Кадырбеков Козубай:Кыштын кыштай… болгону жакшы

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Кадырбеков Козубай, 65 жашта, пенсионер, Майлуу-Суу шаары, Жалал-Абад шаары

Пенсияга чейин лампа заводунда иштегем, азыр ардактуу эс алуудамын.

Биздин бул Майлуу-Суу шаарында бензин чыгат, бензин деген бул май да, анан шаардын ортосун бөлүп суу агат, анан май ошол сууга да кошулуп кетет окшойт, ошол себептен Майлуу-Суу деп аталып калган болуш керек.

Биздин шаардын климаты жакшы эле, мөмө-жемиш дегендин баары өсөт, бирок биздин шаардын экологиясы жаман десем жаңылбайм, себеби биздин шаарда урандын калдыктары бар. Уран бул адам баласынын ден соолугуна эң зыян турбайбы, билинбей жей берет экен. Азыр бул көйгөй маселе мамлекеттик деңгээлде каралып жатпайбы, бирок эч кандай иш-аракет жок.

Быйылкы кыш кыштай эле болду. Жакшы эле, өтө суук эмес, кар дагы өз убагында эле жаады. Бул жакшы, кайсы бир жылдары 3 жыл катары менен убагында кар жаабай, жаңы жылды кары жок тоскон жылдар болгон, кар убагында жаабаса, жазда жер кургак болуп, эгин-тегин, жемиш болбой, кымбатчылык болот да.

Быйыл жаз дагы жакшы болду, жамгыр көп болду эле, чөп да жакшы болду, шаарда бирин-экин мал кармайбыз да, мал кармабасаң дагы болбойт экен, кыргызда той-тамаша деген нерсе көп болот го, андай жерге союш союп барбасаң, уяттуу жер болот дегендей. Ушу төрт малды кышында кантип багабыз деп көп ойлончу элек да, быйыл чөп көп болуп, малдын кышкы жемин да мол кылып камдап алдык. Жазга чейин кенен жетет, атүгүл артып да калат болуш керек.

Биз жаш кезде кыш кырчылдап келчү. Сууктугун айтпа, мурду-бетиңди жөн эле тызылдатчу. Тамдын башын, шыйпырды, ар кар жааган сайын тазалап турбаса, шыйпырынды сындырып жиберчидей болуп оор кар түшөт эле. Бир жылы 1984-жылы, бир жума тынбай күнү-түнү кар жаап, тоодой болуп калды го, кар деген неме. Кар тазалагыч машиналар тазалап жетише албай, окуучуларды, элдерди кар тазалаганга айдап, күрөк менен көчө тазалаганбыз. Кардын көбүнөн машиналар жүрбөй, дүкөнгө нан алып келе албай, эл дүкөндөгү болгон нерсенин баарын сатып алып жеп, эптеп курсактарын тойгузганы эсимде. Качан гана кар тазаланып бүткөндөн кийин машиналар дүкөнгө нан ташып, турган кезекти айтпа, нанды жөн эле тытып кетишти го. Ал убакта азыркыга окшоп эч ким өзү нан жаап жечү эмес, союз убагы, баары кенен, ач калам, ток калам деген эч кимдин оюна да келчү эмес. Бир убактарда ушундай кыш болгон. Азыркы кыш да кышпы, мурдагыдай кар жок, мурдагыдай суук жок, азыркы кыш жаздай эле болуп калды го, жамгырдын ордуна кар жааганы эле болбосо.

Климаттын өзгөрүшү  бир эле менин жашоомо эмес бардык адам баласынын жашоосуна таасирин тийгизет. Адам баласынын жашоо-тиричилиги климат менен тыгыз байланышта. Кышында көп кар түшсө тушум деген нерсе жакшы болот, бирок тескери таасири да бар. Эгер кыш өтө оор болсо, отун деген нерсе көп кетет, көмүр деген нерсенин баасы кышында асмандап кетет, бир кап көмүрүң эле 100 сомдон нары турат. Союз убагында кыш суук болгон менен арзанчылык эле да, кабат үйлөргө жылуулук мамлекет тараптан келип турчу эле, азыр кабат үйлөрдө жашагандар деле бизден айырмасы жок, бизге окшоп меш куруп от жагып калган, отун-көмүргө алы жетпесе меш колдонушат, күчтүн баары токко келип жатат да.

Жайында көп күн ысып кетсе, жашоо-тиричилик эле эмес, адамдын өмүрүнө деле коркунуч алып келет. Мына былтыр жайында күн аябай ысып кетти эле, эки кары адамыбыздын канн басымы көтөрүлүп кетип, көзү өтүп кетти. Догдурга убагында кайрылбай калышыптыр, болбосо догдур эптеп сактап калат эле. Анан кыш келди дегиче тумоо башталат, чүчкүрүп-бышкырып ооруп калышат, кары-жашы дебей. Былтыр кышта тумоо күчөп кетип, мектептерди карантинге 2 жумага жапты. Мына ушунун баары климаттын өзгөрүшүнөн да. Анын себебин билсек, алдын алып, климатты өзгөртпөй коет элек го, ошо себебин билбейбиз да. Ал нерсе адам баласынын колунан келбей турган нерсе. Кантип өзгөртөсүң? Климатты өзгөртүү ммкүн эмес. Бул эми жаратылыштын кубулушу да.

Жер титиресе, уйдон чыгып кеткенге аракет кылабыз да, эгер жетишсек, жер кобунчо кутулбогон жерден титирейт да, анан сен жер титиреп жатабы деп ойлонуп, анан качып чыккыча титиреп деле бутуп калат. Эми бизде коп деле зыян тарткыдай жер титироо боло элек, Алайдагылырга кыйын болду, бечараларга, ощондой жер титироодон кудай сактасын. Анан жанагындай жолдорду сел алып кетсе, ортодон акча чогултуп барып ондоп келебиз, эки жагына сел башка жакка аккыдай кылып нук (арык) жасап коебуз, колубуздан келишинче. Андан башка эмне айла кылмак элек. Колубуздан келгени ошо да.

Leave a Reply