Арыкбаев Молдокан

This post is also available in: Орусча

Арыкбаев Молдокан, 1932-жылкы, Талас району, Жон-Арык айылы

Мен өзүм эмгек сиңирген сүрөтчүмүн. Ар кандай оюмдарды кемпириме тартып бергем, ал болсо шырдак, ала кийиз жасаган. Менин ар кандай айылдагы төбөсү көрүнгөндөрдү тарткан сүрөттөрүм бар. Мектепте менин музейим бар. Барып көрсөңөр болот. Сүрөт тартууда мен өзүм столярный крем дегенди колдоном, ар кандай боекторду, май краска деген болот, аны Бишкектен алып келем, Ленинграддан келет. Анан раствор деген болот. Мен эми 1 метр, 2 метр сүрөттөрдү тартам.

Менин өзүмдүн улуу балам “Кыялды” бүткөн, 20 жылдан бери мугалим болуп иштейт ошол жакта, анан бир неберем Тургунбай Садыков атындагы сүрөт академиясында 3-курсту бүттү. Анан экинчи бала деле окубай эле тартат, анан сүрөткө берейин десем, ыраматылык кемпир баарың эле сүрөтчү боло бересиңерби деп окутпай койгон. Негизи бул кан кубат экен да. Менин өзүмдүн атам мыкты мүнүшкөр болгон экен, анткени куштун тилин билген да. Атам ошондой киши болгон.  Анан менде да бир аз алдын ала биле турган касиет бар, бир азыраак.

Менин атам өзү жайчы болчу. Анан мен да бир аз ошондоймун. Жайчы деген жаратылышта боло турган аба-ырайын алдын ала билип коет. Эми кудай таала анча-мынча шыбага берип койгон, мен өзүм 40-жылы 8 жашта экенмин, ооруп, мага кызамык чыгып, бир түндө өлүп-тирилгем. Мен анын баарын сезем, апам жанымда ыйлап жатат, жанында бир кемпир бар. Ошондо мен таңга маал тирилдим. Анан 3 жыл өттү, ошого чейин мен жакшы боло албай ооруп жүрдүм. Бир күнү бир цыган аял үйгө келип, төлгө салып бериптир, мен анда үйдө жок элем

– Балаңар өлүп-тирилиптир, силер аны билбейт экенсиңер, ооруп жүргөн турбайбы, жакшы молдо таап окуткула, анан жакшы болот, – деген экен.

Анан ыраматылык атам, Жамбылдан бир тили бурууну алып келет. Анан ошол молдо периштелердин жакшы, тазасы жолугуптур деп мени окуткан экен. Ал туура 15 күн окуган экен. Ошондон баштап мен айыгып кеткен экенмин. Анан пайгамбар жашына чыкканча эч кимге айтпагыла, көп сырлар көрүнөт деген экен.  Анан мындайлар күндүз эле мага көрүнө берет, мени тигил жакка алып барып, кайра алып келип калышат. Тигил дүйнө бар. Мына мисалы бүгүн айдын үч жаңысы болуп калды, ай тынчы жогураак экен. Бирок азыр чилде да. Айдын ортосуна чейин жамгыр бир аздан себелеп, анан күн кайра ысып кетет. (Аида эже, чындыгында эле биздин аба-ырайы ушундай болду. – Бул маалымат алган изилдөөчү Мамекова Бүбүзинанын “Айгинеге” эскертүүсү). Мисалы айбанаттардын, канаттуулардын деле мамилесинен  байкоого болот.

Жайчылыкта кандайдыр бир курал-жарактар деле колдонулбайт. Азыр эле окумуштуулар таап албадыбы. Мен өзүм дуба же ырым-жырым деле колдонгон жокмун, бирок колдонгондор бар болгон. Мисалы мен ушул убакка чейин намаз окубайм. Себеби менин шартым жок. Бирок илгерки убактарда дуба менен кысталыш убакта күндү жаадырып жибергендери болгон экен.

Аба-ырайыны өзгөртүүнүн кандай зарылдыгы бар? Бул нерсе башка кыйынчылык түшкөндө пайда болгон да. Эгер мактанып, мен азыр күндү өзгөртүп жиберем десем, анда кудайга күнөөкөр болуп калам, ошонун да тигил дүйнөдө сурагын берет экен. Эгер жалпы журтчулукка керек болсо, анда сооп иш тапкан.

Жайчы жаратылыш-чөйрөнү байкап жүрөт, мезгилди санайт. Касити бар адамдар жайчы болот. Жайчылык  өнөрү бар адамдардын жеке тагдыры бул касиетти таза кармап жүрсө жакшы эле болот. А бирок, туура эмес иштерди кылса зыянга учурап калышы мүмкүн. Жайчылык каситтен баш тартса болот, эмне үчүн болбойт. Айткың келбесе айтпай эле кой. Жайчылык касиет жок да болуп калышы мүмкүн. Эгерде туура эмес күтсөң. Ичимдик ичип, адамдарга күнөө кылсаң жок болуп кетет, анткени периштелериң айтпай калат. Жайчылык касиет тукум кууйт. Менин өзүмдүн чоң атам жайчы болгон да. Мен толук жайчы боло албай калдым.

Тигил дүйнө эми бир укмуш. Акыл-эсти кудай таала өзү бийлеп алат экен. Ал жакта уруш-талаш жок. Баары эле учуп жүрүшөт экен. Кепинсиз көмүлүп калган адамдар этек-жеңи жок көйнөк кийип жүрөт экен. Кепиндүү коюлган адамдардын бети эле көрүнөт, калган жери туюк. Мен дайыма үч көпүрөдөн өтөм. Ошол жерден адамдар улам сорттолуп кала берет экен. Кээ бир адамдар көпүрөдөн өтпөй, тозокко түшүп калат экен.

Негизи таза жүргөн адамдын орду түбөлүк бейиште экен. Эч кимге күнөө кылбаса, момун болсо, анда ал адам сөзсүз бейиште болот. Бул дүйнөдөгү кылган иштериң тигил жактан тасмадан көрсөткөндөй көрүнүп турат экен. Бейиштин жерин эми кол менен жасай албайсың.

Бейиштеги адамдар эч кандай жумуш кылышпайт экен. Жөн эле эс алып жүргөн адамдарды көрдүм. Мага негизи эки колтугумдан сүйөп жүргөндөй болду, бирок, мен аларды көргөн жокмун. Бейиште көбүнчө аял кишилер экен. Жүздөн бири же болбосо миңден бири эркектер экен. Мени эч ким сен келдиңби, койдуңбу деп мага көңүл бурушкан жок.

Leave a Reply