Ниязалиев Төрөгелди, 56 жашта, Талас аймагы

Көбүнесе Орусия, Кавказ тарапта болуп жатат го. Мен өзүм көргөн эмесмин,  бирок укканым бар. СССР учурунда НЛОну байкаган офицерлер болуптур. Бирок ал кезде андайларга тыюу салгандыктан, ачыкка чыгарчу эмес деп мындан жети жыл мурда газетадан окугамын. Эгерде учуучу тарелкалар техниканын үстүнөн учуп өтсө, ал токтоп калат, анткени ал жогорку магнитүү деп жазылган эле. Мисалы, НЛО  Грузиянын бир жерине  түшүп, ошол  жер магнитүү болуп калыптыр. Анан дагы бирөөлөрдү алып кетип, кайра алып келип койгон учурлары да бар экен.  Алар уктап калган сыяктуу болуп калышат имиш. Газетадагы маалыматка караганда, алып кеткендердин  ички клеткаларын, канынын курамын изилдешет экен.

Кыргызстанда НЛО болгонун билбейм. Бирок угушума караганда, кайсы бир жерде бир адам тоодон УАЗын айдап келе жатса, үстүнөн учуптур. Машинасы жөндөн жөн эле жүрбөй токтоп калган. Караса баардык эле жери оң экен. Тиги  кеткенден кийин гана жүрүптүр.

Менимче, ал учуучу тарелка эмес болуш керек. Анткени алты жыл мурда  Икар кометасы жерге жакын келип, атмосферанын жогорку катмарын каптап кетпедиби. Ал үч-төрт күн  асманда жаркырап турду го?! Мисалы, биз жерде гана жашоо бар, ал эми башка планеталарда жашоо жок деп келебиз.  Бирок газеталардан окусак, Марста бир клеткалуулар, керек болсо, ал жакта айкелдер да бар экен дешүүдө. Демек, айкел болгондон кийин, адамдар бар да. Маалыматтарга таянсак, айкелдин мурдунан желкесине чейинки аралык адамдын боюндай дешет. Анда ал жактагы адамдар абдан чоң болушат го. Эми бул  чынбы, калппы билбейм, бирок, окугандарыбыз ушундай.

НЛО менен келгендер  акыл эстүү, абдан билимдүү, өздөрүн бул жакка билдирбей, жердеги  нерселерге кызыгып алып кетет дешүүдө. Мен ойлойм,  алар биздин Галлактикада жок болуш керек. Менимче, биздин планетадагы өнүккөн өлкөлөр эле жасап жатышат.  Мүмкүн,  менин оюм туура эмес.

Leave a Reply