Абдуллаева Нускайым, Бейиштин тамагы деп аталган жийде бизде да өсөт

This post is also available in: Англисче

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Абдуллаева Нускайым, 62 жашта, Аксы району, Тогуз-Булак ыйык жери, Жалал-Абад аймагы

Жаныш-Байыш-Ата ыйык жеринде булак, таш деле жок. Баягы эки баатыр өткөн жер деп, ошол эки баатырдын шейити бар. Анан ошол жерге оголе көп жийде өсүп калган. Жийде бизде жөн эле өсө бербейт. Шариатта жийдени, курманы бейиштин тамагы деп айтышат. Анан ошол көп жийделер чыгып калгандыктан мен ойлойм, демек Жаныш-Байыш-Ата ошол бейиштен орун алган деп. Бул жийделерди эч ким отургузган эмес, кандайдыр бир кудайдын керемети менен алар ошол жерге өсүп чыгышкан, болбосо жийде биздин Кара-Көлдө өспөйт.

Мөмөсү майдараак болуп калганы болбосо, ал абдан таттуу. Ал жийделерди элдер сыйынганы барганда терип кетип, бала-чакасына, тууган-туушкандарына беришет. Элде: «Кимде-ким ошол Жаныш-Байыш-Атага сыйынып, зыярат кылып, ал жерде өскөн жийденин мөмөсүн балдарына алып келип жедирсе, ошол мөмөлөргө окшоп бапырап-тапырап, өнүп-өсүп, ошол үйдө бала-чака көбөйөт», – дешет. Мен жогоруда биздин Кара-Көлдүн башка жерлеринде жийденин өспөй тургандыгын, бул жерде кандайдыр бир кудайдын керемети менен өсүп калганын айткам. Аравияда жийдеден башка өсүмдүк өспөйт дешет, ошондуктан аны бейиштин тамагы деп атап коюшкан. Ошол жийденин мөмөсүн жесе, Жаныш-Байыш-Атага сообу тийет экен. Ичи өткөн балдарга жийденин мөмөсүн жедирсе, ич ооруну басат, богок менен ооругандар жесе, айыгат. Бейиштин тамагы болгон үчүн, жийденин сөөгүн да тебелендиге таштабаш керек, аны илгерки адамдар чачпак кылып, күмүш жасалгалар менен кошуп, чачына тагып жүрүшчү. Көз тийгенден сактайт деп жаш балдардын топусунун мандайына, көрүнөө жерине же колуна байлап, же кийиминин бир жерине тигип коюшчу. Мен ал жактан көкөмерен жана башка чөптөрдү терип келип журом.

Көкөмерендин дарылык касиети абдан көп. Бул чөп да бардык жерде эле өсө бербейт. Ал ыйык чөп. Ошон үчүн мындай ыйык жерде өсүп калган болуш керек. Көкөмерен бронхит, жүрөк, кан басымы жогорулоо ооруларына жардам берет. Мен мага ушул оору менен ооруп келген адамдарды көкөмерен менен дарылайм.

Мен биоток менен дарылайм. Кээ бир адамдар биотокту айдан, күндөн алышат экен. Анан биотокту көп алып, убагында адамга бере албай калса, өздөрү дагы ооруп калышат. А кудай-таала биотокту мага өзүмө берген. Мен айдан биоток албайм, жылдыздар менен сүйлөшпөйм, биоток өзүмдүн денемде. Мына мен азыр эл көрбөгөндө муздак болуп эле турам, а эл көрүп баштаганда денемден биоток өзү эле бөлүнүп чыгат. Элдер ар түрдүү, оорусу да ар түрдүү. Кээ бирөөнүн оорусуна көп биоток талап кылынат, кээ бирөөлөр өтө ысыкты жактырбайт. А менден чыккан биоток ошол адамдын өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүп чыгат. Мен алла-тааланын ушунусуна ыраазымын, мендеги биотокту өздөрү жөндөп, адамдын алына, көтөрүмүнө жараша кылып берип турат. Кудай-таала берген ар кандай эм бар, эм менен иштейм. Анан дагы ар кандай оорунун алдына алуу үчүн күндө эртең менен эрте ачкарын бир балгам кайнатылып муздатылган суу ичип жүрсө, адам оорубайт. Ал сууну ичкенден кийин жарым саатка чейин тамак жебеш керек. Жарым сааттан кийин тамак жей берсе болот. Мындай суу менен дарылоо. биринчиден, адамдын терисин жашартат, экинчиден, баягы түнү менен топтолуп калган шлактарды, туздарды организмден айдап чыгат, үчүнчүдөн, адам өзүн абдан жеңил жана шамдагай сезет. Көрдүңбү, кадимки эле кайнак суунун касиети деле канча күчтүү. Мындай кайнак суунун дарылык касиетте мүмкүнчүлүк болсо өмүр бою колдонуп жүрсө дагы болот. Эң жакшы дарылоо ушул – бул бардык адамдын колунан келет. Мына ушундай.

Leave a Reply