Молдобаева Гүлазим:Түшүм климатка түз баш ийет

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Молдобаева Гүлазим, 52 жашта, медсестра, Шамалдуу-Сай шаарчасы, Жалал-Абад шаары

Төрт балам бар, баары өзү менен өзү, кудайга шүгүр. Мен көптөн бери ушул жерде медсестра болуп иштейм. Биздин Шамалдуу-Сай шаарчасы кичине болгону менен арзанчылык, жашоо жеңил деп ойлойм, мөмө-жемиш, жашылча дегендер бизде башка жакка салыштырмалуу арзан турат.

Эмне себептен биз жашаган жер Шамалдуу-Сай деп аталып калганын билбейм,кээде угуп калам, мурда бул жерде катуу шамал болчу деп. Бирок азыр андай катуу шамал деле болбойт. Мага бул жердин климаты жагат, климаты жагымдуу, ошондуктан бул жерде мөмө-жемиш, жер-жемиш, эгин-тегин дегендердин баары өсөт. Мен жогоруда айтып кетпедимби, бизде көп нерсе арзан деп. Башка жакта жашагандар жер-жемиш дегенди ушул жактан жүктөп кетип, ал жакка үстүнө акча кошуп кымбат сатышат.

Бул жердин тургундарынын көбү дыйканчылык кылышат, көбүнүн үлүш жерлери бар, үлүш жери жоктор ижарага жер алып иштетишет. Кыргызда «эл эмгегин жер жебейт» делгендей, жерди баксаң, жер ошол эмгегиңди эселеп берет турбайбы. Жерди жакшы карап, жакшы баксаң мол түшүм берет да, түшүм мол болсо, арзанчылык болот. Бул жердин жери да жакшы, климаты дагы жакшы. Ошону учун бул жерлердегилердин көбү жакшы жашашат. Жок дегенде ар бир экинчи үйдө машина бар. Себеби, дыйкандарга машина эң керектүү нерсе турбайбы. Алган түшүмдөрүн, жер-жемиштерин машинага салып базарга сата коюп келе калганга жакшы экен да.

Биздин Шамалдуу-Сай шаарчасында жемиштин бардык түрү өсөт: коон, дарбыз, калемпир, картошка, пияз, чеснок, сабиз, капуста, баклажан, ашкабак, жер жаңгак. Биздин жердин климаты эң жакшы болгондуктан, бизде мөмө-жемиштин дагы бардык түрү бар: жаңгак, алма, алмурут, алча, кара өрүк, өрук, шабдалы, жүзүм, анча-мынча жерде өспөгөн анар, бээ алма, мисте деген дагы, бадам деген дагы өсөт. Бизде жай ысык болгондуктан анжир (инжир) дагы бар, эч жерде өспөгөнн курма дарагы да бизде өсөт. Курма дарагы көбүнчө Өзбекстанда көп. Бул дарак ысыкты жакшы көрөт. Мисалы, Аксы тарапта курма дарагынын мөмөсү бышпай калат. Себеби, ал жактын климаты бизге салыштырмалуу суугураак келет.

Эгиндин кандай түрүн билсеңер, анын баары бизде өсөт: буудай, жүгөрү, таруу, сулуу, арпа, семичка, анча-мынча жерде өспөгөн күрүч.

Түшүмдүн мол болушу же, болбой калышы – бул климатка түз баш ийет. Эгерде жаз жамгырлуу болуп, убагында жамгыр жаап турса, жер-жемиштер, мөмө-чөмөлөр дагы жакшы өсүп, жакшы түшүм берет. Эгер жаз кургакчыл болсо, отургузулган, себилген жер-жемиштер тамыр алып кете албай куурап калат. Ошондуктан, ар бир мезгилдин өз убагында болушу айыл чарба өсүмдүктөрүнө чоң таасирин тийгизет. Эгерде жай мезгилде ысык болбой жаанчыл болуп кала турган болсо, жер-жемиштер дагы, мөмө-жемиштер дагы өз убагында бышпастан кечигип бышат.

Эгерде климат катаал болуп, түшүм жакшы болбой калса, бардык нерсе кымбаттап кетпейби. Менин эсимде бар, кайсыл бир жылы пияз отургузгандар аябай көп болуп кетип, анын килин 50-60 тыйындан сатышып, ал эми пиязын жазда сатып бүто албай калгандар жазында пияздарын төккөнгө туура келген күндөр да болгон. Пияз көпкө сакталса кургап же оңуп кетет да. Ошентип кийинки жылы пиязды аз эгип коюшуп, кийинки жылы пияздын бир кили 50-60 сомго чейин чыгып кеткен. Ошондой кымбатчылык болуп кетсе, үй-бүлөлүк казынага, күнүмдүк жашоого дагы сөзсүз түрдө таасири тийет да. Былтыркы жылы пияздын кили биз жакта 5-6 сом болуп жатканда, Бишкекте 13-14 сомго чыгыптыр. Биздин бир туугандар бизге пияз салып жибергиле деп суранганынан үч кап пиязды таксисттерден берип жибергенбиз.

Мен климатты өзгөртсө болот деп ойлойм. Себеби, бизде кээ жылдары жаз кургакчыл болуп калса. эл чогулуп жамгыр болсун деп кудайы өткөрүшөт. Ошондо кудайы өткөндөн көп өтпөй эле жамгыр жаап берчү. Дегеле жамгырдын дагы убагы менен болгону жакшы. Эгерде жамгыр тынбай эле жаай берсе, сел жүрүп эгин талааларын жууп кеткен мезгилдер да болгон. Андай учурда мээнетиң текке кетет да. Эгиндерди кайра башынан сээп, кайра башынан отургузушка туура келет. Андай мезгилде эгиндин күзгө чейин бышып жетилиши да күмөн болуп калат.

Биздин чөйрөдө былтыр жер титирөө аябай көп болду. Быйыл кудайга шүгүр. тынч. Кээ жылдары сел каптоолор болгон. Азыр көптөн бери климатыбыз жагымдуу эле болуп турат.

Leave a Reply