Андашева Гүлмира: Биздин жер малга жайлуу

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Андашева Гүлмира, 59 жашта, Кызыл-Жар айылы, Жалал-Абад шаары

Төрт балам, төрт неберем бар. Балдарым, кыздарым чоңоюп, үйлөнүп-жайланып калышкан, кудайга шүгур.

Биздин Кызыл-Жар айылынын климаты жакшы, элге, жанга, малга жагымдуу. Жайы жайдай, кышы кыштай дегендей, ар нерсе өз убагы менен. Бизде климат жакшы болгон үчүн бардык нерселер өсөт. Бул жерде жашаган элдердин баарынын үлөш жери бар. Бул жерде негизинен дыйканчылык менен турмуш-тиричилигин өткөрүшөт. Анан бизде малга дагы жайлуу жер болгондуктан, мал көп багылат.

Турмуш болгондон кийин ар кандай нерселер болот да. Кургакчылык дагы болгон бир убакта, жазында күн жаабай коюп, эгиндер өнбөй, куурап калган убактар болгон. Же жазында тынбай жамгыр жаап, сел каптап кеткен жылдар да болгон. Чоң-чоң мөндүр жаап, мөмө-чөмөнү күүп салган убактар да болгон. Кайсы бир жылы май айында кар жаап таштап, мөмөлөрдү суук уруп, түшүм болбой калган жылдар дагы болгон. Эми жаратылыш деген нерсе адам баласына баш ийиши кыйын экен да. Ар кандай нерселерди көрүп келе жатабыз го.

Быйылкы 2008-жылдагы жаз бизде аябай жакшы болду. Ал эми тигил Ак-Суу тарапта чоң-чоң мөндүр жаап, алма-өрүктү бүт күүп салыптыр. Өрүктөрдүн калган-катканы жегенге жарабай, котур болуп кетиптир. Бизде, буюрса, бул жылы эгин-тегин деле, мөмө-жемиш деле жакшы болду.

Менин бала чагым тигил Тегене деген айылда өткөн. Төлөгөн Касымбеков деген белгилүү жазуучу таекем болуп кетет. Тегенеде менин жаш кезимде кыш аябай оор болчу эле, кар деген аябай көп түшчү. Эшиктин алдын күрөгөндө тоодой болуп эле үйүлүп жатып калчу. Азыр ал жакта деле баштагыдай оор кыш болбой калды. Мен бул жакка турмушка чыгып отурукташып калдым. Бул жерде илгертеден эле Тегенеге салыштырмалуу кышы женилирээк болот. Бул жерде бышкан нерселер Тегенеде бышпайт. Мисалы, коон, дарбыздарды Тегенеге өстүрсө бышпайт. Себеби, ал жак бизден суук.

Жайында күн өтөо ысып кетсе. кээ бир жемиштер күйүп кетет. Бизде мисте деген нерсе аябай көп. Жай өтө ысык болсо, мистелер күйүп кетет, даны кургап-кургап эле жок болуп калат. Бул жерде мисте көп болгондуктан, мисте тергени адамдар ар жактан келишет. Тиягы Кара-Суу, Кара-Жыгач, Авлетим, Кербенден келсе, биягы Шамалдуу-Сай, Таш-Көмүрдөн дагы келип терип кетишет. Анан жана мен айтып кеткендей, сел алып же мөндүр уруп кетсе, элдин деле жашоосу кыйын болуп калат, кымбатчылык болот, жетишпестик болот. Климаты алдын ала өзгөртүү адамдын колунан келбей турган нерсе го. Баардык нерсе алла-тааланын колунда да. Адам баласынын деле бешенесине жазып койгон да «бул мындай жашайт, тигил тигиндей жашайт» -деп. Эми биз кудайдын бешенеге жазганын көрөбүз да.

Кырсыктан кудай сактасын. Бизде андай кырсыктар деле болбойт. Кез-кезде жер титиреп калат. Жанагинтип мөндүр жааган убактар болуп калат. Жазында жамгыр токтобой жаай берсе, кээ бир жолдорду сел бузуп кеткен убакыттар болуп калат. Менин тигил Алайлыктарга, Райкомолдуктарга таза боорум ооруду да. Аларды мурда көчкүлө деп айткан экен, ошондо көчүп кетип калса ошондой күн башына түшмөк эмес. Бул дагы бир тарткылык да. Ар нерсеге бир себеп болот дегендей, көчкү себеп болуп калбадыбы. Ошондой бөөдө кырсыктардан кудай өзү сактасын кыргыз элин. Анан кудай деп эле карап отура бербей, адамдар дагы аракет кылыш керек. Илгери биздин ата-бабалар акылдуу болгон экен, боз үйдү тигип алып ошондо жашай беришчү. Бир жерден экинчи жерге көчсө дагы жыйнай салып, экинчи жерге барганда тигип алып отура берет. Жер титирегенде дагы коркунучтуу эмес, жеңил-жумшак. Азыр деле биздин айылда кээ бирлери алты канат ак үй тургузуп коюшкан. Ошолор жакшы кылган деп ойлойм. Кудай таалам деле айтат экен да «сактансан – сактаймын» – деп. Ошондуктан биз өзүбүз деле анча-мынча нерседен сак болсок, өзүбүзгө эле жакшы да.

Leave a Reply