Мамыров Нурлан: Жаныбарлар менен дарылануу жөнүндө

This post is also available in: Англисче

[Бул интервьюлар Талас  аймагында 2007-08-жылдары Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Талас аймагындагы Айгиненин талаа изилдөө тобунун мучөсү Осмоналиева Алина Талас районундагы Таш-Арык айылынын тургуну

Мамыров Нурлан менен болгон маегинен:

Көк баканы өзгөчө рак оорусуна, же болбосо тамак оорусуна каршы пайдаланууга болот. Кыргыздарда “көлдөлөң” деп да айтылып жүрөт тамагы шишип кеткенде, же ички организдерге жара чыкканда колдонууга болот. Мен тек гана кадимки кургак баканы колдоном. Аны кургатып, ундай кылып элеп алып, аны гайморит оорусуна каршы колдоном.

Баканы эрте жаз алдында, чөп жытка келе электе кармаш керек. Негизи как кургагандан кийин өзүнөн өзү эле майдаланып калат, бирок ошону дагы жакшылып майдалоо керек. Аны ундун майдаланган формасына чейин алып келиш керек.

Кайсыл гана дарт болбосун анын карама-каршысы бар. Кандай оору болбосун эң алды анын ысык-суугун чыгаруу керек. Эгер толугу менен терс таасирин тийгизе турган болсо анда шишип чыгат, же болбосо кескин түрдө ал адам баса албай ордунан тура албай калат. Оорунун ысык-суугун чыгарбай туруп, билбеген препаратты колдоно берсе жакшылыкка алып келбейт.

Чычырканактын майын көбүнчө ашказанга, боорго, бөйрөккө кезек-кезеги менен. Аны деле көпчүлүк убакта ысыкчылык өтпөгөн убакта колдонуу керек. Чырканактын майы суук болуп эсептелинет.

Ысык оору болсо жылкынын этин колдонууга болбойт. Же болбосо эркек малдын этин, сүрсүгөн этти, майлуу тамак, куурулган тамак ачуу тиет.

Эмчек сезгенгенде коендун терисин жылуу кезинде тартса да жакшы натыйжа болот. Аны 3-4 сааттай тартуу керек. Канчалык терини тартуу керектиги шишикке жараша болот. Жаңыдан шишик басканда тартса, бир эле коендун териси менен айыктырууга болот. Ал эми өтө өтүшүп кеткен болсо, анда 3, 4 коендун терисин тартууга туура келет. Катып калган тери эч кандай таасир бербейт. Кандай гана болбосун коендун териси көкүрөк оорусуна миңден бир жакшы жардам берет.

Мен көпчүлүк убакта сүлүктү колдоном. Аларды Жамбылдан алдырам. Негизи сүлүк Таласта атайын жокко эсе. Көпчүлүк убакта бузулган канга колдоном. Мисалы, бузук канды чеккенге болбойт. Андан адам чыйрыкса гангрена болуп кетиши мүмкүн. А сүлүк эч кандай гангренага алып келбейт. Сүлүк менен дарылоону дээрлик октябрдан баштап, мартка чейин колдоном. Биз колдонгон сүлүктү “жылкы сүлүк” деп аташат. Бул сүлүктүн өзгөчөлүгү таза канды деле соро берет. Кандын сапатына деле карабайт. Орозодон кийин мага Жамбылдан 7 сүлүк келиши керек. Бирок, анчалык деле мага каны бузулгандар көп келе бербейт. Ошентсе да менде болот. Былтыр кыштан кийин 7 сүлүк да жетпей, январдан кийин дагы сүлүк алдырган болчумун. Сүлүктү идиште, сууда сактайсың. Азыктан ага кан гана керек. Кандан кичине тамызып коюп бага берсең болот. Эң башкысы аларды жылуу жерде сактоо керек. Жылуулукту сактабаса алар бат эле өлүп калышы мүмкүн.

Эгерде адам учук оорусу менен ооруп кала турган болсо, көбүнчө чочконун майы сунушталат.

Иттин майынын билинбегени менен касиети өзгөчө күчтүү. Итиин майын ичишет. Өпкөгө.

Муундарга кашкулактын майы жакшы, же болбосо кан тамырлар ичкерип кеткенде жардам берет деп угам.

Мен өзүм акыркы убакта карышкырдын өтүн колдонуп жатам. Бул нерсе эмгекти көтөрөт. Баланын эмгеги ылдый түшүп кеткенде чоң жардам берет. Эмгеги өтө төмөн түшүп кеткен болсо, баланы итий оорусуна алып келиши мүмкүн.

Leave a Reply