Арзыбаева Кутбүбү:Биздин климат өзүнчө эле табышмак да…

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Арзыбаева Кутбүбү, 43 жашта,  Жаңы-Жол айылы, Жалал-Абад шаары

Климат деген бул жалпы жолунан аба ырайы дегенди эле билдирет. Ожеговдун сөздүгү боюнча, «климат – бул ар бир жердин шартына жараша болгон аба-ырайы». Мен ушул аныктама так айтылган деп ойлойм. Себеби, чындап эле ар бир жердин климаты ар түрдүү болот эмеспи. Мисалы, Сибирде өтө суук, ошондуктан Сибирдин суугунан көптөр коркушат. Аравияда, Африкада өтө ысык, ал эми Орто Азияда болсо мелүүн климат. Биздин Кыргызстанда деле ар жердин климаты ар башка, Жаңы–Жол айылында мелүүн климат, ал эми Таш-Көмүрдө болсо, кышы – шамаал, жайы – өтө ысык.

Мен ушул Жаңы-Жол айылында төрөлүп, балалык кезим ушул жерде өткөн. Ал убакта аба ырайы башкача эле, кышы аябай суук болчу эле. Азыр кыш андай суук болбой калыптыр, мен бул жакка ата-энеме, туугандарга көп келем да, өзүм азыр Таш-Көмүр шаарында турам. Биз мектепте окуп жүргөндө, кышында сууктун катуулугунан суулардан ак бубак чыгып, туман сыяктуу болуп, 1 метр алдыңда бара жаткан адам көрүнбөй калчу. Каш, кирпик деген нерсе аппак болуп, бубак басып калчу эле, качан гана күн чыккандан кийин бубак күндүн ысыгына эрип кетчү эле. Тетиги агып жаткан Мал-Калды суусуна, кыш өтө суук болгондуктан, калың муз тоңуп калчу, биз сабактан кайтып келе жатып, тоңгон муздун үстүнө хоккей ойноп, муз тепчү элек. Ошентип, кечке ойноп жүрүп, кечинде көк муштум болуп, үйгө жетип барат элек. Сууну болсо ошол Мал-Калды суусунан ичебиз да, суу алганы барганда, суунун бети калың муз болуп калат, ошол музду балта менен чегип, анан суу сузуп келет элек. Ошончолук калың муз турчу. Суунун аркы жээги менен берки жээгиндеги адамдар кышында тээ көпүрө менен айланып келип отурбай, муздун үстү менен чуркап бара калып, чуркап келе калып, жолу кыскарып эле жыргап калышчу. Ал убакта кар көп жаагандыктан, эшиктеги карды күрөгөндө чоң-чоң дөбө болуп үйүлүп калчу, биз ошол дөбөдөн кечке жылгаяк тепчүбүз. Биздин жаш убакта мына ушундай суук болчу эле, кыш оор болгондуктан кээ бир жаныбарлар жем издеп, айыл аралап келип калчу. Бир жылы тээ адам баргыс жакта жашаган элик айылга келип калыптыр, жапайы доңуздар да айыл аралап келип калышчу, азыр бул жерде андай кыш болбойт. Ал мезгилде мектептен алыс жашаган окуучуларды кышында интернатка жүргүзүшчү, суукта алыс жерге барып келип окуш кыйын да, күн да кыска болот, бат эле караңгы кирип калат, алыста жашагандар үйүнө жеткенче караңгы кирип калат да. Анан дагы бир нерсе, улуу адамдар азыркыга чейин 1963-жылды көп эскеришет, себеби ал жылы эң катуу суук болгон экен, биз го андан кийин төрөлүп, ал суукту көрбөй калдык.

Жаз жөнүндө айтсам, жаз көбүнчө жамгырлуу болчу. Эсимде бар, жамгыр көп жааганда сугат суу келген арыктарды сел алып кетип, ошол арыкты тазалап келиш керек дешип, эл кетмен-күрөгүн көтөрүп эле жөнөп калчу а, а биз болсо жаш балдарбыз да, ата-энебизди ээрчип алып биз да барат элек. Бирок, биз эс тартып калган мезгилде жаз кургак болуп, эл жамгыр жааса экен деп, кудайы өткөргөн убактар да болгон. Кудайы өткөргөндөн кийин жамгыр чындап эле жаап калчу. Азыр дагы бир жыл эсиме келди. Биз мектепти бүтүрүп жаткан жылы да жамгыр болбой коюп, кургакчылыктан чөп болбой калган. Ал убакта колхоз-совхоздун көп малы болчу эле, ошол малга кышкыга жем-чөп жок болуп калып, окуучуларды шак (токойдогу дарактардын бутактарын) жыйнаганга алып барган. Кыскасы, ар жылкы аба ырайы ар түрдүү болот да.

