Эсенбаева Нурипа, Климат өзгөрүлүп жатат

[Бул интервью 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Эсенбаева Нурипа, 1994-жылдан бери жер иштетишет, Талас аймагы

Күн жаабайт, кургакчыл, ал эми дыйкандарга жаан-чачын канчалык көп болсо жакшы да, өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү дагы көп болот. Кийинки жылдары жаан-чачындын аздыгынан түшүм аз. Мисалы картошкалар чыкпай калып жатат, чыккандары чирип жатат. Жаан-чачын азайгандан кийин Талас суусу дагы азайды, ал эми аны дыйкандар пайдаланышат, ошон үчүн суу дагы тартыш. Эми бул элдин пейили, барга дагы тобо кылбайт, жокко дагы тобо кылбайт, элдин пейилинин кеткенинен деп ойлойм. Элдер кыянатчылыкты көп кылат, бири-бирине жакшылык кылуу деген жок. Мурда элдин пейили кенен болгон, бир ууч машак терип алса ошону бир айыл эле ошону казанга кайнатып кымыран кылып ичишкен, а азыр антпейт сүйсө чай берет сүйбөсө жок. Анан климаттын бат-бат өзгөргөнүн байкайм, кээде ысык болуп кетет бат эле суук болуп кетет. Муну деле ойлойм Алла Тааламдын элге жибериип жаткан ааламаты деп ойлойм, элди сыноо максатында жиберип жатканы, мен ушундай деп түшүнөм. Бул өзгөрүүлөр терс таасирин тийгизет, анткени жүрөгү оорулуу адамдарга, порок сердца, инфаркт, давление дегендерге аба-ырайы аябай эле тескери таасирин берет, оорулары кармап калат, майып болуп калышат. Дыйкандарга да кыйын болуп жатат, күндүн ысыгынан суу тартыш болуп убагында жерлер сугарылбай калып жатат, эгерде мурдакыдай болуп жаан-чачын жаап турса анда дыйкан-чарба абдан жакшы болоор эле. Мунун тааасири келечектеги муундарга тиет, бизге караганда кийинки муун дыйкан чарбасына биздей иштей албайт. Азыр бүт эле химиялаштырылып калды, дары менен өсөт. Эми ушул климаттын өзгөрүшүнө жараша айла жок колдонуп жатышат да. Ушул жакшы экен, дыйкан чарбасына пайдасы бар экен, картошка чоң болот экен деп. Бирок ошол химия кошулуп өскөн чоң картошкалардын баары жарылып чирип жатат, мурда андай болчу эмес да. Эми картошканын эмне себептен экенин билбейбиз, же климаттанбы дейбиз бир ысып бир бүркөлгөнү. Эгер жайында ысып, жазында жаздай болуп, күздө күздөй болуп климат мурункудай болсо дыйкан чарба дагы жакшынакай болоор эле деп ойлойм, эми азыркы алган жер-жемиштерибиздин көбү чирип кетип жатат. Буудайдын жыты деген жок, буудайды тегирменге тарттырып нан кылсак жыты жок. Биз бала кезде бирөө нан кылып жатса тээ алыстан эле жыттанчу көчөнүн аягынан, жарым километр жерден жыттанчу. Мурун дары дегенди колдончу эмес, жаратылыштын табигый түшүмдөрү болчу жерсемирткич жок. Эми ар кандай жер семирткичтер кошулуп жатат, бул организмге да зыян кийинки муундарга жаман эле болуп жатат.

Климатка жараша эл жер семирткич колдоно башташты. Климат кандай өзгөрдү жер семирткич дагы көбөйдү. Отоо чөптү өстүрбөй турган дары чыгарышты, мунун бүт эле зыян болуш керек деп ойлойм. Буларды сактай турган болсок, аларды колдонбой эле койсо дейм, Алла Талам климаты өзгөртпөсө жаан-чачын көп болсо мурункудай эле болот деп ойлойм. Эгерде жай-жайдай, кыш-кыштай болуп турса жакшы болмок, мурда ошондой болчу да, азыр болсо кээде жайында кар жаап жиберчидей болуп кетет. Биз картошка, төө буурчак айдайбыз.

