Абдышева Жайкал,“Канча адамды айыктырсаң, ошончолук соопко каласың”

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Абдышева Жайкал, 52 жашта, Аксы району, Жаңы-Жол айылы, Жалал-Абад аймагы

Мен адамдарды көбүнчө чөп-чар менен дарылайм. Ооруган адамдардын тамырын кармап, оорусун аныктагандан кийин чөптөрдөн дары жасап беремин же өзүм терген чөптөн берип, аны качан, кантип иче турганы жөнүндө жазып берем. Анан мага келгендердин көбү эле жакшы болуп кетет. Алар дагы ыраазы, мен дагы ыраазымын. Мен, мисалы, аларды дарылаганым үчүн «мынча акча бергиле» – деп сурабайм, ар ким көңүлүнөн чыкканын берет. Кудайдын жолунда жүргөн адам эч качан «Мага мынча бересиң», – деп айтпайт. Канча адамды айыктырып жакшы кылсаң, ошончолук соопко каласың. Мындай нерсе кудайдын жолундагы соопчулук иш да. Эгерде, мага келген адамдарды кандайдыр бир себептер менен көрө албай калсам, ошол адамдын жүгү мага түшүп, мен аябай кыйналам. Ошондуктан мен келген адамдардын баарын карап, колумдан келген жардамымды бергенге аракет кылам. Мисалы, кычыткы оорусу менен ооруп келгендерди эрмен, чалкан деген чөптөрдү кайнатып жуундурам. Андай кайнатманы ичсе да болот. Ал эми темир өткү деген нерсени байлайм. Себеби, ал нерсе аябай тез көбөйөт. Бир жерге чыкса, бут дене боюнча жылып жүрө берет. Кээде балалап көбөйүп да кетет. Жанагы айыкпаган жараларды дагы «көз жара» деп коюшат, аны дагы окуп байлайм. Эгерде адам жөтөл-какал менен ооруп келсе, бака жалбыракты кайнак сууга салып бир аз демдеп коюп ичирем. Эне жана өгөй эне деген чөптү, ит мурундун ашын демдеп коюп ичсе, жөтөлү басылат. Жүрөгү ооруп келгендер болсо, бизде кызыл долоно деген өсөт, ошол кызыл долононун ашын же гүлүн демдеп ичсе, жакшы жардам берет. Айылда көбүнчө сарык менен көп оорушат, ошол сарык менен ооруп келгендерге бөру карагаттын тамырын, же болбосо кабыгын кайнатып ичирем. Ал эми бөрү карагаттын ашы болсо кан басымды түшүрөт. Жараларды айыктырыш үчүн кайындын кабыгын да колдонсо жара тез айыгат. Ашказан ооруганда же каны аз болгондо каакым деген чөптү колдонсо жакшы болот. Эми бул чөптөрдүн дарылык касиетин айта берсе, 2-3 күндө да бүтпөй турган сөз. Кээ бир ооруларды кайнак суу менен дарылайм.

Мага көбүнчө ушул жерде жашаган элдер кайрылышат. Кээ бир уккан адамдар Кичи-Ак-Жолдон, Кара-Жыгачтан, Кой-Таш айылынан келип калышат. Мен айтып кетпедимби, мен бул жакка келгениме аз эле болду деп. Ушул Тегенеден дагы көп келишет. Кудайга шүгүр, келгендер нааразы эмес. Кудай шыпаа берип, жакшы болуп кетип жатышат.

Буга деле айта берсе көп убакыт кетет, мен азыр кыскача айтып берейин. Мисалы, чачыраткы куурайды тегиз гүлдөгөн мезгилде күн көрө элек кезде жыйнап алам. Аркар от деген чөптү тээ алыскы жайлоолордон жыйнап келем. Ал чөптөр элге жакын жерде өспөйт, тээ бийик тоолордо өсөт, ошондуктан аны аркар от деп коет. Коен томук деген чөп бар. Бул бардык жерде өсө бербейт. Ал чөп бөйрөк жана аял затынын ооруларына дары. Аны дагы ошол таң эртеде жыйнаймын. Негизи эле, бардык чөптөрдү эртең менен күн чыга электе жыйнап алам дагы, кыркып-кыркып көлөкөгө кургатып, пахтадан жасалган калталарга бөлүп-бөлүп салып коем. Кээ бирин банкага салып сактап коем. Бирок банка кокустан катуураак урунуп калса сынып калат, ошондуктан пахтадан тигилген калталар эң жакшы сактагыч болуп эсептелинет.

Leave a Reply