Абыкеев Чолпонбек: “Кыргыз элинин жаратылышты коргоодогу улуттук өзгөчөлүгү”

Кыргыз эли дайыма табият менен аралаш жашагандыктан, экинчиден теңирчиликти (философиялык  түшүнүк) катуу кармагандыктан жаратылышты эч убакта адамдан төмөн турат деп карашкан эмес. Баардык жандуу- жана жансыз нерселер адам менен бирдей укукта, бизди курчап турган дүйнө, адамдын укугу канча болсо, алардын да укугу ошончо деп кабыл алышкан. Ошондуктан кыргыздардын жаратылышка болгон аяр мамилеси акырындан  калыптанган. Кыргыз элинде жаратылыштын айрым бир жок болуп кетүү коркунучу туулган, дайыма коргоого, сактоого муктаж болгон жаныбарларды, же болбосо жаратылыштын кээ бир кооз жерлерин өзгөчө көңүл буруп карашкан.

Өзүм малчынын баласы болгондуктан тоо арасында төрөлүп балалыгым жаратылыш менен коюндаш тоо арасында өттү.

Ушундан улам болсо керек кичинемден тээ алмустактан бери атадан балага, тукумдан-тукумга, муундан-муунга өтүп келаткан ыйман-тескөөлөрдү угуп, бойго сиңирип, анан аны аткарып өстүм. Бул жеке менин эмес кадыр эсе ар бир тоолук кыргыздын үй-бүлөсүндөгү катардагы көрүнүш. Аны ошол тоо арасындагы чөйрөдө жүргөнүмдө күнүмдүк жашоо мыйзамы катары кабыл алып, талдап, эмне үчүн андай деп талкуулабай аткара берчүмүн. Айылдык мектепти бүтүп Жогорку окуу жайын окуп дүйнөлүк цивилизация менен терең тааныша баштаган сайын “эмне үчүн” деген суроо көбөйө берди.

Алгач “делитанттык ооруу” менен ооруп дегендей кыргыздардын (өз улутумдун) айрым бир ырым-жырым, кадаа-салт, ал түгүл жаратылышка жасаган , баланын деле күлкүсү келгендей баёо түшунүк, орой айтканда билимсиз, караңгылык катары караган мезгилди да жашап өттүм.

Бара-бара дүйнөлүк философияны тереңдеп окуп, адам акыл-эси менен тереңдеп таанышкан сайын кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгү, жөнөкөй бирок терең мазмундуу философиясы таң калтыра баштады.

Мунун түбү кыргыз элинин чынында башынан нечен доорду өткөзгөн байыркы эл экендигинде жаткандыгын далилдейт.

Кыргыз эли көчмөн эл катары жаратылыш менен коюндаш бирге жашаган элдерге кирген. Кыргыздар өздөрүн жаратылышка эч убакта кожоюн эмес, тескерисинче улуу жараткандын жаратылышынын койнунда жашаган бир мүчөс ү катары караган. Айлана-чөйрөнү курчаган жандуу-жансыздын ар биринин жарыкчылыкта өз орду, өз укугу бар деп түшүнгөн. Адам укугун алардыкынан жогору койгон эмес.

Кыргыздар үчун “убал” деген аныктама өтө чоң мааниге ээ. “Бейкүнөө кумурскага зыян кылба, убалы тиет” дешет элде. Ал түгүл “чөптү да жөнү жок тебелеп-тепсеп, үзсөң убал, тийбе” дешет. Эң башкысы ушул сөздөрдү укканда ишенип, сестенип каласын да аткарасың. “Убал” деген сөздүн таасири ар бир кыргыздын көкүрөгүнө катуу уюган. Жаратылыш жандыктары, алар менен коюн-колтук алышып жашоо элибизде көптөгөн легендаларды пайда кылган. Мындай легендалардын түпкү маани-маңызы жаратылышты коргоого, алар менен тең укукта, грамонияда жашоого багытталган.

Маселен биздин улуу тоолорго келгин куш катары келүүчү аңыр аттуу канаттуу бар.

Өзү жапан, өрдөктөн чоңураак, жапан каздарча бар, ал түгүл чоң эркектери ак кууларча болот. Ак темгил кызгылт түстөгү өтө кооз канаттуу.

Бул канаттуулар биздин тоолордогу көлдөргө өтө көп уялап, балапан учурушат. Кыргыз баласы аңырга тийбейт. Аңырды ыйык куш катары карашып, төмөндөгүдөй легенда да айтып жүрүшкөн.

