Ормонов Бектен:Биздин жер бейиш да

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Ормонов Бектен, 67 жашта, пенсионер, Сузак айылы, Жалал-Абад шаары

Аба ырайы дегенди сөз кылсак, эртеден кечке эле теле-радиодон климаттын өзгөрүп, биздеги жылуу климат Россия жакка ооп кеткенин айтып калышат. Россия деген жер суук болчу эле да, илгери бай-манаптардын сөзун укпагандарды ошол жакка сүргүнгө айдаган да, ал жактын суугуна чыдаганы кайтып келген, суугуна чыдабаганы ооруп, ар нерсе болуп, ошол жактан кайтпай калган. Жанагы улуу акын Токтогул ошентип байларга каршы ырдап коем деп анан ошол жака сүргүнгө айдалып кеткен да.

Эми, кудайга шүгүр, Сузактын климаты эң сонун, бул жерде бардык нерсе өсөт. Жер-жемиш деген жайнайт, мөмө, эгин десең жайнайт, дагы эмне керек. Тиги эч нерсе өспөгөн жерде деле эл жашап жатпайбы. Менин чоң балам Россиянын Томск деген жеринде иштейт. Ал жерде суук экен да, анан бизге окшоп жер- жемиш, бак -дарак деген нерсе өспөйт экен, бышпайт экен дагы, аларга караганда бизде жөн эле бейиш да. Эл эле бир аз пейилин ондосо, жанагындай ууру-кески дегендер, адам өлтүргөндөр жок болсо, баары жакшы болгон турат. Бийлик деп эле бирин-бири кырып атпайбы.

Кудай буюрса, кыш ойдогудай эле болду, биздин, айылда жашагандардын, баарыбыздын үлүш жерлерибиз бар да, биз ал жерлерге эгин эгебиз. Эгер кар ойдогудай жааса, эгин да ойдогудай болот. Быйыл кыш жакшы болду эле, мына эгин да буюрса кудайга шүгүр, жакшы эле болду. Эми жайында күн жакшы ойдогудай ысып берсе, эгин өз убагында бышып калат. Күздүк эгиндин алды быша баштады.Жаз деле ойдогудай болду, жамгыр дагы өз убагында жаап берди, мээнетибиз текке кетпей, тиккен эгинибиз жакшы көгөрдү, жамгыр убагында жаабаса эгин куурап кетмек да. Быйыл баары ойдогудай, куда кааласа, жакшы.

Биз бала кезде кыш суук болчу эле. Жылдан жылга кыш жылуу болуп бараткандай сезилет. Бир эле мен ошентип ойлойм десем, элдин баары эле айтып калат, кыш мурункудай эмес деп. Бизге эмне, ушу эгинге жетерлик кар жаап берип турса болду да. Жазда болсо жамгыр жаайт, жай менен күздө жамгырдын деле кереги жок. «Жаз – жарыш, куз – күрөш» – дегендей, ушу жер менен эле алпурушуп жүрүп кээде жаздын өткөнүн, күздүн кеткенин деле сезбей калабыз. Айылдагы элдин турмуш-тиричилиги баары ушу жер менен да. Ушу жер элди багат да. Аба-ырайы жакшы, ойдогудай болсо, жакшы түшүм алып дегеле сүйүнүп калабыз да, жаш балага окшоп, жазы менен эмгектенген эмгегиңдин жыйынтыгы ошо күздө билинет да. Жазы менен маңдай териңди агызып иштеген мээнетиң кайтып, жакшы түшүм алып сатып алсаң, үй-бүлөңдүн да курсагы ток, элдин да курсагы ток болбойбу. Анан жамгыр жаабай, кар аз түшүп, жер кургак болсо, түшүм да жакшы болбойт, баары кымбат болот, кымбат болсо да бар болсо экен деп каласың, кайсы бир жылдары уруктукка эгин табылбай калып, жер бош калган убактар да болгон. Бир жылдары болсо сел алып кеткен. Аба-ырайы жакшыбы – элдин жашоосу да жакшы, аба-ырайы жаманбы – эл да кыйналып калат.

Климаттык өзгөрүүнүн алдын алуу кантип мүмкүн болсун, эгер андай нерсе адам баласынын колунан келгенде каалаган убакта жамгыр жаадырып, каалабаган убакта токтотуп, оңуп эле калбайт беле. Мындай кантип адамдын колунан келсин. Алдын ала билиши мүмкүн жамгыр же кар жаайт же жаабайт деп.

Климаттын өзгөрүшү элдин пейилине жараша да. Пейилди ондош керек, пейилди. Бизде сел деген нерсе көп болот, Сузакта жер жайык да, тоолуу эмес, ошондуктан жамгыр көп жааса эле сел болуп каптап кирип келет. Эгер тоолуу жер болгондо сел сай менен агып кетет эле да. Былтыр жер да көп титиреди. Мурда жер деле титиречү эмес эле. Эми, сел каптагандан эптеп сактанса болот экен деп ойлойм да, кайсы бир жылы бизде катуу сел каптоо болгон да, ошондон кийин сел көп жүрө турган коркунучтуу жерлерге дамбаларды куруп коюшту. Ошентип алдын алса болот экен го, а биздикилер качан сел жүрүп, эл зыян тарткандан кийин анан дамба куруп жүрбөйбү, эми ошону мурда эле куруп койсо, канча эл зыян тартпайт эле да. Анан жер титирегенден алдын алып сактаныш кыйын го, эгер жер качан титирээрин билсең го, үйгө жатпай, эптеп сактанса болот го, аны билиш кыйын экен да.

Leave a Reply