Рыскан, Талас шаары

This post is also available in: Англисче

[Бул интервьюлар Талас  аймагында 2007-08-жылдары Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Талас аймагындагы Айгиненин талаа изилдөө тобунун мучөсү Осмоналиева Алина Талас шаарынын тургуну менен

Рыскан эже (аты өзгөртүлдү) менен болгон маегинен:

– Саламатсызбы? Сиз бул жерде чөп дары сатып отурасыз, а өзүңүз чөп өсүмдүктөрүн кургатып дары-дармектерден жасай алсаңыз керек?

– Жок, мен эч кандай дары жасай албайм. Бул жердеги дарылардын көпчүлүгүн жолдошум жакшы билсе керек.

– Бул жерде чөп өсүмдүктөрүнөн тышкары жаныбарлардын майларынан да сатылып жатса керек?

– Ооба, жаныбарлардын майларын да сатабыз.

– Кандай жаныбарлардын майлары бар, алар эмнеге пайдаланылат, кандай ооруга колдонууга болот?

Каздын майы – күйүккө,

кашкулактын майы – геморройго,

иттин майы – бронхитке,

чычырканак ашынын майы – женс. жакка,

балыктын майы – сөөктөргө

Андан тышкары дагы гемморойский мазь деген бар атайын. Негизинен бизде ушулар.

Leave a Reply