Качыкеев Таштан, Климаттын өзгөрүшү

[Бул интервью 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Качыкеев Таштан, 1991-жылдан бери жер иштетет, 42 жашта, Талас аймагы

Кургакчыл болуп жатат, суу тартыш болуп жатат. Кээде эки жумада бир алабыз сууну, мурдакыдай суу жетиштүү болбой калды. Мурда Талас суусунан өтө алчу эмеспиз, азыр өтүп кетип жатабыз, бутту чечип алып өтүп кетебиз. Себеби мөңгү жок болуп жатат да, туздуу болуп жатат, аба булганып жатат маштна көбөйдү. Мөңгүлөрдү туздар басып жатат, Көчөдөгү карды деле байкасак от жакканда эле кар кетип жатпайбы, мөңгү да ошондой болуп жатат да. Биз Антип-минтип сугаргыча суу кирип кетип жатат. Жер арыктады 1991-жылдан бери жер иштетип жатабыз, которуштурганга жер аз, а уй-було жылдан жылга кобойуп жатат жер болсо кобойгон жок анан кандай кылабыз, жылда эле эптеп айдап жатабыз. Эптеп жерди семиртиш үчүн кык төгөбүз, селитрага акча жок. Анан курт-кумурска көбөйдү, жук деген көбөйдү. Мурда жок болчу, мурда тигип, чаап анан казып алчубуз. Азыр эми жайла жуктун аркасынан жүрөбүз 4 жолу дарылайбыз. Ал Россияданбы картошка алып келгенде жуктарды кошо алып келди окшойт. Анан дарылаганда ал уу да, жерге зыян таасирин тийгизип жатат. Жылдан жылга эле түшүм азая берсе элге кыйын эле болот да, анан кандай жашоо болот, эптеп жашап жатабыз. Эгер оңолбосо келечекте мындан да жаман болушу мүмкүн. Мунун алдын алуу үчүн кандай кылсак болот, мисалы машиналардын түтүнүн азайтуу керек, жерди семиртиш керек, которуштуруп айдоо керек, туура пландаштыруубуз керек ошондо жакшы болот.

Менин жерим 1,5 га анын 25 сотигине буудай айдайм. Баарынан биринчи ушул буудайды карайм 25 сотиктен 1 тонна 500 алам, өзүмдңн үй-бүлөмө жетет. 50 сотик картошка айдайм андан 7 тонна алабыз. Калганына төө буурчак айдайм, чөптү болсо сатып алабыз. Жыл сайын жер которуштурам буудай айдаган жерге кийинки жылы буурчак айдайм, ошондо гана жакшы түшүм алса болот. Анан көп деле селитра бербейм, жалаң эле аттын, уйдун богун берем чогултуп. Анан ушул убакта чачып коем, анткени жамгыр менен бок дагы сиңет. Бирок бизде комбайн жок, 25 сотик буудай үчүн мен комбайндын аркасынан бир ай жүрөм. Буудайдын душманы дагы көп, карга деген чыкты кайтарабыз. Каргалар отуруп алып аймак-аймак кылып жеп салышат. Ошон үчүн былтыркыга караганда быйыл азыраак алып калдым буудайды. Эртең мененки саат төрттөн баштап кайтарабыз, бир балам ошол жерде жүрөт. Мурда каргалар келбечи эки жылдай эле болду го, ушундай болуп жатканына. Анткени, буудай аз, каргалдардын жей турган тамагы жок болуп жатат.

Leave a Reply