Эми, табигый кырсык деген бардык жерде эле болчу нерсе. Эсимде бар, бир жылы бул жерде катуу шамал болуп, элдин тамынын башындагы шиферлерди учуруп, дарактарды тамыры менен жулуп салганы. Эл балдарын үйдөн чыгарбай, кайтарып отурушкан. Биз балабыз да, коркуу сезими деген жок, улам эшикти көздөй чуркайбыз, ата-энебиз урушуп отургузуп коет, бизге эшикте болуп жаткан нерселер кызык да, эшиктеги учуп жаткан нерселерди көргүбүз келет, бирок бизди эшикке чыгарышпайт, мына ушундай «кызыктар» көп болчу ал кезде.

Дагы бир жылы катуу жер титирөө болгон, ошондо Ош-Бишкек канн жолун көчкөн тоо басып калган, эпицентр Суусамырда болгон экен. Радио-телевизордон кайра-кайра «дагы жер титирөө кайталанышы мүмкүн, сак болгула», – деп эскертип турушкан. Элдин баары коркконунан үйүнө жатпай, 2-3 күн эшикте жатышкан, дагы жакшы, ошол убак август айы эле. Август айында күн ысык да, эшикке жатса болот. Кыш болгондо эмне болмок? Ошондон кийин элдин көбү алты канат темир боз үй алып, короосуна тигип алышкан. Мен ойлойм, бул эң жакшы ыкма деп, жер титирегенден да, катуу шамалдан да сактайт, себеби ал боз үйлөр темирден жасалган да. Менин эсимде, биздин бала чагыбызда, жер титиресе, эшикке чыккыла деп, эшикке көздөй чуркачу элек, катуу шамал болсо, үйдү коздой чуркачу элек. Анан ар кандай кырсыктардан сактануу боюнча Америкалыктардын кайсы бир штатында жашагандардын ойлоп тапкан ыкмалары мага жакты. Алар үйүнө жер төлө курат экен дагы, ал жерге да жакшы, жашаганга ынгайлуу шарттарды түзүп коет экен. Ал штатта торнадо, тайфун деген нерсе көп болот экен да, ошол мезгилде дароо жер төлөгө кирип кетип, жашай беришет да. Мындай ыкмаларды биз да колдонсок болот экен, жер төлө жер титирегенден да, селден да, шамалдан да сактайт да. Баягы ата-бабалардан бери жашап келе жаткан жер көзгө жакшы көрүнөт да, ал жерден башка жакка кеткиң да келбейт, ошондуктан кыргыздар баарына тобокел деп, жанагындай тоо-таштын арасында деле, көчкү жүрө турган жерде деле жашай берет.

Менин апам аба-ырайынын кандай болоорун жакшы билет, алардын курагындагы адамдар бүт эле айдын жаңырганына карап, кийинки ай кургакчыл же жамгырлуу болорун айтып коюшат го. Эгерде ай жаңырганда чалкалап чыкса, жамгыр көп болот дешет, эгер тикесинен турса, жамгыр өз убагы менен жаайт дейт. Кыштын оор же жеңил болорун да билип коюшат, эгер кеч куздо момо-дарак гулдосо, бул- кыштын оор болорун билдирет экен, эгер кеч күздө күн күркүрөсө, кыш жеңил болот деп коюшат. Эгер жылкычы чымчык деген чымчык жылуу жакка учуп кетпесе, кыш жылуу болот деп айтышат.

