Шамбетов Кубат, 79 жашта, жумушчу. Ак-Суу р., Жаңы-Арык айылы

Кыргыздар илгери айды карап, күн жаанчыл же ачык болот деп билип коюшчу. Эми азыр айың деле самопал болуп калды (күлдү). Чалкалап тууп калса жаанчыл болот дечү, кырынан тууп калса, көп жанчыл болбойт дечү. Баарын билип койчу. Эгинди да ошого карап сепчү. Мен аны билбейм. Мурункулар укмуш билчү да. Манаке деген болгон илгери, а киши быйыл кышында кар калың түшөт, бөлөк жакка кышта десе, ошондой айткандай болчу. Жер кара чыгат десе кара чыкчу (кар көп жаабай деген мааниде. – Айгине). Ал киши мобул эле союз курулганга чейинки мезгилде жашаган. Жылдыз айылында жашаган, “сен эмне Манаке болуп кеттиңби?” деген лакап ошондон калган, ушу күнгө чейин айтылып калган. Ал эмне окуганын ким билет, жылдыздар менен баарын билчү, азыр карап көрсөм астрономия экен.

 

Leave a Reply