Атамбеков Алияр:Көмүр чыккан жердин климаты

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Атамбеков Алияр, 44 жашта, тиш догдур, Таш-Көмүр шары, Жалал-Абад шаары

Көмүр чыккан жердин кышы да катаал болбой, жеңил болот экен. Жердин түбүндө көмүр кени жаткандыктан, жерден жылуулук кетпейт дагы, жааган кар бат эле эрип кетет. Башка жактагыдай бул жерде кышы менен калың кар жатпайт. Биринчиден, көмүрдүн күчү менен эрип кетет, экинчиден, кышкысын шамал болот дагы, ал карларды учуруп кетет. Бул кыш мезгили жөнүндө, ал эми жай мезгили жөнүндө айта кетсек, бул жерде жай өтө ысык болот. Себеби, биринчиден, биздин шаар тоо-таштуу жер, таш ысыкты өзүнө тез сиңирет, таң атканда араң муздап баштайт, кайра күн чыгып, кайра ысый баштайт. Ошондуктан түндө деле бул жерде дем болуп турат. Экинчиден, бул жерде көмүр кени болгондуктан, жайдын ысыгында жердин бетине жакын жаткан көмүр же ачык жерде жаткан көмүрлөр күндүн табынан ысып, өзүнчө түтөп, ысык түтүн чыгарып турат. Ошол себептен дагы бул жердин жайы өтө ысык.

Көмүрдүн барынын бир жагы жакшы. Бул жерде жумуш аз болгондуктан, шаардын тургундары кышында көмүр казып сатышып, өз тиричилигин өткөрөт. Терс жактары да бар. Себеби. көмүр түтөгөндө экологияны булгап, жан-жаныбар, өсүмдүк, адамдарга терс таасирин тийгизген учурлары кездешет. Мисалга айта кетсек, бул шаардын Түндүк деген кичирайон тарабында ачык карьералар көп болгондуктан, өсүмдүк жакшы өсө албайт. Себеби, абасы ыш жыттанып турат. Ошол себептен, башка жерде өскөн түркүн-түрлүү дары чөптөрдүн түрү бул жерде өспөйт. Бул жерде негизинен шыбак, коен томук деген сыяктуу кургакка, ысыкка чыдамдуу гана чөптөр өсөт. Мына ушул себептен дагы бул жердин климатына, экологиялык абалына жана географиялык шартына ылайыктуу эчки жандыгынан башка малдын түрү аз кездешет, кой, уй дегенди коп бага беришпейт, биздин шартта бул жаныбарлардын жашашы кыйын. А эчки деген неме ушундай тоолуу-таштуу жерди жакшы көрөт экен.

Ар бир жер өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен бири-биринен айырмаланат. Биздин өзгөчөлүк мына ушунда: биринчиден, жерибиз көмүргө бай, экинчиден, бул жерде курулуш материалы катары колдонулуучу өзгөчөлүү таштар көп, таш, суу – бул дагы өзүнчө кен байлык да. Бул жерде жашоочулардын короолору таштан курулат, чекелерин кирпич менен карматып коюшат. Буларды боеп да кереги жок, өздөрү эле жаратылышынан бири көк түстө болсо, бири – жашыл, бири кызыл түстө. Бул таштар менен курулган тамдар да бар. Таш-Көмүр шаар болуп жаңы курула баштаганда, шахтыга иштөө үчүн ар жактан: Россия, Татарстан, Өзбекстан, Казакстан жана башка жактардан элдер келип иштеп, мына ушул жерде отурукташып калышкан. Ошол убакта немецтер таштан үй курушкан экен. Ал таштан курулган үйлөрдүн бекемдиги ушундай, бул үйлөрдү бузуп, жаңы салабыз деп эксковатор менен бузганда дагы дубалын буза албай коюшкан. Мындай үйлөр биздин Түндүк кичирайонунда аябай көп. Таштан курулгандыктан, чептен да бекем. Ошондуктан бул үйлөр далай-далай жылдар бою тура берет. Биз мына ушундай өзгөчөлүктөр менен сыймыктанабыз.

Ал эми климатын айта кетсек, климаты катаалыраак, бирок биз ошого ыңгайлашып калганбыз. Мисалы, жайкысын өтө ысык болгондуктан, түштө, аба аябай ысыган мезгилде эл көчөгө чыкпаганга аракет кылат. Жумуштарын эртең менен салкында, же кечки салкында бүтүргөнгө аракет жасашат. Эгерде кандайдыр бир зарыл жумуш болуп калса, күндөн калкалоочу ак шляпаларды кийип же кол чатыр көтөрүп чыгышат. Ошондуктан түштө адамдарды көчөдөн аз жолуктурасыз. Дагы климатка ынгайлашуунун бир туру катары короо, бактарына көбүрөөк дарактарды өстүрүшөт. Көчөлөрдү бойлото тал-теректерди отургузушат. Колунан келгендер, шарты барлар эшигинин алдына кичинекей болсо да бассейн курганга аракет кылышат. Суу сактаган хаос деген нерсе 90% адамдын эшигинде бар. Бассейн кургандын себеби, Нарын жаныбызда турганы менен жайдын сазыраган ысыгында да ага түшүүгө мүмкүн эмес. Суусу өтө муздак, муздак сууга түшкөндө тарамыш түйүлүп калат, бул адамдын өмүрүнө чоң коркунуч алып келет, адам агып кетиши мүмкүн, андай кокустуктар да болгон. Экинчиден, Нарын дарыясы сырттан мелтилдеп агымы билинбегени менен өтө тез агат. Үчүнчүдөн, бул дайра түпсүз жана айлампалары көп. Айлампа дегеним, бул суу акпай бир жерди айланып туруп, суунун түбүн көздөй тарткан тартуу күчү бар. Айлампага капысынан туш келип калса, ал жерден сүзүп чыгып кете албайт. Бул жерде суунун түбүн көздөй тартып кетет.

Leave a Reply