            “Бир пайгамбардын жалгыз уулу болот. Ал уулун көзүн карап аябай эрке өстүрөт. Чоңойгондо өзү алам деген кызды алып берет. Тилекке каршы келини өтө тилдүү чыгып кайын энесине да, кайын атасына да күн көрсөтпөй ачуу тили тиет. Мындай күйүткө чыдабай баланын энеси кайтыш болуп калат. Кайын энеси өлгөндөн кийин келин ого бетер күчөп кайын атасын кодулай баштайт. Ошондо чыдаба            й кеткен пайгамбар кайнатасы: “Ушу сен дайыма эле каяша айта берчү болдун, деги айтканымды аткарбачу болдуң, ушу сен аңыр болуп аңкылдап калчы” деп каргап койгон. Мына ошондон кийин ал келин аңырга айланып, аңкылдап учуп кеткен. Ошондон бери кайнатасынан кечирим сурап, сыздап, үн салып учуп жүрөт дейт. Бул аңыз кеп, легенда, притча.

            Мунун түпкү маанисинде анырга тийбесин деген улттук философия жатат. Эмнегедир тоолуктардын көкүрөгүнө ушул легенда катуу уялагандыктан аңырга тийүүгө батынбайт. А биз кичине кезибизде “Аңыр адам болгон, пайгамбардын келини болгон” деген сөздү бала кезибизден  жомок катары угуп жүрүп, ушундай түшүнгөндүктөн, бул аңырга дит багып тийбей калганбыз. Кыргыздардын адам катары караганынан улам, анын этин жегенге дити барган эмес. Ошондуктан кыргыздар тийбегендиктен кыргыздардын жайлоолорунда аңырлар көбөйүп кеткен. Кичинекей аңырдын балдарын сөөлжан, курт берип бакчубуз. Бирок тийчү эмеспиз. Алар чоноюп учуп кеткенге чейин карамжылап, карачубуз. Кийин чоноюп учуп кеткенде кубанып калчубуз. “Аңыр он, жыйырма балапанын учуруп кетти. Ушунча балапанга жардам кылдык” деп эрдик катары кабыл алчубуз.

            Кийин биздин тоолорго башка улуттун өкүлдөрү көбүрөөк келип, өзгөчө орустар аңырды атып алып бышырып жеп жатканын көргөндө дене боюм дүркүрөп карап турар элем. Аңыр жарыктык өтө бае куш болот. Үй ордундай кичинекей көлчүк болсо деле ошол жерге жумуртка тууп, балапан басып чыгара берет. Анан аны эртең эле кишилер кармап алып, жөн эле жок кылып койсо болот. Бул куш анын үстүнө адамдан да көп корко бербейт. Өзгөчө кыргыздардын жайлоосунда булар көп мекендеген дагы, адамдан дээрлик коркушкан эмес, себеби, кыргыздар аларга эч качан зыян кылган эмес. Бул куштун  аңкоо экенин көргөн кыргыздар жок кылбай сактап калышы үчүн жогорудагы легенданы ойлоп чыгарганын азыр-азыр түшүнүп, элибиздин улуулугуна таңданып жүрбөймбү. Бир окуя эске түшөт.

            Аңырты деген ушул куштун атынан коюлган жайлоо бар. Төрт-беш чакан көлмөлөрү бар. Ошого жыл сайын көптөгөн аңырлар келип,  балапан чыгарат. Күндөрдүн биринде бир орус келип эки аңырды атып алыптыр.. Иним экөөбүз көрүп калып, баланча көлчөгө балапандаган эки аңырды орус атып алды деп атама чапкылап келдик. Атам атына минип чапкылап, оруска барып орусчалап ойда көпкө урушту. Анда орусча түшүнбөйм. Аңгыча башка тегеректеги малчылар да чогулуп келип калышты. Алар да атамды жактап орусча билгендери чурулдап жатышты. Ошентип орусту кууп жиберишти.

            Кечинде апама атам: –  “Экинчи биздин жайлоого келип аңыр атсаң, өзүңдү атып салам” – деп урушканын айтып берди.

            Эмне айткым келет: Көрсө бул кушка болгон аео сезим кыргыздардын канына сиңген. Жогорудагы легенданын чын экенине бала кезинде ишенип чонойгонун менен чоңоюп турмушту түшүнгөндө ишенбей деле каласың. Бирок, сезимдеги аёо өмүр бою өчпөйт.

