Сейдалиева Эркингүл: Ат туйлап такка чыкмак беле, шартка ыңгайлашабызда

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Сейдалиева Эркингүл, 53 жашта, мугалим, Таш-Көмүр шаары

Эки кызым бар. Өзүм мектепте иштейм. Пединститутту бүткөндөн кийин ушул жерге келип иштеп калгам, мына андан бери арадан канча жылдар өттү, ошондон бери ушул жерди туруктап калганбыз. Бул жерде жашаганыбызга 35 жыл болуп калды.

Бул жердин климаты ар түрдүү, бирде катаал, бирде жагымдуу дегендей. Менин эсимде, биз жаңы институтту бүткөндө бир курдашым экөөбүздү ушул шаарга бөлдү. Ал убакта, Союз убагында окууну бүткөндөр сөзсүз үч жыл окуу жайы бөлгөн жерге барып, иштеп бериши керек болчу. Мына ошентип биз эки кыз Таш-Көмүргө келип калдык. Август айынын аягы эле, кун укмуштуудай ысык экен. Күндүн ысыгынан көп деле кыйналбадык. Ошентип күз да келди, ал жердегилер бул жерде күзүндө, кышында катуу шамал болоорун айтышса, биз ага анча маани деле бербептирбиз. Ошентип биз күткөн күздө көрдүк, бул жердин шамалы чын эле бир башкача экен. Өзгөчө кичирайондо жана Түндүк бөлүгүндө укмуштай катуу шамал болот экен. Биз жаңы келгенде кичирайондогу № 7 мектеп жаңы бүткөн экен. Биз ошол мектепте иштеп калдык. Бул жер таштуу жер да, күзүндө катуу шамал жердеги кумдарды кошо учурат экен, көчөдө баратсаң шамал делдеңдетип жолуңдан чыгарат, кетип бараткан жолуңду да учкан кумдан көз-ң жумулуп жакшы көрө албайсың. Учкан жалбыракка окшоп ары-бери делдеңдеп кете бересиң. Ошентип күздү да өткөрдүк. Эми кыш кандай болор экен деп ойлонгуча кыш деле кирип келди. Эми кышында кар жааса, козго кум учпай, таза болуп калат, жок дегенде чаң болбойбуз деп ойлогонбуз да. Көрсө бул жерде кышында кыйратып деле кар жаабайт экен, жааган карды шамал учуруп кетет экен. Ал эми шамалдан калган кар бат эле эрип кетет, себеби, бул жерден көмүр чыккандыктан, өзүнөн жылуулук бөлөт.

Жанагы айткан курдашым экөөбүз дайыма чогуу мектепке барып, жумуштан дагы бири-бирибизди кутуп чогуу кайтчу элек. Экөөбүз шамал учурбасын деп шамал катуу болгон күндөрү колтукташып алчубуз. Бир күнү менин сабагым жок күнү ал жумушка өзү кеткен, анан саат 4төрдөн кийин кирип келди, аябай ызаланып алган. Эшиктен кирип эле: «Мен иштебейм, бүгүн арыз жазып келдим», – дейт. Көрсө, эртең менен жумушка бара жатса шамал катуу болуп учурганда, ал тең салмагын жоготуп, буту тайып кетип, жолдун жээгинде коюлган лотоктун ичине жыгылып түшүптүр. Лотоктун формасы жарым тегерек болгондуктан ал жерден жыгылган адам буту-колун чыгарып деле алышы мүмкүн. «Ошентип өзүм тура албай ары-бери оонап жатсам бир окуучум келип, моюнун созуп мени карап туруп: «Саламатсызбы эжеке», – деп айтат. Ага ого бетер ызам келип жатсам, колумдан тартып тургузуп, мектепке чейин жетелеп барды, мен көргөндөргө аябай уят болдум», – деп аябай ызаланып алыптыр. Ошентип өзү айткандай эле эртеси кетип калбадыбы, бул Таш-Көмүрдүн климатына баары эле чыдай бербейт. Анан мен да кетем деп арыз берсем, мени кетирбей коюшкан, мына эми андан бери арадан канча жыл өтүп, биз бул жердин климатына бир жагы бышып. бир жагы көнүп, ыңгайлашып да калдык. Бул жердин тузун насип кылып, буйруп койгон экен, мына минтип бала-чака ушул жерден торолуп, ушул жерде чоңоюп калышты. Эми бул жерден дегеле кеткибиз келбейт. Бул жерде буга окшогон кызыктуу нерселер көп болот.

