Абдылдаева Жумагүл:Мен жаңы келин болгондогу кыш башкача эле

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Абдылдаева Жумагүл, 32 жашта, жумушсуз, Тегене айылы, Жалал-Абад шаары

Кесибим – мугалим, Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин бүткөм, төрөгөнгө чейин мектепте иштеп жүргөм. Төрөгөндөн кийин үйдө эле отурчу деп иштетпей коюшкан, анын үстүнө мектепте иштегенге мурдагыдай шарт да жок, айлыгы деле аз. Айыл жеринде мектептен башка иш деле жок да. Азыр болсо Россияга барып иштеп келип жүрөм, антпесе мектептин айлыгы менен бутубузга тура албай турганбыз. Быйыл экинчи баламды төрөп калып, Россияга бара албай калдым.

Климат деген сөз ар бир жердин өзүнчө өзгөчөлөнгөн аба ырайы деп түшүнөм. Мисалы, биздин эле Кыргызстандын ичинде ар жердеги климат ар башка да. Түштүктө түндүккө салыштырмалуу ысыгыраак келет. Ар жерде климат ар башка болуп, бири-биринен айырмаланып турат да. Ал эми Россиянын климаты да башкача. Тегененин климаты мелүүн, кышы өтө суук эмес, бирок жайында ысык эле болот. Бизде кышында акыркы жылдары анча деле суук болбой калды. Мен Россияга жазда кетип, күзүндө келип жүрөм, себеби кышында ал жакта өтө суук, мен суукту анча көтөрө албайм, өзүм суукчанмын. Бул жерде болсо кыш жеңил, суук эмес. Быйылкы кыш да жылдагыга салыштырмалуу жылуу болду. Мен жаңы келин болуп келгенде кыш суугураак болчу. Мен өскөн жерде, Таш-Көмүрдө кыш анча суук болбойт да, шамал эле болбосо. Анан мен бул жер суук болот экен деп көпкө көнө албай жүргөм. Төш-Башаттан бери ашкандагы ашууда жаман катуу шамал болот эле да,  шамал карды учуруп, ошол жерге үйүп салат эле, каттаган машиналар же ары, же бери өтө албай кар тазалаган машина жолду тазалаганча күтүп турат эле, суук да болчу. Менин эсимде бар, мен жаңы келген жылдары ошол жерден кышында эки окуучу бала тоңуп калган. Ал убакта машиналар бул жол менен аз жүрчү эле, жолду оңдогондон кийин эле бардык машиналар ушул жол менен жүрүп калбадыбы, анда жол жаман болчу. Баягы эки бала чабандын балдары экен. Үйүнө бара жатканбы, же үйүнөн келе жатканбы, кышында жөө жолго чыгыптыр, машина чыгып калса кетип калабыз деп ойлогон го, анан жолдо машина күтүп отуруп экөө тең тоңуп калыптыр, ал убакта бир маал автобус жүрөт эле, ал деле кар көп жааса же эл аз болсо келбей калат эле, ошол күнү автобус дагы келбей калганбы, же автобустан кечигип калганбы, айтор, балдар суукта калышыптыр да, байкуштар.

Эми кышында кыйынчылык деле болбойт. Ошо кышка отун-сууну жакшылап даярдап алсак эле болду да, отту жылуу жагып алып жылуу үйдө отура бересиң, үйдөн чыкпай. Кышында эми иш деле жок да. Көмүр маселеси бизде жеңил, өзүбүздөн көмүр чыгат, азыр бул жерде жашаган адамдар көмүр сатып деле алышпайт, мурда карьер болгон жерлерден көмүр казып алышат. Кышка көп кылып даярдап алышат, жагып алып үйүндө отура беришет.

Быйыл жаз аябай жамгырлуу болду го. Эртең менен күн чыкса, бүгүн жамгыр болбойт экен деп сүйүнүп калсак, түштөн кийин эле кара булут чыга калып, жамгыр жаап кирет. Быйыл жылдагыдан мөндүр да көп жаады го. Жамгыр көп болгондуктан быйыл чөп деген нерсе укмуш болду го. Элдер чөптү чаап жетишпей жатат, эмгиче чөп чаап жүрүшөт, али чабылбаган жерлер канча жатат. Чөп дагы бул маалда бышып, саргайып калчу эле да, быйыл көпкөк боюнча.

Эми, жай кандай десем, күн тийсе өтө ысып кетет, бирок быйыл жайда деле тынбай жамгыр жаап жатат, ошон үчүн чөптөр саргая элек да. Жайында жамгырдын деле көп кереги жок, себеби чабылган чөп жамгырда жакшы кургабай, карайып, чирип да кетет. Бекер мээнет болот да. Чириген чөптү мал да жебейт.

Жаратылыштын климатка берген таасири оңой эмес го деп ойлойм. Эми баягы кары адамдар ар кандай ырым-жырымдарды жасап калышат. Менин карыган кайненем бар эле, азыр анын козу өтүп кеткен, кайненем күн жаап же күн күркүрөп калса эле илегенди алып, калдыратып-шалдыратып ургулап калчу эле. Эмнеге минтесиз десем «күн күркүрөп, чагылган чартылдаганда илегенди калдыратып койсо чагылган чартылдабай калат», – дечү эле. А эгерде жамгыр көпкө жаабай калса, айыл топтолуп акча топтоп, эчки алып, кудайы өткөрүшчү. Ошондон кийин чындап эле жамгыр жаачу. Менин энем мындай нерселерди көп билчү эле. Анан азыр андай ырым-жырымды билген энелер жок. Андай карылар деле аз калды го. Тегене кичине эле айыл да. Энем ошондой нерселерди жакшы билчү. Ай жаңырганда айды карап жүгүнүп, «ай көрдүм, аман көрдүм, айдай көңүл куунак болсун, айдан аман, жылдан эсен жүрөлү, барчылык, токчулук болсун» – деп бата кылчу эле да, аны мага да үйрөтчү. Жаңырган айды көргөндө мына ушинтип тилек кылып жүргүлө деп айтчу эле.

Бизде кээде жер титирейт. Быйыл мөндүр көп болду, ошондуктан алмалар таза болбой котур болуп калды. Дагы жакшы, такыр күүп салган жок, кайсы бир жылы чоң-чоң мөндүр жаап, алма-өрүктү күүп салган. Кээде жамгыр көп жааса сел жүрүп, жолдорду бузуп кетчү эле, былтыр жол ондогон.

Жер титирегенде биз үйдөн качып чыгып кутулабыз. Ал эми Россияда болсо 8 баллга чейин чыдай турган үйлөрдү салышат экен. Андай үйдү салыш үчүн эми аябай көп каражат керек да, бизде андай каражат кайдан. Минтип иш жок болсо, айлык аз болсо. Алардын айлыгы көп да, бизге окшоп сырттан баргандарга өздөрүнө салыштырмалуу аз төлөшөт. Бизде андай үйдү салыш оңойго турбайт го, аны кантип салышты билиш керек да. Билбесең кантип салат элең. Ошондой үй салып алсаң, жер титирегенден сактанганың ошо да. Ал эми мөндүр жааганда эч нерсе кыла албайсың, кейип коюп карап отура бересиң.

Leave a Reply