Бегалиев Муктар, 90 жашта. Талас району, Жонарык айылы

This post is also available in: Орусча

Илгери ата-бабадан келе жаткан салт боюнча чычкан, жылкы, коен жылы деп жыл эсебин бөлүшкөн. Каатчылык болгон жыл элдик аталып калган, баланча убакта жылан жылында мал кырылып калган ж.б. деп. Бир жылы мал аз калып, казактарда мал кырылып калганда казактын бир карыя кишиси каякта мал калыптыр деп сураганда, Алатоонун нары жагында коңшу кыргыздарда мал калыптыр деп угуп, «а, болуптур, анда биз деле 3 жылдан кийин малдуу болуп байып кетебиз» деп баягы карыя киши айткан экен. Ошентип эл малдуу, жандуу болуп бири-бирине катташып, кыз алышып, кыз берип, казак-кыргыз аралашып бир тууган болуп кетишет.

Кыргыздагы айдын аталыштарын алсак, башында үчтүн айы, бирдин айы деп аташкан, кийин орустар басып алгандан кийин, алардын таасири менен январь, февраль деп аталып кеткен. Ал эми кыргыздар айларды кулжа, теке деп койгону эчки, текелердин күүлөгөн мезгили болот да, ошондуктан теке айы деп коюшат. Кийинчирээк кулжа жүгүрө турган мезгили болот да, анда кулжа айы деп коюшат. Кулжа деген жапайы кой болот. Бугунун мезгили келгенде бугунун айы дешет.

Leave a Reply