Көчөрбаева Зина, 46 жашта, адеп мугалими, Талас аймагы

Мындан 4-5 жыл мурда сиңдимдин үйүнө барганбыз, анын эшигинин алдында караңгыда сүйлөшүп отурсак,  ар кандай, башкача жаркыраган нур чыккан, тарелкага окшош  обьектти  көрүп таң калганбыз . Абдан жакындан учту. Анан бир заматта эле көздөн кайым болуп кетти . Ал Батыштан Түндүккө карай кетип, тоодон көрүнбөй калды. Болгону 4-5 мүнөт эле көрүндү.

Ошондо биринчи жолу көргөм. Угуп жүргөндөрүм бар: НЛО дарылайт, изилдейт, биздин жерге кызыгат деп.

Бизге эч кандай таасири тийген жок, таасир деле калтырган жок. Асман менен учуп эле жок болуп кетти.

Кечээ эле Орусиянын биринчи каналынан кызыктуу программа көрдүм. Бир орус аялдын жалаң шампандын бөтөлкөсүнөн салынган үйү бар экен. Абдан  кооз там экен. Чет мамлекеттен адамдар келип, чоң акчага сураса да  сатпай коюптур. Анткени күйөөсү өлүп калыптыр, ал үйдү балдарына мураска калтырыптыр. Аялдын айтымына караганда, ошол үйдү айнегинен көрүнгөн  тарелка көпкө чейин карап турду дейт. Үйгө кызыкса керек. Бул окуя 30.10.07. болгон экен.

Маалыматка караганда НЛО жердеги  кызыктуу нерселерге кызыгат дешет. Дегеле айлана-чөйрөдөгү  биз кызыккан нерселерге,  алар да кызыгат деп  көп угам.

Leave a Reply