Кыргыздарда боорукерлик өзгөчө өнүккөн. Анан аңыр сыяктуу жапа чегип калгандарды кыргыздар боор ооруп карашкан. Мисалы кудайчыга кыргыз аябай өзгөчө мамиле жасайт. Илгери кыргыздарда эмне үчүн “Мээрим үйү” (дом милосердия) болгон эмес, себеби, байкуш болуп оорулуу болуп калган адамды кыргыздар айылы менен багып алган. Бир урууда колу буту мунжу болгон адам бар болсо, ошол уруу аны баккан. Анан бул аңыр болуп калган үчүн бул жараткан тарабынан жазасын алды, жазасын алгандан кийин буга боор ооруш гана керек. Аны жазалаштын кажети жок. Экинчиден ыйык куш делип калган. Ал аңыр күнөөсүн мойнуна алып, аңкылдап ыйлап, “Мендей болуп калбагыла” деп ыйлап жүрөт деп түшүнүшкөн. Тескерисинче аялдарга “силер тилиңерди узун кылбагыла, кайнатанарга акаарат сөз айтпагыла, себеби мендей болуп каласыңар” деп айылдын үстүнөн аңкылдап учат. Аңыр аңкылдап учуп баратканда биздин ата-энелерибиз тили узун келиндерге “Эй, эй кара аңырды, аңырдай болуп калба” деп айтып турушкан. Ошондуктан ал ыйык кушту коргошкон. Философиялык жагы ушундай. Ал эми түпкү маанисинде муну бир акылдуу адамдар ойлоп чыгарган. Мен айткан чечмелөө эч кимге айтылган эмес. Аны мен кийин чоңойгондо, деңгээлге жеткенде өзүм чечмелеп түшүндүм.

Кыргыздарда мындай айрым бир канаттууларды же жаныбарларды коргоого алган мисалдар өтө көп. Ошолордун баардыгы жөн жерден чыккан эмес. Түбүндө терең мааниге ээ. Кыргыздарда жандык болсо эле атып, этин жей берүүгө болбойт. Кайсы жаныбардын этин жей бериш керек, кайсы жаныбардыкын жебеш керек экендиги так аныкталган. Муну элибиз катуу сактайт.

Маселен суур аттуу жандык бар. Суурдун этин кыргыздар жешкен эмес. Башка улуттун өкүлдөрү жей беришет. Суурду дагы башында адам болгон деп коюшкан. Ууру адам болгон, уурулук кыла берип, ар кай жерге оокатын ката берип, этегинде бир бечаранын акыркы тамагын уурдап кетет. Үнкүргө алып барып катып салат. Тигил бечара көп балалуу болот. Ошол балдары ачка отуруп ыйлаганда, энеси: “Сен ошол үнкүрдөн чыкпай аңкыштап ышкырып кал, мендей болуп боздоп кал!” деп каргайт. Каргаганда суурга айланып, ийинден чыкпай көп бала тууп, аңкыштап ышкырып калганы ошондон деп айтышат..  Түпкү маанисинде суурду кармап алыш оңой. Ийнине кылтак салып койсоң эле түшө берет. Кыргыздар ушинтип коргобогондо кыргыз жеринде суур жок болмок. Ошондуктан анын этин жешкен эмес. Биринчиден бул жерде суурду кармабай тим коюштун мааниси жатат. Экинчиден суур өзү төрт же беш эле ай жарыкта болот. Калган убагында дайыма уктап жатат. Ал уктаган жаныбарга кирет. Мен кийин илимий китептерди казып окуп чыктым. Уктаган жаныбарга киргендиктен кан айлануусу аябай жай болот. Ал эми кан айлануусу аябай жай болгон жаныбарларда жугуштуу ооруулар көп болот. Мисалы аюуда, кашкулакта, өзгөчө алар рак ооруусун, жараларды көп жуктурушат. Өздөрү рак ооруусу менен оорубайт. Анткени алардын каны жай айланат да. Ал оору жай айланган канда жүрүп отуруп, ооруунун микробу кайра айланып жеткичекти, жашы деле картайып кетет. Ал эми адамда болсо кан тамырында бир эле күндө айланып келип, кайра көбөйтө берип, анан чоңоюп кетет. Ал эми алардыкы болсо бир жылда бир айланып келет. Ошондуктан,суурдун этинен ооруу жукпасын деп жедирткен эмес, кыргызда. Бул тубаса илим, табияттан алынган кыргыздардын акылдуулугу болгон. Бир жылы жайлоого барсам, кыргыздардын айрымдары да суурдун этин жей башташыптыр. Атам менден сурап калды, “Кана балам, сен көптү окудуң, билимдүүсүң, айтчы, биздеги малчылардын айрымдары сырттан келгендерге кошулуп, суурдун этин жей башташты, ушул туурабы?” “Окуп изилдеп келип айтайын” деп, окуп, баарын изилдегенден кийин, “Суурдун этин жебегиле, кыргыздар эмнени жеп келатса, ошол тамакты жегиле, кыргыздар эмнени кылымдардан бери жебейбиз, ошону жебегиле. Себеби кыргыздар миндеген жылдар бою, табигый процессте изилдеп, үйрөнүп келишкен ” – десем, “Ой баланча ушул суурдун этин жеп эле, семирип жакшы болуп жүрөт” – деп айтып калышты. “Ушул жакшы болбойт” дедим. Ошол суурдун этин жеген үч киши рак оорусунан каза тапты. Бирөөсү 57 жашында, бири алтымышка жетпей, бири кырк жашында эле өлүп калды.

