Мамеков Жумадил, Климат өзгөрүлүп жатат

[Бул интервью 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Мамеков Жумадил, 14 жылдан бери дыйкан, Талас аймагы

Бизде кыргыздарда 100 жылда күн, ай тогошот, ал эми 30 жылды бир мезгил деп коет. 30 жылда бир жолу күн жалындап күйө түшөт да, жалындап күйө түшкөнү 30 жылга же 25 жылга созулат. Кайра ылдыйлап салкындай баштайт. Ошентип күн печкада жагылган оттой болот. Эми климаттын жашы биздеги 1000 жыл ал жакта бир күн болот да. Ошон үчүн биздин ата-бабаларыбыз, дыйкандар климаты жакшы түшүнүшкөн, алдын ала билишкен.

Климат азыр өзгөрүлгөндө да абдан өзгөрүлдү мен эми отуз жылдан экини жашап койдум 60ка келип калдым. Ошондо климаттын өзгөрүлгөнү мага эки жолу сезилди. 50-жылдары күн азыркыга караганда ысык болгон, илимдин сөзү менен эмес, өзүмдүн тажрыйбам менен айтып берейин биз бала кезде жолдун чаңы 20-15 см чогулуп калчу бул ысыктын белгиси, андан кийин улам сууй баштады салкындап 70-80-жылдары чаң деген нерсе болбой калды, болбой калды деген бул машина өткөндөгү чаңды айтпайт бул адамдын буту менен байкалган чаң. Көп болсо 5-2- см чаң болуп күн сууй баштаган, мына ушундан мен билем. Экинчи мисал 60-жылдары бул жерде Кеңколдун тоосу бар, аны бүт мөңгү каптап турчу, ошол мөңгүлөр азыр бүт эрип, эчтеке мөңгү калган жок. Ошол убакта мөңгүнүн айынан ашуудан Аша алчы эмеспиз, ал эми азыр кышында да мөңгү ашуудан кышында да ашып кетебиз. Өзгөрүүсүнүн себеби бир кудайдан, жанагы күндү печкадагы оттой элестетип жатпайбызбы, күн жалп этип катуу күйүп кеткенде катуу ысык болот, анан ташкөмүр түгөнө баштаганда от басаңдай баштайт да, ошентип басаңдай баштаганда күн салкын боло баштайт. Өтө салкындап кетпес үчүн кайра күн жалп этип күйөт. Бул 30 жыл сайын кайталанып турат, ошондуктан климат дагы өзгөрүлүп турат.

Биз үч муунду мисал алсак 30-жылкы ата-бабаларыбыз бир муун, 60-жылкы биздики экинчи муун, 80-жылы туулган балдар үчүнчү муун. 30-жылкы өзгөрүүдө кургакчылык болгон жылан жылында, анда элдин дыйканчылыкка маданияты анча жете элек болчу, сугат жакшы өздөштүрүлө элек болчу ошон үчүн ачарчылык болуп эл кыйналып, ачкадан өлгөн чанда-чанда болуп калган. Биздин убакта 60-жылы дагы кургакчылык болду 72-жылга чейин бул убакта илим жетишип, эл түшүнүп калган бул кургакчылык билинбей өтүп кетти. 90-жылдан бери кургакчылк болуп өтүп былтыркы кургакчылыкты айтып өтсөк, бул кургакчылыкты деле эл тоготкон жок, анткени эл дагы өнүгүп түшүнүп калышкан. Болгон зыяны буудайды 30 центнерден алып жатсак 20 центнерге түшүп калды, картошка, төө буурчак дагы 20-30 процентке түшүп калды, түшүм азайып кетти, бул үй-бүлөбүздө бюджетке гана байкалды бирок жакшы сезилген жок.

Менин оюмча келечекти алдын албасак улам жашоо кыйындай баштайт, эмне дегенде күн мурдакыдай бейиштегидей болуп жайкалбайт. Эмне дегенде өзүңүздүн чарбагыңызды элестетип көрбөйсүзбү жылда таза кармап, жердин ташын терип, жер семирткич берип баксак ошондо сактап кала алабыз. Ошондуктан бул бир үй-бүлөнүн же бир мамлекттин колунан келбей турган нерсе эмес, эмне дегенде азыркы учурда элдердин 80 пайызы илимге жетишип калышкан. Ошол акылдуубуз деп эсептешкен 80 пайыз табигатты булгап, бузуп, бүт талкалап жатабыз. Анткени 50-жылкы токой калган жок, 60-жылкы тазалык калган жок. Күлгө айланган жайлообуз, какыраган чөлгө айлана баштады. Ушинтип отурсак бүткүл адамзаттын башына чоң кайгы түшөт. Ошн үчүн биз мусулманчылыкты колдонуп табигатты кичине сактап турабыз.

Мисалы азыркы учурда машиналар газ чыгарып жатпайбы, аны эки эсеге азайтыш керек, мисалы 100 машина болсо 50 машинага кыскартыш керек. Алар абаны булгап жатышат. Бирок менин жеримден белгилүү окумуштуулар анализ алышсын, эмнеге дегенде 1грамм аммиак же селитра сепкен жокмун, жылда эле беде айдайм, кайра севооборот деп коем кайра картошка айдайм, кайра төөбуурчак адайм, анан чөп айдайм ошентип химия колдонбойм. Бул өзүбүздүн ичкенге дагы жакшы элге дагы жакшы.

Кургакчылык сугаттуу жерге таасирин тийгизе албайт, бизде суу кенен. Биз күн жааса да сугарабыз, жаабаса дагы сугарабыз. Ал эми Украина, прибалтикаларда кургакчылык болсо аларда ачарчылык каптайт, анткени ал жакта суу жок. Эми быйылкы жыл жакшы болот, эмне дегенде 10-15 жылдан бери жөө туман баспай калган, ал эми быйыл жөө туман каптап жатат. Жөө туман деген бул талаанын да, эгиндин да, адамдын да азыгы. Жөө туман анан жерге сиңет да, канча жерди суугарсаң да жөө тумандыкындац сиңирбейт. Бул эң жакшы эгинге бир суугаруудан чыкты деген эсеп.

Leave a Reply