Борбиева Жумагүл:Аба-ырайынын түркүнүн көргөнбүз

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Борбиева Жумагүл, 62 жашта, пенсияда, Кочкор-Ата району, Жалал-Абад шаары

5 балам бар, 9 неберелүү, 2 чөбөрөлүү болдум. Мен союз убагында колхоз-совхоздо иштеп жүргөм.

Бул жердин климаты жайында ысык болот. Ысык болгону жакшы, мына бизде эгин-тегин көп эгилет да, мына ошо эгинге ысык жагат, анан бизде пахта өстүрүлөт, пахта дагы ысыкты жакшы көрөт, күн катуу ысыганда ушундай бир бажырап аппак болуп ачылат, эми аны көрүп туруп чарчаганыңы деле сезбейсиң, тергиң эле келе берет.

Куда кааласа, быйылкы 2008-жылдагы кыш жылдагыдан жеңил болду. Бул кышта кар деле көп жаткан жок. Анысы элге жакшы эле го, бирок кыштын кыштай эле болгону деле жакшы, жер канча ным болсо, эгинге ошончо жакшы. Кар көп жааса, эгин мол болот. Бизде эми кышында көп деле кыйынчылык болбойт, кудайга шүгүр. Биз кышында башка жактагыларга окшоп отун-көмүр алыш керек деп, от жагабыз деп кыйналбайбыз да. Биздин шаарда үйлөр газ менен ысытылат.

Быйыл жаз аябай жакшы болду, мындан артык кандай болмок эле, жамгыр керек болгондо, жамгыр жаап берип жатты, күндүн табы керек болгондо, күн тийип берип жатты. Мына ошондуктан быйыл куда кааласа, эгин-тегин да жакшы болду. Талаадагы чөптүн өскөнүн айтпа, жылда бул убакта чапканга чөп таппай калчу элек, быйыл болсо минтип оруп жетише албай калдык. Куда кааласа мал да кыштан жакшы чыгат.

Мен жаш кезде аба-ырайы ар кандай болгон. Кургакчылыкты да көрдүк, сел каптаган жылдар да болду, ызгаардуу кышты деле көрдүк. Баары болду, кар эрте жаап таштап, пахтаны толугу менен бышырбай, кардын алдында кала берген жылдар да болду. Бирок, акыркы жылдары, куда кааласа, баары ойдогудай эле болуп жатат го, кудайга миң мертебе шүгүр.

Жаз жаздай, күз күздөй, кыш кыштай болсо, ар мезгил өз убагында болсо, эгин-тегин мол болуп, элдин жашоосу дагы жеңил болот да. Мындан үч жыл мурда жазында жамгыр токтобой, отургузган жашылча, эгиндерди сел алып кеткен. Ошол жылы жер-жемиш, ун дегендер аябай кымбат болуп кетпедиби. Былтыркы жылы болсо, бактагы мөмө-жемиштерибизди мөндүр жаап күүп кетти эле, мөмө-жемиштер кымбат болду. Мына ошентип адамдардын жашоосу аба-ырайы менен ото тыгыз байланышта да.

Климаттык өзгөрүүлөрдүн алдын алуу бир алла-тааламдын колунан эле келбесе, бизге окшогон адамдын колунан кантип келсин? Мөндүрдү кантип жаадырбай кое алмак элек? Же нөшөрлөп төккөн жамгырды токтото алмак белек? Мындай нерселерди өзгөртүш адам баласынын колунан келчү нерсе эмес да. Жаз мезгилинде «Жаздан аман чыктык. Жаз жамгырлуу болсун. Эгин-тегин көп болсун» – деп тилек кылып, кудайдан тилеп, көчөмө-көчө чогулуп кудайы өткөрүп жүрөбүз.Кырсыкты кайдан деп билип болобу? Мына азыр күн жаркырап эле тийип турат. Азыр бир жарым сааттан кийин эмне болоорун биз кайдан билебиз? Балким нөшөрлөп жамгыр төгүп ийеби же жер титиреп кетеби, билбейбиз да. Эгер бир кырсык болоорун алдына ала билсек, анда алдын ала бир аракетин көрөт элек да. Мисалы, жанагы Алайда болгон жер титирөө алдын ала айтылса, эл дагы бир айласын кылып жанын аман алып калат эле го. Бизде эми көп деле кырсык болбойт дечи. Бирок былтыр эки-үч жолу жер титиреди. Кээ бир жылдары жамгыр жанагинтип ак жаанга айланып алса, сел каптоо болуп калат. Ошондой болгондо талаадагы эгиндерди жууп кетет да. Анан ошол жылы эгин болбой, кымбатчылык болуп калат. Былтыр дагы укмуштуудай чоң-чоң мөндүр жаады, андай мөндүрдү мен деги эле көрө элек болчумун. Андай мөндүр жемиштерди күүп салат да. Деги андай кырсыктардан кудай-таалам өзү сактасын, кудайдан башка айла жок.

Илгерки китептердин биринде «Жер үстүндө акыр заман болот. Акыр замандагы адамдардын бою кичинекей болуп калат экен. Жанагы эрмен деген чөп бар го, акыр замандын адамы эрмендин үстүнө чыкса, эрмен көтөрө турган болуп калат экен. Анан ошондо жер жүзүндө кыямат болот» деп айтылат экен. Эми жанагындай кырсык-пырсык болоорун бир жараткан кудай өзү гана билбесе, башка ким билет? Анан тиги эртеңки боло турган аба-ырайы жөнүндө билсе болот. Эми айылдагылар эртең күндүн кандай болоорун күндүн батып баратканына карап билишет. Мисалы, батыш жактан күн кызарып батса, эртеңки күн ысык болот. Анан тиги ай жаңырганда келе турган айдын жаанчылбы, кургакчылбы болоорун дагы биле алышат. Эгерде ай жаңырганда типтик болуп жаңырса, кийинки айдагы жамгыр өз орду менен болот. Эгерде ай типтик болбой, жатып чыкса, же бир жакка кыйшайып чыкса, анда боло турган ай жаанчыл боло турганды билдирет. Анан тиги радио, телевизордон деле айтышат го, «эртең жамгыр болот» – десе, жамгыр болот, «кар жаайт» – десе, кар жаап коет. Кээде мен ойлойм да, ошол эртеңки күнү кар жаай турганын сезген, билген нерсе жердин титирешин же титиребешин деле сезбейт бекен деп. Эми жанагындай сел жүрсө, эгин-тегинди кайра эгип койсок болот экен. Анан жер титирегенден элдер көп зыян тартып калып жатат да.

Leave a Reply