Надырбекова Анаркан: Кирпинин эти

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Надырбекова Анаркан, 57 жашта, Аксы району, Тегене айылы, Жалал-Абад аймагы

Кирпинин эти

Жапайы жаныбарлардан азыр бул жерде адам жебеген эле жаныбарлар калды окшойт. Түлкү, чөө бар, эл көчүп кеткенден кийин карышкырлар келип калат экен. Мурда бул жакка элдер келе электе, бул жерде жапайы донуздар аябай көп болчу. Анан ал убакта Таш-Көмүрдө орустар көп болчу да, алар доңуздун этин жакшы көрүшөт го, атып жеп жок кылып жиберишпедиби. Ал убактарда кыргыздар: «Донуздун эти арам. Доңуздун этин жеген киши тиги дүйнөдөн тозокко түшөт», – деп жешчү эмес да. Азыр кыргыздарың деле орустан өтүп калган, колуна тийгенин жейт. Мурда, кирпи дагы болчу экен. Азыр ал деле жок, аны деле кирпинин эти дары экен деп атып жок кылып жиберишти. Анан могу Бозбу-Ата тараптан эликтер суу ичкени келип калчу, эми азыр элик тургай, анын аты-жыты жок. Адамдардан коркконунан тээ алыс эл жетпеген жерлерге безип кетишти да.

Мен өзүм кирпинин эти эмнеге дары экенин билчү эмес элем. Анан бир күнү кайнимдер Кызыл-Жардан бери карай келе жатып жолдон кирпи көрүп калышыптыр. Анан машинасы менен кууп отуруп, байкуш кирпини кармап жетип келишпедиби. Ал байкуш дагы жан айласы кылып булар машинадан кармайбыз деп түшкөндө, найзасы менен атыптыр. Анан алар кантип кармаганын билбейм, түн бир убак болгондо кирпинин найзаларын шалдыратып эле, сулкуйтуп көтөрүп кирип келишти. Анан өзүлөрү ашканага кирип алып өздөр менен өздөрү болуп жатышкан, биз жатып уктап калганбыз. Эртең менен турсак: «Кирпинин этинен жегиле, дары болот» – деп, бизге дагы калтырып коюптур. А мен озу андай жапайы жаныбарлардын этин жей бербейм, озум бир маал намаз окуйм да. Анан балдар жеп алышты. Ал кирпинин эти суук тийгенден пайда деп айтышат. Мен озум колдонбогон учун аны так билбейт экем. Анан донуздун майын болсо, бала-чака жотолуп калганда мен деле балдарга бере коюп журом. Азыр донуздун майы, иттин майы деп эле базарда жайнап кетпедиби. Ал жерден бары-жоктун баарын табасың.

Leave a Reply