Ормонов Шекербек: Таш-Көмүрдүн ысыгы мээ кайнатат

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Ормонов Шекербек, 47 жашта, дыйкан, Таш-Көмүр шаары, Жалал-Абад шаары

Мен ушул Таш-Көмүр шаарынын тургуну болом. Жумуштун жоктугуна байланыштуу 20-жерден ижарага жер алып иштетип, тиричилик өткөрүп жатамын. 4 балам бар, эң чоң балам Россияда, ал да жумуш жок ошол жакта иштеп жатат.

Климат деген сөз – аба ырайы. Мен ошондой деп эле түшүнөм. Биздин ишибиз дал ошол аба-ырайы менен тыгыз байланышта. Аба-ырайы жакшы болсо, биздин түшүм да мол болот. Эгер аба-ырайы жаман болсо, биздин түшүм да аз болот. Эгерде жазында эгин-тегин себилген мезгилде жамгыр жакшы болсо, себилген дан да жакшы өнүп чыгат, ал эми кургакчылык болсо, дан өнө албай кургап калып, түшүм аз болот. Кышында кар көп түшсө, кышы менен жер кыртышы суулуу болот дагы, түшүм мол болот. Дыйкандын тиричилиги ошол аба-ырайына көп баш ийет, ошондуктан биз, дыйкандар, жазында кудайдан жамгыр бере көр деп жалынып- жалбарып тилейбиз да. Ал эми кышында болсо көбүрөөк кар тилейбиз. Кудайы өткөргөндөн башка биздин колубуздан эмне келмек эле, ар бир жазда кошуналар топтолуп, кудайы өткөрөбүз, кыштан аман чыктык, эми жаз жамгырлуу болуп, эгин-тегин мол болуп, эл ток болсо экен деп. «Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт» – дегендей, жамгыр болбосо башың менен жер казсаң да кайдан түшүм болмок.

 

Климаттын терс таасир тийгизген учуру дагы болбой койбойт. Мисалы, жазында жамгыр ак жаанга айланып алса, бул дыйканчылыка пайда эмес зыян алып келет. Ак жаан деген тынбай жаайт да, мындай убакта эгин талаалардан сел кетип, бүтүндөй мээнетиңди жууп кетет. Ал эми жамгыр жаабай койсо, эгин-тегин күйүп кетет. Жазында мөндүр деген нерсе болот, мөндүр жааганда мөмө-жемиштерди, жашылча, бакчаны бүтүндөй талкалап кетет да, анан күн көп ысып кеткенде саранча деген нерсеси пайда болот, эр болсоң саранчадан даныңды сактап көр. Бул саранча бир каптаса даныңдан эч нерсе да калбайт, кээ бирөөлөр дыйканчылыкты оңой деп ойлойт. Дыйканчылыктын дагы мына ушундай азап-тозогу бар, дыйканга баш ийбеген ар кандай шарттар болот, мисалы, сел каптаса кантип токтотосуң, ичиң ачышып, кайран мээнет деп, кайра башынан эгиниңди эгип баштайсың, ага деле сел албайт деп ким кепилдик бере алат. Ал эми жайында ысык болбой, жамгыр жаап туруп алса эгиниң бышпай калат, дыйканчылык деген мына ушундай өтө кыйын мээнет.

Кандайдыр бир жол менен аба-ырйын өзгөртүүгө болот.Мисалы, союз убагында колхоз-совхоз деген бар болчу. Ошол убакта эгин-тегинге жамгырдын кереги жок болгон убакта кара булут чыкканда эле аттырышып, жамгыр болтурбай коюшчу, союз жоюлду, азыр антип аба-ырайын өзгөртүү дагы кошо жоюлду окшойт.

Таш-Көмүрдө жай өтө ысык болот, себеби бул жер таштуу келет. Жайкысын түштө көчөгө чыкканга мумкүн болбой калат, жөн эле мээңе чай кайнатат. Кургакчыл жайда Аравия менен эле барабар болуп калат, элдер дагы арабтарга окшоп, күндөн сактанып ак кийим кийип калышат. Күзүндө, кышында шамал катуу болот. Азыр дагы мурдагыдай шамал жок, ГЭС курулганга чейин бул жердин шамалы жөн эле адамдарды учурчу эле. Кудай жалгап Таш-Көмүр ГЭСи курулду, шамал да мурункудай катуу болбой калды.

Таш-Көмүр эки тоонун ортосунда жайгашкан. Шамал бийик тоодон ары аша албай эле ушу эки тоонун ортосу менен келе берет окшойт, ошон үчүн катуу болот болуш керек. Эгер эки жак тоо болбогондо жайылып кетмек да, күчү анчалык катуу болмок эмес. Таш-Көмүрдүн эки башында шамал катуу болот, Түндүк деген жакта, анан кичирайондо. Шаардын ортосунда тигил жактарга салыштырмалуу анча деле шамал жок. Мен ойлойм, ал жерде бак-дарактар көп үчүн шамал тийбейт болуш керек. Түндүк районунда биз мурда жашаганбыз. Ал жакта таза кийимиң көчөгө бир чыкканчалык гана. Көчөгө бир жолу чыктың дегиче таза кийимиң карала ыш болот да калат. Ал тургай бети-башыңды бет аарчы менен сүртсөң, капкара ыш болуп калат. Себеби, ал жакта ачык карьералар көп да, ал аз келгенсип элдер деле ар-ар жерден көмүр казып, көөлөп (оюп) жиберишкен, ошол себептен көмүрдүн майдалары шамалга учуп, оозу-мурдуңа кирип, кыйнайт.

Leave a Reply