Мен жашаган Таш-Көмүр шаарынын климаты абдан кызыктуу да, табышмактуу да. Кызыктуу дегенимдин себеби, күздө, кышта катуу шамал башталган кезде ар кандай кызыктуу көрүнүштөр көп болот. Азыр бул жердин шамалына байланыштуу бир кызык окуя айтып берейин. 1992-93-жылдар эле, Бишкектен биздин бир курдаштарыбыз бул жакка жумуш боюнча которулуп келип, иштеп калышты. Анан бир кошуна ооруканага жатып калган экен, ошону көрүп келели деп жөнөп калдык. Акмөөр деген курдашым шляпаны кийди. Ал Бишкекте жашап жүргөн да, бул жердин шамалын билбейт. Мен ага: «Шляпа кийбей эле койсоңчу, эшикте шамал», – десем, ал ага маани берген жок. Ошентип үйдөн чыктык, кабат үйлөрдүн арасында шамал анча билинбейт да. Дал көчөгө жеткенде шамал Акмөөрдүн шляпасын башынан учуруп кетти да, шляпа көчөдөгү машиналарга аралашып тоголонуп баратат. Биз эмне кылышты билбей туруп калдык, аркасынан чуркайлы десек, машиналар көп, чуркабайлы десек, баш кийимиңди кантип таштап кете бересиң? Шляпа дагы аябай кооз болчу да, андай шляпаны таштап да кете албайсың. Ошентип айлабыз кетип турсак, бизди байкап калган бир бала машиналарга аралашып чуркап барып, шляпаны кууп жетип, кармап келип берди. Ошентип, шляпаны колго көтөрүп барып келгенбиз. Мына ошондон кийин эле бир жакка жөнөп калсак, Акмөөргө: «Акмөөр, шляпанды эле кийип алсаңчы», – деп тамашалап күлүп калат элек. Ал убакта союз жаңы гана жоюлуп, эл эч нерсеге түшүнбөй, абдан кыйналып турган мезгил эле. Мына ушундай кыйын, өткөөл мезгилде биздин климат кез-кезде көңүлдү көтөрүп, элге жакшы маанай алып келчү, биз ал шляпаны азыр да эстеп, күлүп калабыз. Күздө көчөдө жүргөн элди карап турсаң, шамал этек-жеңди учуруп, далдактатып аябай кызык көрүнөт, бирок бул көрүнуш бизге көнүмүш болуп калган да. Башка жактан келгендерге абдан кызык көрүнсө керек. Бизге келгендер: «Бул жердин шамалы менен ысыгына кантип чыдайсынар?», – деп калышат. Биз мындай климатка ынгайлашып калганбыз да.

Биздин климат өзүнчө эле табышмак да. Азыр күн тийип турса, 1-2 сааттан кийин аба-ырайы кандай болуп өзгөрүп кетерин билбейсиң. Азыр бул жөнүндө дагы бир мисал айтып берем. Бул дагы ошол 90-жылдары болгон. Биз айылга бармай болуп калдык. Чоң кызымдын тушоосун кесиш керек эле. Жыйналып, тамак-ашыбызды, элдерге бере турган белек-бечкегибизди көтөрүп алып, жөнөп кеттик. Биз баратканда күн кайнап турган, 1-май болчу. Биз жайкы кийимдер менен кеткенбиз. Ал жакка барганда күн жаады. Эртеси кайталы десек телевизордон кечинде айтып жатпайбы, Таш-Көмүрдө кар жааганын. Анан биз ал жерден туугандардын пальтолорун алып, кышкы кийимдерди кийип келсек, кар деген тизеден. Жайында кар жаары кимдин оюна келиптир. Мындай нерсе эч болгон эмес. Бирок карылар илгери да бир жайда кар жааганын айтышты.

Бизде жай өтө ысык болот. Ошондуктан чак түш убакта көчөдө эл аз болот. Эл ысыктан сактаныш үчүн жайкы душ орнотуп алышкан, ар бир үйдүн эшигинде жайкы душ бар, ысыкта душка чайынып албаса, ысыка чыдаш кыйын да. Көпчүлүк эл эшигине бассейн куруп алышкан. Бизде жай айында температура 40 градустан ашып кетет, кээде 45 градуска чейин жеткен убактар деле болот. Индияда жайында ысык 50 градустан ашат дегенди угуп таң калчу элек, бизде деле ошого жакындап барып калып жатат. Биздин Таш-Көмүр таштуу да, таштар ысыганда абаны ого бетер ысытып жиберет, булл – биринчи себеп, экинчиси – бул жерден көмүр чыгат, көмүр да өзүнөн жылуулук бөлүп чыгарып турат да, мына ошол себептен бул жерде жайкысын өтө ысык. Көмүр болгон үчүн кышында бул жерде жааган кар дагы көпкө жатпайт, кар бат эле эрип кетет.

