарын 100 гр сууга демдеп ичет, ал өттүн, ичег-карындын иштешине жардам берет. Бозунач дары чөбү өт менен боорго берилет. 100гр сууга демдеп бир кашык менен салып, эртең менен ачкарын ичилет, жүгөрүнүн чычыгы менен бирге ичилет. Көк чай чөп колдонулат, сары чай чөп, каз таңдай, мать-и-мачеха. Каз таңдай бөйрөккө берилет аны дагы бир маал ичет. Өгөй эне бөйрөк менен бронхитке берилет. Булар дагы демделип ичилет.

Сары чай чөп бөйрөк, табарсыкка берилет. Көк чай чөптө көп микроэлементтер бар оргонизимге пайдалуу, бул витаминдүү чөп. Көбүнчө чөп дарыларды жазып бергенде, мына ушул көк чай чөптү кошуп жазып берем. Витамин керек адамдарга берилет. Бул чөп даарыларды канча күн ичиш керек?      Негизи бир ай ичсе болот. Бирок бир курс лечение 10-15 күн. Жакшы болгончо ичет го, булардын эч зыяны жок.

Бул өсүмдүктөрдөн жасалган даарылырдын терс таасирлери барбы? Жок, эч кандай терс таасири жок. Абдан сейрек колдонула турган дары чөп – бул уу коргошун. Муну аябай бир кылдаттык менен бербесе болбойт. Анын сууга кайната турган аралашмасы болот. Спиртке ачытыла турган аралашмасы болот. Аны ооруга жараша тамчылатат. Онкологический оорулардын 1-2 степендегилерин алдын алса болот, жаңы башталган кезде кайтарса болот мүнөздүү окат-аштарга олтуруп. Тамчы менен берилет эки тамчыдан кырк тамчыга чейин.

Чекемик чөбүн зобдорго берем, анын жалбырагынын составында 60-70% йод бар. Жалбырагын кургатып.ю демдеп ичет. 100 гр сууга бир кашык эле кошот, ал күчтүү болот, көп болуп кетсе, күйгүзүп жиберет. Тамактан кийин ичиш керек. Июль айында чогултулат, чекемик чөбүнүн сабагына йоддой болгон сары-күрөң жиптер түшөт сызык сызык болуп.Ошол учурда йоддун толуп турган кези болот. Саргайып калган кезде убагы өтүп кеткен учур болот.

Бул дарылар абдан пайдалуу.

Leave a Reply