Кыргыздар миндеген жылдар жаратылыш менен коюндаш жашап жүрүп, эмнеге кандай мамиле жасаш керекти так аныктап коюптур. Ата-бабабыз эмне мурас калтырса, ойлонбой туруп аткарышыбыз керек. Себеби, аны алар миңдеген жылдардагы жашоо тажрыйбасынан өткөрүп, кабыл алышкан.

Ага ишенбей билимдүүсүнүп, илимий жагын текшерейин десем жогоруда мен суурду мисал келтиргендей чындык баары бир аталар тарапта болуп чыгат.

Кыргыздар эмнени болсо да чегинен ашпоону тутунушкан. Маселен кийиктерди кыргыздарда  токсон тогузга чейин атканга гана салты уруксаат берет. Андан ары жүздү атканга уруксаат жок. Токсон-тогузду атканда тоңко турат деп коет. Андан кийин жүз бирге чейин атасың дагы, андан кийин эликтин арбагы, кайберен эненин каргышы, кусуру ура баштайт дейт. Буга далил “Кожожаш” эпосу бар. Кийиктин улагын атпа дейт, жазында боозун атууга тыюу салат. Болбой улак аткандарды эскерткен “Карагул ботом” аттуу поэма бар, анда кийиктин улагы экен  деп кийик тон кийип таш  түбүнө уктап калган өзүнүн жалгыз баласын атып алган мергенди баяндайт.

Ал түгүл тоо кийиктеринин асыл тукумдуулугун сактаганга түрткөн дагы бир легенданын сырын түшүнгөндө эс оогончо таңдандым.

Кыргыздар ар бир жандуу-жансыздын, жердин, суунун, жандыктардын ээси бар дешет. Кийикти “Кайберен эне” деп аташат. Текелердин, кулжалардын арасында жондорунда ак ала тагы бар өтө чоңдору болот. Көрсө ошол асыл тукумдарды атпагыла дегени турбайбы. Муну табышмактатып, “Ала жон кайберендердин менчиги, Кайберен эне аларга туз жүктөп келип, кийиктерге чачып турат, өздөрү да ушуларды минип жүрөт. Ошондуктан жондору жооруп, ала жон болуп калган” деп коюшат. Аны жөн эле атпагыла десе “Эмнеге атпайт элем” деп ата берет да. “Анын жону жооруп, ошондон улам ала жон болуп калган, ал дайыма туз артып келип жүрөт, сен туз арткан кийигин атып алсаң сени каргап коет” дейт. Анан ошондон коркушуп, ала жондорду атпай калышкан. Мен кийин кийикти аралап жүргөндө дүрбү салып карасам, бүт ала жондордун эчкиси да, текеси да чоң-чоң болот экен. Кыргыздар ушундай жолдор менен асыл тукум чоң-чоңдорун аттырбай, майда-чүйдө начарларын аттырткан. Бул терең жеткен укмуш генийлик. Ушундай акылмандуулук жолдор менен кыргыздар жартылышты коргогон.