2008-жылдагы кургакчылык дыйканчылыгыбызга аябай начартаасири тийгизди, менин мисалы клубникам бар, кичинекей огородумда 20 жөөк . Бир тергенде 3 күн катары менен терчү элем, былтыр аба-ырайынын өзгөрүшүнө жараша эчтеке болгон жок, кичине эле болду, саткан жокмун өзүбүз жегенге эле. Кургакчылыктын айынан жер-жемиш дагы жакшы гүлдөбөйт экен, түшүмү жакшы болбойт экен, болсо дагы чирик болот.

Нурипа эже менен маектешип жатканда жолдошу молдо Кудайбергенов Ашым сөзгө кошулду

Климаттын өзгөрүшүнө эл өзү себепкер болот. Мисалы үчүн адамдар кудайга ишенбей калышты, кудайдан алыс, ыймандан алыс болуп калышты, бул дагы алданын сыноосу. Алла Таала жамгырды берсе дагы каалоосу, жамгырды бергиси келбесе дагы каалоосу. Адамдардын арам нерсеге көп берилип кеткендигинен кургакчылык болуп жатат, оор сыноо болуп жатат, бир чети бул жаза. Эгер дейт адамдар толук ыйманга келсе дейт Алла Таала ошол адамдардын сураганын берээр эле дейт. Жамгыр сураса жамгырды, ырыскыны сураса ырыскыны берээр эле. Адамдардын өздөрүнөн болот, а бизде уурулук, кылмыштуулук өсүп жатпайбы. Алдын алууга адамдардын кудурети жетпейт го, адамдар ыйманга келиш керек, ошондо Алланын бизге болгон ырайымы күчөйт. Жерге картошка айдап жатабыз, картошканы жерге көмгөндөн кийин чыгарыш Алдадан, чыгарбай коюш дагы Алдадан. Биз картошканы жерге көөмп жатканда ошону чыгарышты Алдададн тилебейбиз. Биз жерди айдайбыз, жөөк салабыз, аны тигебиз чаап анан ишти бүтүрөбүз. Ишти бүтүргөндөн кийин биз кудайдан тилешибиз керек эле да, берекелүү кылып Бере көр деп. Аны аз кылып беребиз, чыгарбай салабы ал Алдадан, адамдын тилегенине жараша болот, жаманды да адам өзүнө тилеп алат. Адамдын жүргөн жүрүшүнө жараша болот, керек болсо Алла Тала сууну соолутуп коюшуна кудурети жетет, адам ашып кетсе суусуз 3 күн жашайт. Бирок Алла Тала боорукер, ушундан кийин мени эстээр бекен, мага ибадат кылаар бекен деп ырайым кылып, мээримдүүлүк менен бизди күтүп турат.

Индонезиядагы бир окуяны телевизордон көрдүм, мен окумуштуу дегендердин баары көрдү болушу керек. Ал жерде жер титирөө болгон жок, Алла Талам сууну жууп кой деди жууп койду, сууга буйрук берилди болду. Бирок ошол жерден эки этаж мечиттин үстүнөн суу ашып кетти. Мынакей бузулган жерден Алла Талам ушинтип жууп коет акыры.

Биз табигый кырсык дейбиз, бирок табигый кырсыкты жиберип жаткандын ээсин унутуп коюп жатабыз. Табигый кырсыкты Алла Талам өзү жиберип жатат, биз аны унутуп коюп табиятка шылтоолой беребиз. Мисалы Америкада суу ташкындоолор, куюндар, шамалдар болуп жатат булардын баардыгы Алла Тааланын буйруга менен талкаланып калып жатат. Кай жерде ыйман жок болсо Алла Талам талкалап жок кылып турат. Мен эсимен чыгып жатат бир пайгамбардын убагында кургакчылык болду, кургакчылыктын кесепетинен элдер ачарчылыкка дуушар болушкан. Ошондо Алла Тала бир кара булутту жиберип, шаардын четине токтотуп коет. Ошол жерде бизге жаан болот деп элдин баары ошол кара булуттун астына чуркаган экен. Баягы элдер кара булуттун астына барганда асмандан от, таш жаадырып элдерди жок кылып койгон. Эми кудайга шүгүр деш керек, кудай өзү сактасын.

Leave a Reply