Кадырматов Нурбакас: Балыктын түрлөрү биздин аймакта

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Кадырматов Нурбакас, 41 жашта, Таш-Көмүр шаары, Жалал-Абад аймагы

Бул жердин климаты өтө татаал. Мурда, Таш-Көмүр ГЭСи курулганга чейин бул жерде шумдук катуу шамал болчу. Кышында шамалдын катуулугу жаш бала эле эмес, чоң-чоң эле адамдарды делдеңдетип айдап кетчү. Калың кийинсең дагы муздак шамал ичи-койнуңа кирип, үшүтүп жиберчү. А күзүндө соккон катуу шамал көзүңө, оозу-мурдуңа кум киргизип, көчөдө баса албай кыйналчусуң. Айтор, шамал болуп жатканда көчөгө чыгыш тозок эле. Бирок ошого карабастан тиричилик кыласың, шамалдан коркуп үйүңө жатып алсаң, оокатың өтпөй калат. Жайы болсо, бул жер таштуу жер болгондуктан, 40 градуска чейин ысып, ал тургай андан да өткөн убактар болгон. Биз да ушундай татаал климатка бышып, көнүп бүткөн элек. Чиркейдин бети курусун, ал жөнүндө айтпай эле коеюн, түнү менен уйку жок, чиркейлер менен алышып таң атырчубуз. Кудай жалгап, Таш-Көмүр ГЭСи курулгандан кийин, кышында адамдарды учурган шамал деле токтоп, күзүндө көзүбүзгө, оозу-мурдубузга кум деле кирбей, оңуп эле калбадыкпы. Жайы дагы деле ысык эле болот, бирок эшиктин алдында бак-дарактарды өстүрүп алганбыз, дарактын арасында анча деле ысыкты сезбейсиң.

Ушундай шартта бул жерде талаа жаныбарларынан карышкыр, түлкү, кирпи, коен, кекилик дегендер бар. Ал эми үй жаныбарларынан негизинен мурда эчкини гана кармашчу. Себеби, эчкилер дал ушул биздикиндей таштак, ысык жерде жашай берет экен. А кой жандыгы мындай шартта жашай албайт. Жалпысынан бул жердегилер эчки багышат, анан анча-мынча уй да кармап калышкан. Канаттуулардан тоок, үндүк багылат.

Союз убагында аскер заводу иштечү. Ошол убакта 3 гана жерде ушундай завод болгон экен: Украинада, бизде, дагы бир жерде. Ал заводдо уран иштетилгендиктен, урандын калдыктары учуп чыгып, биздин экологияга чоң зыян келтирчү. Ал убакта чымчык деген бул жерде такыр болгон эмес. Өсүмдүктөр дагы бул жерде жакшы мөмө берчү эмес. Адамдарга дагы зыяны тийип, заводдо иштегендердин чачы түшө баштаган. Ушул заводдун кесепетинен көп өсүмдүктөр өсө албай, жан-жаныбарлар бул жерди байырлабай калышкан. Союз бузулгандан кийин завод да банкрот болуп иштебей калды. Азыр бул завод иштеп жатат, бирок элге, жаратылышка зыяны жок, таза продукция чыгарып жатат. Ошондон тартып чымчыктар да келе баштады. Биз биринчи жолу күкүктүн үнүн укканда таң калганбыз. Крокодилди элестеткен тообуз бар, ошол тоодон күкүк сайраган. Азыр кудайга шүгүр, чымчыктын бардык түрү бар. Атүгүл бир ишкер балабыз, кайдан алып келди билбейм, страусту, балыктын түрлөрүн алып келип, дал ошол заводдун жанында жайгашкан жерде өстүрүп жатат.

Шаарды тең ортосунан бөлүп, Нарын дайрасы агып өтөт. Анда мен билгенден форель, маринка бар. Бул балыктар икра таштаган мезгилинде балык уулоого тыюу салынат. Белгилүү бир мөөнөттө гана балык кармоого уруксат берилет. Биздин Таш-Көмүрдө форель балыгына суктангандар абдан көп. Өзгөчө Ош, Жалал-Абаддан келген коноктор форели бар кафелерге барууну самашат. Алар: «Силер кандай бактылуусунар, каалаган күнү форель жегенге мүмкүнчүлүгүңөр бар», – деп көп суктанышат. Ал эми жогоруда мен айтып кеткен баланын колунда бизде жок балыктардын түрлөрү бар дейт, бирок мен өз көзүм менен көрө элекмин. Демек ал жерде түрдүү балык өстүрүлсө, биздин Нарын дайрасында деле балыктын түрүн бакса болот экен деп ойлойм.

Leave a Reply