Мен көп нерселерди байкадым. Кыргыздарда мыкты жерлерди “Ыйык жер, мазар, бул жердин ээси бар” деп коркутуп тийгизишкен эмес. Бул ээси бар деген кыргыздын жерлеринин баары кооз, коргоого муктаж жаратылышы ажайып жерлер. Жапан талдар, теректер өскөн жерлерди мазар деп аташып, терегин кыйбаш үчүн, өрттөбөш үчүн ошондой ишенимди киргизишкен. Жок болуп кетпесин, көбөйсүн деген мааниде, мазар ыйык жер деп койсо, кыргыздар тийбейт. Булактын башында өскөн теректерди кыйдырбай, муну кескилеп отун кылып салбасын, же болбосо үй курулушуна кыйып албасын деп, ушундай жолдор менен коргоп калышкан.

 Кыргыздарда дайыма жаратылыш менен сүйлөшүү мамилеси бар болгон. Кадимкидей жаратылыштын жансыз катарында карабай, жандуу катарында карап, аны менен тыгыз байланышта болгон. Мамилелеш болуп,мамиле түзгөн. Бирок азыркы күндө кыргыздардын философиялык түшүнүктөрү кеңири ачылбай келе жатат.

Суунун жээгинде жашаган кундуз деген жаныбар жок болуп кетти. Кызыл китепке кирген, бирок, киргенине карабай жок болуп кетти. Кундуз өтө ыйык жаныбар, адам катарында баалашып, кундуз бар жерде элүү кундуз болобу, жуз кундуз болобу болгону эки же үчөөнө гана уруксаат берилген. Андан бөлөк кармаганга уруксаат берилген эмес. Каргап салат деп коркушкан. Кундуздар өздөрү карган кундуздарды жээкке чыгарып салышкан. Карыган кундуздар камыштын четине чыгып, көзүн жумуп жатып калган. Ошолорду алганга гана уруксаат берилген. Кундуз бар жер – ырыскынын жери деп айтылган. Кундуз бар жерге келип, сыйынып, зыярат жасап кеткен адам байыйт дешкен. Мал жукпай, байлык жукпай кыйналгандар кундуз бар жерге келип зыярат жасап кетсе, байышкан. Балалуу боло албай жүргөндөр ошол жерге келип балалуу болушкан. Мисалы, күйөөгө тие албай жүргөн, кара далы кыздар келип ошол жерге сыйынса, күйөөгө тийишкен. Ушинтип кундузду, ыйык, өзгөчө жаныбар катарында карашкан. Кийин кундуз такыр жок болуп кетти. Мындан бир  жети-сегиз жыл мурда Таласта Миң-Булак деген айыл бар, ошол жерге кундуз пайда болуптур деп уктум эле, кийин кайра тактасам, кээ бирлери көрүп, анан кайра жок болуп кеткенин угуп калдым. Кундуздун пайда болгонунун өзү, кыргыз элине кайра ырыскынын келгенин билгизмек. Бул деген ушундай касиети бар жаныбар деп сакташкан. Ошондой жол менен коргоп, сактап келгендиктен, миңдеген жылдар бою кундуз жоголбой кыргыз жеринде жашап келген. Мен өзүм кичине чагымда Көл-Үкөк деген көл бар, ошонун астында саз бар. Ошол саздан таекелерим мени алып барып кундузду көрсөтүшкөн. Анан кечинде жатып алып, айдын чыгышын күтүп жатканбыз. Кундуз жарыктык кишидей ойногон неме болот экен. Арс чычкандан чоңураак, суусардан кичине кичрээк. Ушундай жүнү тим эле кулпуруп турат. Айдын жүзү тим эле тоголок болуп турганда көргөнбүз. Бул жарыктыктар кыз алып, кыз беришет. Мисалы эки буту менен басып алып, үч-төрт кундуз кызы бар жакка барышат. Айдын жарыгында таякем болуп аңдып жаттык. Ал киши мергенчи эле, мен алты жашар баламын. Анан тигине төртөө барды эми кыз алып келет дешти. Тигил жакта болсо он чакты кундуз карап турду. Кара саздын жээги кундуз ары-бери өтө берип тапталып жол болуп калган. Ошол жолдун ар жагында он чакты кундуз, эки буту тике туруп карап турушат. Анан тигил жактан төртөө келди. Төртөө келгенден кийин  ал жактан бир кундуз кошулуп,  экөө атыга чыгып, кетип баратат. Төртөө анан ал жактан дагы үчөө кошулуп барышты. Көрсө кызды жеткирип баратышыптыр. Бери жактагылары тигилерди күтүп турду. Бери жакка жеткенде, берки жактан дагы башка кундуздар келди. Анан баары кошулуп алышып, ары жагында талаа бар экен, ошол жакка чыгып алышып, аябай оюн курушту. Эми укмуш кооз көрүнөт экен. Жалт-жулт, жалт-жулт эле дейт. Чай-чуй деп үн чыгарышып, ушундай секирип ойношту. Көрсө булардын кыз-оюн дегени ушул экен. Өндөрү каралжын-күрөң түстө болот дагы ушунчалык жүнү сыйдаң келет. Ушундай жарыктык бир керемет жаркылдайт экен. Ошолорду кийин башка улуттун өкүлдөрү келип талкалап салышты. Азыр дүйнө-жүзү боюнча кундуз жоголуп кетти болуш керек. Мына ушундай кундуз сыяктуу жаныбарлар кечээки эле башка улуттун өкүлдөрү басып кирип келгенге чейин миңдеген жылдар бою жашап келгенинин башкы себеби, табиятты ыйык деп кармаганыбыздан. Таятамдан сурап калдым. “Кундуздан канчоосун кармадыныз?” –десем, “Менин кармоо мүмкүнчүлүгүм бүткөн,  илгери бирөөлөрдүн суранычы менен үч кундуз алгам. Болду эми мен андан ашык кармабайм. Андан ашык кармаганга болбойт мага” деп айтып калчу. Кундузду менмин деген байдын кыздары гана суусардын терисин жака кылып, анан жээгине ичке кылып кундуздан кыйытып алып кийишчү.  Мына ушул ичке кыйытылган кундузду дагы кундуз жака деп атап калышкан. Кыргыздын артыкчылыгы менен миңдеген жылдар бою кундуз сакталып келген.

