Луиза:Биздин аба-ырайы адамга жагымдуу

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Луиза, 30 жашта, шаардык мериянын кызматкери, Кара-Көл шаары, Жалал-Абад шаары

Биздин шаардын климаты абдан адамга жагымдуу. Абасы таза, жазы салкын, жай деле бизде өтө ысык эмес, Таш-Көмүрдө жайкысын өтө ысык болот да, ага салыштырмалуу бизде жай андай ысык эмес. Балким, Таш-Көмүрдөн көмүр чыккан себептен. ал жер өтө ысык болот болсо керек. Бизде көмүр жок да. Ошондуктан биздин аба таза. Кыш кыштай эле, көп деле суук болбойт.

Быйыл кыш жылдагыдан жылуу болду. Бардык жерде эле ошондой болду го. Токтогулга туугандарга барсам да, быйыл кыш жылуу-жумшак болду деп сүйүнүп отурушкан экен, кышында. Токтогулда отун маселеси кыйын да, көмүрдө Таш-Көмүрдөн алып келиш керек, көмүр кымбат, ал жактан алып келгениң да акча. А биздин шаарда көбүнчө кабат үйлөр да, алар атайын котельныйдан жагылып, бүт шаар ысытылат. Көмүр, отун алам дебейт, ал эми жер тамда жашагандар, эгер үйү шаардан чет жерде болсо, отун, көмүр жагышат.

Мен кабат үйдө турам, анда кандай кыйынчылык болмок эле, өзүбүз көмүр албасак, от жакпасак. Болгону кышында элдер сасык тумоо менен көп оорушат, кээде мектеп, бала бакча карантинге жабылат, ошондо балдарды кимге калтырып жумушка барышыңды билбей каласың. Мен быйыл балдарды Токтогулга алып барып коюп, карантин ачылганда алып келдим, үйгө жалгыз таштагандан коркосуң да.

Быйылкы жаз өтө жамгырлуу болду. Жазды жамгырлуу десек жай деле ошондой болуп жатат, жамгыр түнү бою жаап, эртең менен эле токтоду эле, кайра дагы бүркөлүп турат. Кечке эле тынбай жамгыр жаай берсе жүдөп да кетесиң. Жамгырдан кийин го аба тазарып, салкындап дагы калат го, бирок күндү деле көргүң келет, бир жааганда 3-4 күн тынбай жаап жатпайбы, бизде жайында көп жамгыр жаабайт да, биз ошого көнүп калганбыз.

Менин бала чагым Токтогулда өткөн. Ал жакта ал убакта кыш аябай оор болчу эле, кар көп жаайт эле. Азыр ал жакта деле мурдагыдай кыш болбой калды. Аркы тоого жакын жерде жайгашкан жерлерде кыш дагы деле суук болот. Себебин түшүндүрүш кыйын го, менин оюмча кандайдыр бир физикалык кубулуш болуп жатат го, же климат алмашып жатабы. Эми телевизордон деле айтып жатпайбы, жер жүзүндө «глобалдык жылуу» болуп жатат деп, ошонун негизинде жер жүзүнүн ар кайсы жерлеринде суу каптоолор болуп жатат деп. Мен деле негизги себеп ошол деп ойлойм. Климаттык өзгөрүүнүн алдын алса болобу же жокпу, так айта албайм, бирок ошо климаттын озгорушунон болгон ар кандай кырсыктардын алдын алса болот деп ойлойм. Эми андай кырсыктардын алдын алыш үчүн атайын МЧС деген мекеме иштейт да, мындай нерселер ошолордун иши. Мисалы, Ош-Бишкек жолунда кар көчкүлөр көп болот эмеспи, мына ошолорду жасалма жол менен көчүрүп, элди ар кандай коркунучтан сактаганга аракет жасашат да. Эгерде кайсы бир эл отурукташкан жерде көчкү жүрө турган коркунуч бар болсо, аларды башка жакка көчүрүп, боло турган кырсыктын алдын алышат.

Биздин шаар Ош-Бишкек жолунда болгондуктан, Кара-Көлдөн чыгып бараткан капчыгайда кышында кар көчкү болот, жазында жамгыр көп жааса сел жүрүп, жолго таш кулаган учурлар көп болот. Баягы жолду салып жатканда тоолорду аттырышкан да, мына ошондо тоо-таштар бошоп калган. Көп жамгыр жааганда, жер титирөө болгондо, ошол бош таштар жолго кулап, жолду тороп калат. Былтыр болсо бир машина өтүп баратканда таш кулап, машинага тийип, машина жабыр тарткан, дагы жакшы, ичинде отурган адамдар эч нерсе болбогон. Ал жерден чоңдугу үйдөй болгон таштар да кулайт. Эки жыл мурда ошондой чоң таш кулап, бир жарым күн жол жабык болуп турган. Мындай нерселер көбүнчө Таш-Көмүр менен Кара-Көлдүн ортосундагы жолдо болот. Жолдун четинде тосмолор деле бар, чоң таштар кулаганда тосмону кошо жарып кетет же тосмого тийбей учуп түшкөндөр да болот. Тосмолор таш эмес майда кумдар агып түшкөндө тосот деген максатта коюлган, ал эми бошоп калган таштарды эч ким кулайт деп ойлогон эмес да.

Жаратылыш кубулушу жөнүндө элден эмес, телевизордон укканым бар, аны силер деле уккан болушуңар керек. Илимпоздор: «Күндүн нуру жылдан-жылга азайып баратат, канча кылымдардан кийин күн дагы күчүн жоготот», – деп айтышат. Ошондо күн азыркыдай ысыбай, жарык да болбой калат дешет. Эми аны элестетсең коркуп да кетесиң.

Leave a Reply