Бошумова Тлеухор Изенбековна: Мал бир боор эт менен тең

1925-жылдары чоң атабызда миндеген жылкы болгон экен. Коллективдештирүү мезгили башталганда, же катып кое турган короо жок болсо, анан айла жок өкмөткө өткөрүп беришкен экен. Ал гана эмес көп жерлери бар болгон имиш. Эгер сүрүштүруп архивден кызыл китебин тапса болот дешет.

Төөлөр казактарда аябай көп. Төөнүн сүтүнөн жасалган шубатты ичишет. Жаш кезимде үйдө эки өркөчтүү төө бар эле. Анан эки өркөчүнүн ортосуна отуруп алып, жарышчубуз. Төөлөрдү жарыштырчубуз. Арабдарда да төө жарыштыруу бар. Алар төрт аяктап чабышат. Төөлөрдүн жорголору да бар. Төөлөр чоң болгондуктан жоргологондо көп силкилдейт. Кээде бир жорго жүрүш салганда маймаңдап үстүндө уйкуң гана келет. Деги бил силкилдегенин сезбей мелмилдеп,  кетесиң.  Төөгө дагы кооздоп атка жапкандай жабдык салып, тегеректерине төшөк жуурканды салышып, эки өркөчүнүн ортосуна балдарды жаткызып уктатып, ал өзүнчө эле бешик, төөнүн үстүндө балдар уктап кете берген. Көчкөндө төөнү чөктүрүп коюшуп, төшөнчүлөрүн, оокаттарын, боз үйдүн кереге-ууктарын, жабдыктарын артып туруп, акырын тургузуп мойнун созуп жайдан кете берет. Төө ботосун он эки ай көтөрөт. Ошондуктан аядардын төрөтү кечиккенде  “ай төөнүн этин жедиң беле” деп күлүшөт. Төөнүн тууганын бир жолу көрдүм, ушунчалык кыйналып тууйт экен. Жанына бир жан жолотпой жатат. А дегенде оозундагы түкүрүктөрү чачырайт. Көздөрү чыгып кетчүдөй тостоюп, аябай кыйналат. Он эки ай деген оңой эмес да. Ботонун моюнунун өзө эле канча см. Ошондуктан кыйналып тууйт.