Атамбеков Алияр: Рак оорусун айыктыруу үчүн таш баканы колдонуп жүрүшөт

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Атамбеков Алияр, 44 жашта, тиш догдур, Таш-Көмүр шаары, Жалал-Абад аймагы

Жан-жаныбарлардан мен билгенден түлкү, коен, кирпи бар. Сойлоочулардан таш-бака, жылаан, кескелдирик, кара-курт жана башкалар жашайт. Бул жаныбарлардын адамга зыяны дагы бар, бирок пайдасы көбүрөөк. Зыяны бар деп айтканымдын себеби, бул жерде мисте көп болгондуктан, мисте бышкан мезгилде эл тергени чыгышат. А мистелер болсо суу жок таштуу жерлерде өсөт. Анан ошо мисте тергени баргандарды кара курт, чаян чагып алган учурлары болуп калат. Пайдасы дегеним, мисалы, таш бака бизде көп. Биз анын дарылык касиетин анча биле бербейт экенбиз. Мен акыркы күндөрү таш-баканын этин эн коркунучтуу, айыкпас кургак учук оорусун айыктырыш үчүн колдонушаарын көп угуп жүрөм. Ал эми тукумун элдик дарыгерлер рак оорусун айыктыруу үчүн колдонуп жүрүшөт. Бирок таш-баканын өзүн да, тукумун да табыш өтө кыйын, себеби таш бака жазында гана жер үстүнө чыгат. Жайында жолуктуруш кыйын. А тукумун алыш андан да кыйын. Себеби дегенде, таш бакалар тукумун топурактын түбүнө көмүп коюшат экен. Ал тукумун каерге көмгөнүн билиш үчүн таш баканын артынан калбай кечке ээрчип жүрүшүң керек. Бирок, чынын айтсам, азыр таш бака, жылаан дегендер да азайып калды. Себеби, мындан 3-4 жыл мурда таш бакаларды терип кетип. Кытайга ташыгандар да көп болуп кеткен. Себеби, ташбаканы кытайлар деликатес катары жешет экен да, ошондуктан таш бака аябай кымбат турат экен. Бул контрабанда болуп эсептелгендиктен. кийинчерээк таш бака жүктөп кеткендерди тосуп, чара көрө башташты. Ошондон кийин кн жолундагы тендерден кытайлар жолдун бир бөлүгүн утуп алып, башкы иш бөлмөсү биздин Таш-Көмүр шаарында жайгашып калды. Анан элдерден угуп калам, кытайлар таш бака, жылаандарды жей беришет экен, азыр мурункудай жылаанды да, таш-баканы да жолуктуруш кыйын болуп калды деп. Балким ушу себептен да кытайлар көпкө жашап, оорубайт болсо керек, себеби дегенде, таш бака дагы, жылаан дагы түрлүү дары чөптөрдүн тамырларын жешет да.

Түндүк кичирайонунда Каныш апа деген бүбү эне бар эле. Бул эне чөп-чар, жан-жаныбарлар менен ар кандай ооруларды дарылачу эле. Ал апанын азыр көзү өтүп кеткен. Мына ушул Каныш апа өзүнүн күйөөсү ашказанынан рак болуп ооруп калганда, догдурлар: «Дарылоо биздин колдон келбейт экен, үйдөн карай бериңиз», – деп үйүнө чыгарып бергенде, ошол таш баканын тукуму менен дарылап айыктырып алган. Адам болбойт деп ооруканадан чыгарып сагандан бери канча жыл өттү. Ал тургай бул аксакал азыр малды да өзү айдап келет.

Leave a Reply