Карабалаева Зейнеп:Жараткан кандай кылам десе өзү билет

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат

Карабалаева Зейнеп, 47 жашта, Сыны айылы, Жалал-Абад шаары

Климат дегенди мен аба-ырайы деп түшүнөм. Биздин Кара-Жыгач айылында аба-ырайы жакшы, ар нерсе өз убагы менен, жаз жаздай, күз күздөй дегендей. Ошондуктан мөмө-чөмөнүн бардык түрү өсөт. Кара-Жыгачтын алмалары аябай даамдуу болот, анан чоң-чоң дагы болот. Дагы бизде жүгөрү жакшы болот. Жүгөрүнүн көп түрлөрү өсөт, бадырак жүгөрү деген бар, малга жем боло турган түшүмдү көп бере турган жүгөрү өсөт, адамдар оокат-аш катары колдоно турган даамдуу жүгөрү да бар, андан талкан жасап, жентек той бергенде азык жасашат, жайкысын жарма жасашат. Биздин жердин кыртышы да жакшы, ошондуктан жер-жемиш дагы жакшы өсөт, дарбыз, коондон башкасы. Дарбыз менен коон ысыкты жакшы көрөт да, ошондуктан бизде бышышы кыйын.

Быйылкы кыш жылдагыдан жеңил болду го, жылда бизге бир жарым тонна көмүр жетпей калчу эле, быйыл жетмек түгүл артып да калды. Быйыл кыш бардык жерде эле жеңил болсо керек го, Токтогул суу сактагычында кар аз жаагандан суу толбой калды, энергия аз деп эле светти өчурүп коюп жатышты го. Кычыраган кышта свети жок отурсаң аябай жаман болот экенсиң, уй жылуу болгон менен жарык болбосо жаман экен да. Баягы илгерки эле заман болуп калат экен. Мен жакында Бишкекке бардым эле, келе жатканда атайын уктабай келбедимби, суу сактагычты көрөйүн деп, суу толуп эле калыптыр. Эми кыш келгенде көрөбүз да, свети эмне шылтоо менен өчүрөөр экен, эгер чындап эле суу аз болгондон свет өчүп жаткан болсо, демек быйылкы кышта өчпөшү керек. Мен бир нерсеге таң калам да, канча жылдардан бери жетип жүргөн суу быйыл эле жетпей калганына. Мына мен 50 гө жакындап калдым, дегеле бир жарык өчүргөн жорук болгон эмес да. Биз го көмүр алып алабыз, Таш-Көмүрдө туугандар бар, көмүрдү алып келип таштап кетишет, арзан баада. Болбосо көмүр кымбат да, кышында 1 кап көмүр 150 сомго чейин чыгып кетет. А бир кап көмүрүң 2 жаккандан чыкпайт, кээ бир адамдар машиналап алганга мүмкүнчүлүгү жок, кап менен алышат да. Анан көмүр, отунга кичине жардам болсун деп үйлөрүн ток меш менен ысыткан адамдар да бар да, ошолор жарыксыз кыйналып калышат экен.

Жаз жакшы болду, бирок быйыл башка жылга караганда мөндүр көп жаады да, мөндүр көп жааса мөмөлөр да котур (карала) болуп калат да, күүп салат мөмөнү. Бирок ошого карабай быйыл бизде кайналы (кара өрүк) аябай жакшы болду. Кайналыны кургатып алсаң, кайналынын кагы аябай кымбат болот, атайын ар жактан келип жыйнап кетишет.

Мурда биздин жаш кезибизде кыш оор болчу эле. Бара-бара кыш жылуулап бара жатат окшойт, биз жаш кезибизде кышында жалаң баш жүрө алчу эмес элек, чүмкөнүп, чоң жоолуктар менен оозу-мурдубузга чейин кошо оронуп алат элек, антпесең тоңуп калчусуң. Азыр болсо кышында деле жылаң баш жүрө беришет. Бул өзгөрүүнүн себеби ар кандай нерсенин таасиринен улам болуш керек деп ойлойм. Балам айтып калат, завод-фабрикалардан чыккан кара түтүндөр, машиналардан чыккан уу газдар баары абага көтөрүлүп, асманда бизди күндүн катуу ысыгынан сактап турган абада тешикчелерди пайда кылат экен да, анан ошол тешикчелер чоңоюп отуруп, күндүн нурун жакшы тоспой калат экен, ошондо күндүн нуру жерди катуу ысыта баштайт экен, мен да ойлонуп көрсөм, чын эле ошондой окшойт, башка эмне себеп болмок эле, бир себеп ошол, дагы бир себеп – кудай-таала. Жараткан кандай кылам десе өзү билет да, мурда кудай бар десе ишенчү эмес элем, азыр жашым өткөн сайын ишенип баратам. Кудай чындап эле бар окшойт го.

Мунун кантип алдын алса болот? Кантип жерди титиретпей кое аласың? Титирей турган жер сен каалайсыңбы, каалабайсыңбы, баары бир титирейт да. Мындай нерсенин алдын ала билип, токтотуп калыш адамдын колунан келбейт го. Булар эми бизге баш ийбей турган көрүнүштөр да. Кээ бир жылдары жамгыр болбой калса, жамгыр бер деп, кудайы өткөрүшөт. Ошодон кийин кээде жамгыр жаайт, кээде жаабай деле коет, жаабай калганда дагы кудайы өткөрүшөт. Мен ойлойм да, бул жөн эле элдин кудайга болгон ишеними деп, жазында эми эртеби-кечпи баары бир жамгыр жаайт да.

Табигый кырсыктардан сактанса болот деп ойлойм. Быйыл жазында аябай көп жамгыр жаады го, ошондо кээ бир үйлөргө суу кирип, каптап кетти, мына алар ошондон кийин үйлөрүнүн тегерегине цемент менен кенен суу ага турган кылып арыктарды жасатып коюшту. Эми жамгыр канча жааса дагы суу үйгө кирбей, ошол арык менен башка жакты көздөп агып кетет. Анан кээ бир жерлерде жер көчүп жатпайбы, ошол жерде жашагандар деле башка жакка көчүп алса, андай кырсыктан сырт болот деп ойлойм. Кызыл-Тууда биздин туугандарыбыз бар, ошолор кырдын түбүндө жашайт, мына ошолорго бул жер бара-бара көчүшү мүмкүн деп айтышыптыр. Эми алар дагы ал жерге көнүп калышкан да, орун-очок алып дегендей, кеткилери жок, эми айласы жок көчөт да, башка жер берсе. Башка жерге көчүп алса өздөрүнө эле жакшы да, качанкыга чейин коркуп жашамак эле, бир күнү жер көчүп, басып калса эмне болот.

Leave a Reply