Азыр дагы шамал мурункудай катуу болбой калган. Мурдагы жылы Америкадан бир волонтер бала келген, ал болсо биздин климатка көнө албай кайра кетип калды. Андан кийин дагы Лорен деген волонтер кыз келген, ал дагы ыйлап жүрүп, эми кичине көнөйүн деди окшойт, ал азырынча кете элек. Ал кызыбыз дагы темир жолдун көпүрөсүнөн өтө албай, жөн эле зөңгүрөп ыйлап алыптыр дейт. Ал кыз ыйлаган себеби, ал үйгө кетчү жолдо темир жол бар. Ошол темир жол чоң обрыв аркылуу өтөт да, ал жерде элдер өтчү көпүрө бар. Ошол көпүрөдө шамал аябай катуу болот, мына ошол шамалда көпүрөдөн өтө албай ыйлап тура бериптир да, бечара кыз. Америка өнүккөн өлкө да, алар мындай жерде жүрбөгөн, мындай жерди көрбөгөн да, мына бизде ушундай кызыктар көп болот.

Бул жерде жашап калгандан кийин бул жердин шартына карап ыңгайланышка туура келет экен. Эгер климатты өзгөртүп алуу колубуздан келсе өзгөртүп алмакпыз, өзгөртүш колдон келбегенден кийин жанагы кыргыздарда айтылган макалдагыдай «Ат туйлап такка чыкмак беле», биз шартка карата ынгайлашабыз да. Мисалы, жайкысын, түш мезгилинде эл көчөгө чыкпаганга аракет кылат, ошондуктан көчөдө адам аз жүрөт. Эгер өтө зарыл иши болсо, шляпа же кагаз менен калкаланып чыгышат. Бул жерде ар бир экинчи үйдө бассейн бар, же жайкы душ коюлган.

Ал эми кышта болсо суук өтпөгөндөй болуп калың кийинишет. Үйлөрдө мешке от жагышат, кеч күздө отун-сууну, көмүрдү даярдап алышат. Мурда катуу шамал болгондо проводдор үзүлүп, зым карагайлар кулап, кышында жарык жок отуруп калган күндөр да болчу. Эми азыр эмнегедир мурдагыдай катуу шамал жок, климат алмашып жатат окшойт.

Шамал катуу болгондо мөмө-дарактын мөмөсүн күүп салат, же күн өтө катуу ысып кеткенде мистенин мөмөсү күйүп, кургап калат, жаңгактардын даны карайып кетет. Бул жерге ысык жерде өсчү мөмө-дарактар жакшы өсөт. Мисалы, бизде анар, жүзүм, курма, мисте дегендер жакшы өсөт. Ал эми алма анча жакшы болбойт, же курт болуп кетет, же сабагы морт болуп, шамал эле күүп таштайт, алманын кээ бир сорттору гана өсөт.

Кыргыздар илгертеден эле эртеңки күндүн же кыштын, жаздын кандай болорун алдын ала билип турушкан. Мисалы, менин апам азыр 78 ге чыкты, ал адам ошондой нерсени көп билет. Апам минтип билет, эгерде ай жаңырганда ай чалкалап чыкса, демек бул ай жаанчыл болот, эгерде тикесинен турса, демек, бул ай жаанчыл болбойт, эгерде күн батып бара жатканда батыш тарап кызарса, демек, эртеси күн ысык болот, эгерде күзүндө күн күркүрөсө, демек кыш жеңил болот, же болбосо пияздын кабыкчалары жука болгон жылы да кыш жеңил болот дейт. Илгерки адамдар өтө акылдуу, баамдуу болушкан да. Мына ушуга окшогон нерселерди илимдин жардамысыз эле билип турушкан. Алар ал тургай жер титирешин да алдын ала билишкен, мисалы, эгерде иттин баары улуп баштаса, бул жер титирегендин белгиси экен, иттер өтө сезгич болушат экен дагы, боло турган кырсыкты же жер титирөөнү алдын ала сезе билет экен. Балыктар да ошондой болот экен. Эгерде балыктар ары-бери тызылдап сүзүп калса, жер титирөө күтүлөт экен. Жылкы дагы сезет деп айтат, бирок ал жөнүндө азыр так эстей албай турам. Эгерде биз ушул жаныбарлардын тилин билгенде, көп кырсыктардын алдын алып калса болмок да.

Leave a Reply