Жаратылыш менен гармонияда  жашоонун эч жерде жазылбаган ата-салттык мыйзамдары бар биздей элдер дүйнөдө аз болсо керек.

Кийин кыргыздар динсиздикке, материалисттик, реалисттик идеяда жашап, табият деген таш, ал эч нерсе эмес, аны каалашынча талкалай берсең болот деген түркөйлүккө өткөндөн баштап, баардыгы талкаланды. Техногендик цивилизация адам баласын эсиртип, көптүрүп, жаратылышка текебер мамиле жасатып, өзүм билем дедирип, Кудайын таанытпай таштады. Адамдар баарына мен кожоюнмун, эмне кылсам өзүм билем . Каалаган жандыкты атам, каалаган жеримди бузуп курулуш курам дей баштады. Ыйык нерселерибиздин бардыгы талкаланып жок болду да, эми аларды кайра калыбына келтирүү үчүн, башка жолдорду, башка ишенимдерди табышыбыз керек. Мисалы кайсы бир кылымдарда жаратылыш жок боло баштаганда, талкалана баштаганда ушундай ыйык жерди коргоо, ишенимдер менен жашоону ойлоп табышкан дагы жаратылышты сактап келишкен. Эми биз дагы ушундай доордун кыйчалыш жерине келдик. Эгерде биз дагы жаратылышты сактоонун дагы бир жолун таба албасак, анда биз жаратылышты жок кылып алабыз. Бул жол мыйзам болбош керек, мыйзам бул адамды мажбурлоо, мисалы “сен бул жаныбарды атпа, атсаң баланча жылга кесип жиберем” деген сөздүн аркасында, “эч ким көрбөй калса, кармалбай калам, аны эч ким көрбөгөндөн кийин далилдегиче качан” деген ой турат да. Ошондуктан адамды мажбурлоо жолу менен эмес, адам өзүнүн жүрөгү, ыйманы менен коркуп жасабай турган жол таап жетишибиз керек. Мурунку кыргыздардын жаратылышты сактоо эрежеси ошондой болуп жатпайбы. Адам өз эрки менен жаратылышты коргоп, аны ыйык деп санап жатат. Кыргыздар өзүнүн жеке каалоосу менен, алар кимдир бирөөдөн корккон жок. Ал ички дүйнөсүнөн анан жогорку кудайдан гана коркот. Адамдын жан дүйнөсүнө, жүрөгүнө кирсек, ошондо гана жаратылышты толук сактаганга жол ачылат. Азыр жаратылыштын биринчи жырткыч душманы адам баласы болуп калды. Мунун түбү акыры жакшылыкка алып барбайт деп ойлойм.