Сыйдалиев Төрөбек: Доңуздун майы

[Бул интервью 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Сыйдалиев Төрөбек, 77 жашта, Аксы району, Жаңы-Жол айылы

Бул жерде кекиликтер аябай көп. Жаныбарлар суусаганда, Талдуу-Булакка чейин келип калышат. Бул жерде элдер жашашат. Ал эми кышында болсо, кар оор түшөт. Ошондо жем издеп, айыл аралап деле келип калышат. Анан түлкү бар деп угам, бирок өзүм көрө элекмин. Коен бар, аркы жайлоо жагында карышкыр да бар деп айтышат. Чөө бар экен. Илгери элик болчу экен. Эликтин чакыргандары угулуп турчу экен. Азыр эми бул жерде эл көбөйгөндөн бери алар дагы алыстап, тоо аралап качып кетишти. Адамдар дагы эликтерди жөн койбой, эти дары деп атып жиберишпедиби. Эми азыр бул жакта Баатыр деген жигит үй салып жатат дейт. Ата-бабалары илгери ошол жакта жайлаган да. Эми алар ошол жерде жашап калса, калган-каткан жаныбарлар дагы тоо аралап качып кетишетпи дейм. Жапайы жаныбарлар адамдын жытын алыстан эле сезет. Илгери биз ал жакта жайлоодо жүргөндө жапайы донуз деген көп болчу эле. Ал жакта жаңгак көп өсөт, доңуздар ошол жаңгактарды жакшы көрүп, көп келишет. Азыр доңуздар деле жок болуп кеткен.

Доңуздун майын суук тийген, кургак учук, көк жөтөл, муун оорууларына жакшы дары деп колдонуп жүрүшөт. Бизде кыргыздарда кары-картандар доңуздун этин арам деп жешпейт, а жаштар тетирисинче дары болот деп жакшы көрүшөт. Донузду атып келишсе, биздин ата-энебиз: «Казан-табагыңарды аралаштырбагыла, бүт арамдайсыңар. Доңузуңарды башка жактан жеп келгиле», -деп, үйгө жакын жолотчу эмес. «Донуздун этин жесең, күнөө болот», – деп айтышчу эле. Азыр ошол донуздар деле жок. Мына ушундай.

Leave a Reply