Менин бала чагым Жаңы-Жол айылында өткөн дебедимби. Мен андан берки жылдардагы эле климат жөнүндө айтып берейин. Мен айтып кеткендей, бул жерде мурунку жылдары абдан катуу шамал болчу да, шамалдын катуулугунан ток өткөн зымдарды да үзүп кетчү, адамдарды бараткан жолунан чыгарып кетчү эле, азыр андай шамал болбой калган. Күздө, кышта шамал болот, бирок мурункудай катуу эмес. Биз шаардын ортосунда турабыз да, ал жерде анча деле шамал жок, ал эми кичирайондордо дагы деле, бизге салыштырмалуу шамал катуу согот. Шамал башталган мезгилде кичирайонго барсаң, шамал чаңды учуруп, аябай жүдөйсүң.

Менин оюмча, адам баласынын турмушу климатка түздөн-түз баш иет. Биз эми ошол климатка жараша ынгайлашканга аракет жасайбыз да, күн катуу ысып кетсе, күндөн калкаланганга аракет кылабыз, өтө суук болуп кетсе, жылуу кийинебиз дегендей. Жашоо-тиричиликке деле ошондой таасирин тийгизет да. Жогоруда айтып кеткендей жайдын так ортосунда кар жаап таштаса, мөмө-жемиштерди суук чалып кетет, андай учурдарда мөмө-жемишти башка жактан алып келиш керек, ал эми башка жактан келген нерселердин баасы да кымбат болот. Өзүңдүн эшигиңде өсүп турган дарактар мөмө бербей калса, базардан сатып жейсиң да, ал эми катуу шамал болуп, ток өткөн зым карагайларды жыгып же зымдарды үзүп кетсе, аларды оңдоп, түзөгөнчө жарыгы жок отура бересиң. Мындан 3-4 жыл мурда суу кар жаап, зымдар үзүлүп, эл кенен баса албай кыйналган күндөр болгон, ток өтүп жаткан зым суу жерде жатса, ал жерди баскан адамды ток уруп кетиши да мүмкүн, ошондуктан мындай шарттар элге ар кандай коркунучту, ыңгайсыздыкты алып келет. Мындай учурда ар кандай кырсыктар болушу мүмкүн. Былтыр эле бир чоң түп дарак катуу шамалдан кулап, К.Маркс көчөсүн тосуп калып, ал даракты араалап, кесип бүткөнчө 2 күн машиналар айланып, башка көчө менен жүрүп жатышты. Бул дарак түндө, көчөдө эч ким жокто кулаптыр. Ал жерде кичине балдар көп ойночу да, ал жерде мектеп да бар.

Бул жерде көп деле табигый кырсык боло бербейт, бирок былтыркы жылы жер титирөө абдан көп болду. Элдер коркконунан, кабат үйдүн тургундары жер үйлөрдө жашаган урук-туугандарына барып, жатып жүрүштү, жер тамдан качып чыга калганга ыңгайлуу да. Ал эми жазында жамгыр көп жааган күндөрү сел каптоо да болот, бул жерде кум, таш көп болгондуктан, кумдар кырлардан агып түшүп эле, жолдорду бузуп кеткен учурлар көп кездешет.

Мындай кырсыктын алдын ала сактанса болот деп ойлойм. Бирок кырсыкты болтурбай коюу адам баласынын колунан келбей турган нерсе го деп ойлойм, ошондуктан алар «табигый кырсык» деп айтылат да. Адам баласы ошол кээ бир табигый кырсыкты кандайдыр бир жолдор менен элге көп зыян келтирбегендей кылып, жайлатып же убактылуу токтотуп турушу мүмкүн. Мисалы, бизде ГЭСтер көп. Эгерде кандайдыр бир себептер менен суу сактагыч ачылып кете турган болсо, ал сууну заматта тоңдуруп койгонго болот экен. Бирок ал 2-3 саатка чейин гана тоңуп турат экен. Ошол 2-3 сааттын ичинде элди коркунучтан куткарып кеткенге болот окшойт. Мындай нерсени ойлогондо коркуп кетесиң, андай кырсыктардан кудай өзү сактабаса, адам алсыздык кылат го.

Leave a Reply