Климат боюнча ар кандай пикирлер

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Ырсаалы ажы, Чаткал району, Айгыр-Жал айылы, Арашан ыйык жери, Жалал-Абад шаары

Чаткалдын кышы

Чаткалда кыш катуу. Былтыр ушул маалда мал кол карап калган. Быйыл буюрса кыш жылуу. Жылуу болобу, суук болобу, бир Алла билет. Карылар билет эле, бизде эски карылардын бары өтүп кетти.

Абдылдаев Аскараалы, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад шаары

Баягы Тогуз-Торо жок

Токтогул суу сактагычынын таасири го, ал жердеги көлдөн чыккан буу Тогуз-Тородогу аба-ырайынын өзгөрүшүнө таасир этти. Эми коон, дарбыз бышпай калды. Жайы өтө салкындап, жазы кеч боло баштады, сууктады. Кыргыздар жапан болгон да, кышында кыштоодо, жайында жайлоого жайлачу. Жазында эгин айдап, мал багып, кышында жоро-бозо ичкенди – ушул үч нерсени гана билген. Жанагы сумбула чыкканда ала карга келет. Андан мурун, күн-түн теңелүүнүн алдында кыргый келет. Кыргый эрте келсе, кыш катуу болот. Кыргый келди, тарууну чымчык жебей калат деп калышчу. Ала карга эрте келип калды, быйыл кыш оор болот дешчү. Үчүнчүсү, ала шалбырт жаз болгондо, бешинчи тогоол болчу. Чукул тогоп койду, жаз кеч келет дешчү.

Кадырматов Нурбакас, 41 жашта, Таш-Көмүр шары, Жалал-Абад шаары

ГЭС курулганы оңуп эле калбадыкпы

Бул жердин климаты өтө татаал. Мурда, Таш-Көмүр ГЭСи курулганга чейин бул жерде шумдук катуу шамал болчу. Кышында шамалдын катуулугу жаш бала эле эмес, чоң-чоң эле адамдарды делдеңдетип айдап кетчү. Калың кийинсең дагы муздак шамал ичи-койнуңа кирип, үшүтүп жиберчү. А күзүндө соккон катуу шамал көзүңө, оозу-мурдуңа кум киргизип, көчөдө баса албай кыйналчусуң. Айтор, шамал болуп жатканда көчөгө чыгыш тозок эле. Бирок ошого карабастан тиричилик кыласың, шамалдан коркуп үйүңө жатып алсаң, оокатың өтпөй калат. Жайы болсо, бул жер таштуу жер болгондуктан, 40 градуска чейин ысып, ал тургай андан да өткөн убактар болгон. Биз да ушундай татаал климатка бышып, көнүп бүткөн элек. Чиркейдин бети курусун, ал жөнүндө айтпай эле коеюн, түнү менен уйку жок, чиркейлер менен алышып таң атырчубуз. Кудай жалгап, Таш-Көмүр ГЭСи курулгандан кийин, кышында адамдарды учурган шамал деле токтоп, күзүндө көзүбүзгө, оозу-мурдубузга кум деле кирбей, оңуп эле калбадыкпы. Жайы дагы деле ысык эле болот, бирок эшиктин алдында бак-дарактарды өстүрүп алганбыз, дарактын арасында анча деле ысыкты сезбейсиң.

Ниязбеков Ооган, молдо, 77 жашта. Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы.

Биз ислам динин кабыл алганыбызга миң жыл болуп калды, ислам дининде саат жок. Беш убак намазды болжолдоп окуй бергиле деп жазып коюшкан. Асман булут болуп, күн дагы, ай дагы көрүнбөй калса болжолдоп окуй бергиле деп жазып коюшкан. Бешим, чак түш, күн батса шам, түн ортосу болсо, түн ортосу дешкен. Анан жылдыздарды карап саат кылышкан. Маселен, үркөр жылдызы кышкысын так төбөгө келгенде түн ортосу болгон. Жер аппак болуп, таң атса багымдат дешкен дагы багымдат намазын окушкан.

Ар бир айылда такмынчы адамдар болгон, алар дайым так жүрүшкөн. Аларга айыл эли дагы ишенишкен. Мисалы, азыр айдын мынчасы, жылдын мынчасы дешкен, эл аларга ишенишкен. Алар тубаса акылдуу болушкан, алардын акыл-эси зирек болгон. Бир укканын өмүр бою унутушкан эмес, ошон үчүн эл ишенген.

Илгери кыргыздар жылдыздарды карап аба-ырайын билишчү. Жанагындай таза айылдан даанышмандар чыккан. Аларды Алладан даарыгандар деп коюшат, Алла тараптан берилет, эч окуусу жок эле, тубаса билишкен. Бир айыл таза болсо, ошол айылдан окубай эле чыга берген. Алар жылдыздарды карап жамгыр жаарын же жаабасын билишкен, бирок минтип билем деп айтышкан эмес. Мага Алла билдирген, өзүм эле билем, айтпайм, айтсам менин касиетим кетип калат деп коркушкан. Бизде олуялар болгон ар бир ай жыңарганда киши болуп келип алдына,  маалымат берип кеткен экен. Элдин көзүнчө эле келип, бул жаңырган айда мындай жаңылыктар болот деп айтып чыгып кетип калган экен. Алар олуя киши болгондуктан, аларга Алла Таалам жиберген, олуялыгын урмат-сый кылып ар айда жиберип турган, маалымат бердиртип турган. Анан олуя адамдар эмне болоорун элге айтып турушкан.

Бегалиев Жуматай, 83  жашта. Талас району, Жон-Арык айылы.

Илгери кушчу уруусунан Көчөр деген киши чыккан. Кийин жазуу пайда болуп, эсеп чыкканда деле, өкмөттүкү туура болбой, ошол Көчөрдүн эсеби туура болуп жүрдү. Эл дагы ошого ишенишчү. Маселен, ал бул ай мындай болот, ушул айдын он үчүндө жайкы чилде түшөт, ал эми кышкы чилде бул убакытта болот деп так айтып турчу. Андан башка эч ким жок, ал учурда Таласта суу көп болоор эле, суудан өтө албай кол булгалап турушаар эле. Өткөндөрү сууга агып, далай кордуктарды көргөнбүз. Мен өзүм дагы эки жолу агып кеттим, ажал жок экен чыгып кеттим.

Leave a Reply