Мамбеталиев Кожоке, 91 жашта, Талас аймагы

This post is also available in: Орусча

Тогол – айдын жаңырышы

Бир жылда он эки ай болот. Кыргызда март айы Жаңы жыл болуп саналат. 23 тогол болот. Мартта биринчи тогол, апрелде экинчи тогол, ай жаңыргандан кийин 21 тогол, май жаңыргандан кийин 19 тогол болот. Июнда 17 тогол, июлда 15 тогол болот. Ошентип кете берет 11, 9, 7, 5, 3 тогол болот. Март айына келгенде 5 тогол болот. Беш тогол болмойунча бел чечпейт деп кыргыздар айткан.

Ар ай жаңырганда, тагынан тоголот. 3 тогол болот, ошентип кете берет 5, 7, 9, 11, 13, 15, 19, 21, 23 болот.  Ар бир айдын жаңырышында, маселен, үчүндө, бешинде же жетисинде так айында тоголот экен. Ай менен жылдыз Үркөр тоголот экен. Ошондо акылдуу адамдар айды карашчу экен кандай тоголду деп: ай же жаанчыл болот, же ачык болот, же суук болот деп билишчү. Ай тоголгондон кийин  чалкалап калса, анда кургакчыл болот, жаан жаабайт деп билишчү. Ал эми ай ийрирээк болуп, бычакка илине турган болсо, бул ай жаанчыл болот деп эсеп кылышчу. Анан таптаза чалкалап калса, какшып калат го дешчү. Кыргыздар ар бир айдын жаңырышын тогол деп эсептечү.

Айга карата аба-ырайын билсе болот

Күндүн жаарын, жаабасын, айдын кандай болоорун, жылдын кандай болушун айдын, тоголдун жаңырышына карата билчү.

Жыл мезгилдерин кыргыздар кантип билчү?

Кыргыздар биринчи кар түшкөндө эсеп кылчу. Эгерде биринчи кар оор түшүп, ылдый басырылып, тал теректер ылдый жыгылып калса, кыш оор болот дешчү.  Биринчи түшкөн карда, тал-терек, шилби, чычырканактар карды силкип таштап, жеңил болсо – бул кыш жеңил болот деп эсеп кылышкан. Ошентип биринчи карда тал-теректер башын көтөрө албай, майда бутактары сынып кетсе, оор кыш болот дагы бала-чакада тумоо көп болуп, майда балдарда набыт өлүмдөр болот дечү. Ошол оор карды көтөрө албай чоң-чоң тал-теректердин бутагы жарылып, чоң тал-теректер кулап, сынып кетсе кары-картаңдарда өлүм болот дечү. Кыштын, жаздын кандай болоорун кантип билесиңер дегенде карыялар айтчу: «Тал-терек гүлдөйт, күзүндө сары жалбырак болуп түшөт. Ошол алдындагы сары бутактары, алдынан түшүп, эң башында көгөргөн жалбырактары калса, жазында жаан болот дагы, нымык болот. Башынан ылдый карай куурап түшүп, төмөн жагында көк жалбырактары калса, анда жазында кургакчылык болот» дешчү. Кыргыздар мына ушундайлар менен эсеп кылчу.

Айдын аталыштары

Март айы кыргыздарда жалган куран деп аталат. Жалган куранда жалама айрандар чыгып калат экен. Уйлар тууй  баштап, айран ичип калышчу экен. Чын куранда чыңыртып кулун байлап, анда кымыз чыгып калат. Айдын аталыштарын жаратылыштын атына карата койгон. Мына кыргыздарда деле балдар төрөлгөндө төрөлгөн жерине жараша койгон. Маселен,  Караколдо төрөлсө Караколбек, Кенколдон төрөлсө Кенколбек, Суусамырбек, Нарынбек деп коюшчу. Илгери ошентип ысымдарды айдын, жылдын негизине, жаратылышка, жаныбарга негиздеп коюшчу. Ар бир доордо, ар бир заманда өзүнүн агымы болот. Ошонун жүрүшүнө карата ат коюлат. «50 жылда эл жаңы, 100 жылда камык казан» дейт.

Leave a Reply