Аманбүбү Төрөгелдиева, Климат өзгөрүү боюнча

This post is also available in: Орусча

[Бул интервью 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Аманбүбү Төрөгелдиева, кесиби мугалим, 1954-жылы Нарын туулган, пенсионер

Азыр баарыбызга эле байкалып атат го, өтө эле бир жагымсыз ысык болуп кетип жатат. Мурун андай ысык болчу эмес. Мурун күндүн табы да мээримдүү болчу, шамал да мээримдүү болчу, кыш да мээримдүү болчу. Мен го Нарында чоңойдум. Ал жакта 45 градусска чейин суук болот, бирок алар көнүшүп калган. Биз бул Чүй өрөөнүнө көчүп келгенде, 20 градуска суук жеткенде эле калчылдап баштайсың. Көрсө аба нымдуу болот экен да, ичтен калчылдатып үшүтөт экен. Чүй потеплениеге карата көп сезилбей калды. Ошол күндүн табынын жагымсыз нерсеси байкалат. Кыш кандай болоорун айтып калышат экен. Кыш кандай болсо, жай ошондой болот деп. Жай суук болсо, кыш да суук болот, жай өз калыбында өтсө, кыш да ошондой өтөт деп. Акыркы бир канча жылдардан бери кыш эрте келип алчу болбодубу. Эки жылдан бери декабрда келип түзтөлүп жатат го. Бул жакшы эле го деп ойлойм.

Кыргыздар катуу суукта кантип жан сактачу эле, кыргыздар жаз келгенден баштап эле отундарын даярдап башташчу. Жылдызга, айга карап, жаныбарлардын чээнге киргенинен кыш кандай болоорун билишкен. Мисалы, жылан эрте чээнге кирип кетсе, анда кыш катуу болот. Кеч кирсе, анда жылуу болот. Касиеттүүлөрдүн байкоолоруна таянышкан. Ар бир айылда болгон да касиеттүү адамдар. Азыр көзү ачык деп атап калдык, антип атаган болбойт, эми касиеттү адамдар болгон. Быйыл кыш мындай болот дайындангыла, жаз мындай болот деп прогноз беришкен экен. Мен бала кезде айылыбызда бир апабыз бар эле. Ошол киши көп маалымат берээр эле. Ошого карап дайынданышат эле. Негизинен ошол жыланды байкашчу экен.

Жылуулук керек да. Жаздан баштап эле көңдөрдү дайындап, эртерээк кургатып, жыйып, токойлордон барып отундарды алып келип, таш көмүр деген, свет менен жылыйт деген кийин кирди жашоого. Айылда кечке эле светке жылып отура бергенге мүмкүн эмес, анткени кыргыздар кичинекей отко багынган эмес, алар дайыма алоолонгон от жагып жашашкан. Кетир меш деп коюшкан. Бочканын формасындай чоң кылып тегерек меш жасап алышып, ошого бапылдатып отту жагып, ортосуна тамагы да бышып, наны да бышып, үстүндө суусу жылып, үйүн да жылытып ушинтип жашап келишкен.

Баары кудайдын колунда деп жашап келе жатпайбызбы. Адамдар табигаттын баласы болгон экен.

Leave a Reply