Досмат уулу Чокен: Каатчылык учурда да салык салынчу

[Бул интервью 2008-жылы Айгине тарабынан каатчылык боюнча жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Досмат уулу Чокен, 89 жашта, Талас аймагы

Каатчылык учурда да салык салынчу

Токсонго бир жылдан кийин чыгам. Канча деген кишилер өтүп кетти. Илгери биз бала кезде карыялар чогулуп дөбөгө отуруп алып, ата-бабанын башынан өткөргөн салттарды, кыйынчылыктарды, жаман-жакшылыктарды сүйлөп, айтып отурушаар эле. Азыр андай жок, бир үйгө бирөө баш бакпайт. 1929-жылдан баштап колхоз-совхоз уюшула баштады. 1929-30-31-жылдан тартып каатчылык каптады. Анткени өкмөт жаңы чыгып, байлардын балдарын алып кетип, казактар ушул жерге келип кырылып жатты. Ал кезде мындай там эмес, боз үйдө жашачубуз, ошол боз үйдүн түбүндө, жолдордун жээгинде өлүктөр жатат. Кыйынчылыктан, ачкачылыктан өлүп жатышчу. Бир тойгон жерине, курсагын тойгузуп, жарма, көйө берген жерине баласын же кызын таштап кете берген, не бир сонун буюмдарын берип. Мен көргөндөгү жерлердин баары өзгөрүлдү, аң тегизделип, тегиз жер аң болуп. Жокчулуктун өзү каатчылык, ачкачылык.

Мен өзүм 11 жашымда ата-энемден жетим калып кордуктарды абдан көп тарттым. 6 жыл көрүнгөн  туугандардын колунда жүрүп, кордуктарды тарттым. Эл ошондо аябай ынтымактуу эле, бирөө жарма кылса тегерек четин баарын чакырып, баары чогулуп ичип, өткөн кеткендерди айтып отураар эле. Жада калса, бир тоок сойсо да  баарын чакырып гүлчөтай, шорпо жасап берээр эле. Ал кезде жүгөрүдөн жасалган загара нан жечүбүз, андан башка ашкабак айдап жешчү эле. Ашкабак чоң казандай болоор эле, аны тазалап сууга кесип-кесип салып, кайнатып бышырып жечүбүз. Ал абдан жакшы оокат болот. Талас өрөөнү боюнча ашкабак кушчу жакка бышпай, калган жакка бышчу. Эт деген чанда болчу, өсүмдүк мал жок. Кокус бирөө кой союп касапчылык кылса, 1 кг этти 1 кг жүгөрүгө алчу. Ал бир кг этти айыл боюнча шорпо кылып, 3-4 күн ичебиз. Көбүнчө эле буудай, жүгөрү жарма иччүбүз. Жарманын дагы катыгы жок, ачытып коюп бирине-бирин катыктап иче берчүбүз. Жүгөрүнү тартып казанга нан жасашат, абдан сонун нан болот. Ошол загара нандын аркасы менен жан сактап калдык.

Согуштун учурунда азаптарды көп тарттык, салык  деген аябай көп болду. 30 сотиктен жер берет, ошол жерге жүгөрү айдачубуз, бүт салыктардын баары ошонун мойнунда, аскер салыгы, айыл-чарба налог, зайым, бойдок налог, туубаган аялга, эркекке налог салчу. Согуш маалында да акча керек болду. Бир үйдөн 36 кг эт төлөчүбүз, 45 тоок жумуртка берчүбүз, 36 кг мейли буудай, мейли жүгөрү берчүбүз, 36 кг картөшкө, экиден тери, 2 кг жүн берчүбүз. Согушка керек болуп жатат. Колунда жокторго ооштуруп таап берчү, бербей койчу эмес, ал кезде  ынтымак бар эле. Согуш басылаар жылы 1945-жылдын башында кышында бир ай жер титиреп турду. Жаман-жуман тамдар кулап калды, анча-мынча кишилер үйсүз-жайсыз калды. Ошондо да баары бири-биринин үйүнө киргизип алып жан сакташты. Ал кезде кийим деген жок, эски-ускуну жалгап, шырып кие берчүбүз. Оору көп болгон, анда билимдүү доктурлар аз болгон, дары-дармектери жокко эсе. Келте деген оору орусча тиф деп коет, кызамык, чечек деген оору болгон. Кызамык менен чечектен бала-чака кырылып калчу, бала эмес чоң киши деле өлүп калчу. Анда чечекке деп тилип-тилип укол берип койчу эле. Айыл арасында аны-мунуну көрүп, билип калган, улгайган кишилерди чакырып алып көрсөтчү. Анан ал көк суу деп сүткө суу кошуп ичирчү, чөп-чардан кайнаттырып ичирчү. Чатыраш куурай дегенге жуундуруп, киринттирчү.Айыл арасында мергендер тоого барып кийик атып калса, бир айыл элге бөлүп берчү. Мисалы, бир айылда он чакты үй болсо, он чакты үйгө аз-аздан да болсо атып келген кийигинин этинен бөлүп берчү эле. Мергенчилер кийик, аркар, элик, кулжа, эчки теке атчу. Эчкилүү тоодо эчки, теке деген көп болгон. Мылтык деген аз болгон, анын  ордуна көңдөй кара темирлерди мылтык кылып, атышчу. Анан милтелүү мылтык деп койчу, шыйракты орнотуп оор кара темир ошого дарыдан, октон салып, анан кийин пахтадан милте кылып, аны күйгүзүп, дарыга тийгизип атчу. Каатчылык учурда ырым-жырымдарды пайдаланчубуз. Маселен, ата-бабанын эски салтын улантчыбуз. Муздак сууларга жаткырчу, кайнатып алып суу менен учуктап, уруп ырымдачу, көк суу берчү, ооруларды ошентип, эмдегенеде  жакшы болуп кетишчү. Мазарга анда чанда гана киши барбаса, андай деле көп адам барчу эмес. Мазарга төрөбөй жүргөн аялдар барчу, мисалы мен өзүм согуштан кийин 1950-жылдары Чаткалга Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнө бардым, кемпирим экөөбүз ээрчишип алып, анда жашпыз. Бир жума жол жүрүп барып келгенбиз. Барганыбыздын себеби, балдарыбыз токтобой койду, төрөгөн балдар өлө берди, ошонун себебинен барганбыз. Ушул каатчылыктан, кыйынчылыктан чыгып кетет деп айыл арасында жармадан жасап алып, көйө кылып алып кудай тамак өткөрүлчү. Өлгөн адамга куран окутуу, тиги бу кылуу деген өзү кыйын эле, колдо эчтеке жок.

Leave a Reply