Жуманазаров Аманкул, Климаттын өзгөрүшү боюнча

[Бул интервью 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Жуманазаров Аманкул, 47 жашта. 1996-жылдан бери жер иштетип дыйканчылык кылат, Талас аймагы

Аба-ырайы аябай эле өзгөрдү. Мисалы: Бул убакта кыш болуп турчу эле а быйыл жаздай жерде тоң жок, тоң бат эрип кетти. Бул убакта тоң 21-нен кийин чыкчу эле. Себептери көп болуш керек, 1-ден дүйнөлүк глобальное потепление деп жатат, ошондон таасир тийип жатса керек. 2-ден экологиянын бузулушу. Мисалы адамдар биз экологияга туура эмес иштерди жасап жатабыз, завод-фабрикалар менен, машиналар менен абаны булгап жатабыз. Ошондой эле акыркы 3 жылда кургакчылык болуп жатат, жайды жайлай жаан жаабайт, суулар аз болуп жатат. Менимче ушул нерсе цикл-цикл болуп 3-5 жылда кайталанып турат экен, эми жаанчыл болот деп ишенем. Климаттын өзгөрүшү терс таасирин тийгизди, түшүм жакшы албай калабыз социалдык жактан аз камсыз болобуз. Ошон үчүн табигаттын мыйзам ченемдүү жамгыры, кары болуп турганы жакшы. Эгер кар жок болсо, жаан жок болсо кайра эле барып дыйканчылыкка терс таасирин тийгизет, бирок келечек муундар бир нерсесин ойлоп табат болуш керек. Ал эми алдын алуу үчүн биз завод-фабрикалардан чыккан түтүндү азайтуубуз керек, машиналардан чыккан газды азайтуу керек, иномаркалардын срогу өткөндөрүн айдап жүрөбүз андан газдар чыгып абаны булгап жатат, мөңгүлөр эрип жатат. Ошол завод-фабрикалардын түтүндү чыгаруусун фильтрлеш керек, аз түтүн бөлүп чыгаруу үчүн технологиясын ойлоп табуу керек. Биз картошка, кийинки жылдары төө буурчакка өттүк, кызылча айдачубуз аны токтоттук. Анткени аны биз Маймакка тапшырчубуз, анан экономикалык жактан кирешелүү болбой калды, Маймакка алып барып ташыган чыгым көп болуп кетет экен. Талас эли акыркы мезгилде көбүнчө буурчак өстүрүп башташты. Себеби, 1-ден баасы дагы жакшы өзүн-өзү актап кетип жатат, жерди иштеткенге пайда берип жатат. 2-ден бул 2-3 жыл төө буурчак айдалган жер кадыресе семирип жатат, жерди асылдандырып жатат. Бирок төртүнчү жылы ал жерге башка бир нерсе айдаш керек, анткени жерди оору басып кетиши мүмкүн. Жер семирткичтерден аммиачный, аммофосторду колдоном, ал эми жерим алыс болгондуктан кыктарды ташып бара албайм, былтыр Байкал М1 дегенден алып сээп көргөм, эффект жакшы болду. Эми аммиачный жер семирткичтерди биз илгертен эле колдонобуз да, анан жаңы Байкал М1 ди эксперимент катары колдонуп көрдүм, бирок кандай последстве берет ал белгисиз, жердин кыртышын бузуп коебу ал белгисиз.

Leave a Reply