Сейткулова Сергил: Жаныбарлардын алыстап кетиши

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Сейиткулова Сергил, 63 жашта, Аксы району, Жаңы-Жол айылы, Жалал-Абад аймагы

Кара-Жыгач мазары деп аталып калганынын себеби, ал жерде абдан бир чоң кара жыгач дарагы өсөт. Анын түбүнөн чоң булак чыгып турат. Бул дагы бир кудайдын керемети менен чыгып калган булак да. Болбосо ал жер – тоо. Зыяратчылар ошол булак менен Кара-Жыгачка сыйынышат.

Негизинен ал жерде кара жыгачтан тышкары ак теректер көп. Жапайы алча, караган, бөрү карагат, кызыл долоно деген көп. Бир түп шаа тыт бар. Жапайы алмалар көп оскон. Ал жер токой. Алча менен алмалары жөн эле мөлтүрөп, шагын көтөрө албай. ийилип араң турат. Ары-бери өткөн элдер ошол жемиштерден жеп, куран окуп коюп кете беришет.

Жайкысын ал жерге элдер жайлоого чыгышат, чатырларды тигип алып ошол жакта жайлашат. Ошол себептен жапайы жан-жаныбарлар ал жерлден алысыраак качып кетишкен. Ал эми күзүндө эл кыштоого көчүп кеткенде, түлкү, чөө, кашкулак, коендор жүрөт дешет. Менин укканыма караганда, мурда бул жерде эликтер да болгон экен. Азыр эми, карабайсыңбы, эл көбөйүп, тоо-ташка чейин там салып келип калышпадыбы. Кара-Жыгач мазары жайгашкан тоонун түбүнө чейин азыр эл там салып алган. Эл жашаган жерде жапайы жан-жаныбарлар жашабайт да. Ошол үчүн алар тажап кетишти. Мына ушундай.

Leave a Reply