Молдоканов Үсөнгазы Молдоканович: Ноорузда үркөр менен ай тогошуп, бири-бирине жакшылык жакындатат

This post is also available in: Англисче

Молдоканов Үсөнгазы Молдоканович, 71 жашта, врач-педиатор, 45 жыл кесиби боюнча эмгектенген, учурда ардактуу эс алууда. Жети-Өзүз району, Ак-Кочкор айылы.

Эгерде нооруз дүйшөмбүгө келсе, ал жылы жаан көп жаайт да, эгин мол болот. Ал күн айга таандык экен. Ал эми шаршембиде келсе, жыл катаал болушу мүмкүн, эгин кымбат болот, бирок жашылча көп болот. Бул күн Меркурийге таандык. Эгер бейшембиге келсе, ал Юпитерге таандык да, оору коп болот, ай, кун тутулат, акыры жакшылык менен аяктайт. Жумага туш келсе, ал Венерага таандык. Заман түйшүктүү, бирок кайтарымдуу болот. Эгин кеч бышып, кырсык азаят. Ишембиге келсе, жер-жемиш көбөйөт. Жазында катуу шамал болот, бул кун Сатурнга таандык. Жекшембиге туш келсе, токчулук болот, ушак-айың азаят, бул Күнгө таандык. Мына, нооруздун да белгилери бар. Нооруз фарс элинин ноу-жаны, руз-күн деген сөзүнөн келип чыккан

Демек, кыргыздар жылдыздарга карап аба-ырайынын. жыл мезгилдеринин кандай болоорун айта алышчу. Мисалы, менин ата-баба, улуулардан уккан сөзүм боюнча, ай жаңырганда айга карап билишчү. Эгер ай жаңырганда чалкалап, саргыч болуп калса, ошондо ай өзүнө тынч, элге тынчы жок ай болот турбайбы дешчү. Өзүнө тынч дегени баягы чалкалап жата берет, элге тынчы жок дегени жаан-чачын болот. Жаан болсо элде тынчы жок да. Мисалы, эгин айдоо, кой кыркуу учуруна туш келип калат, о.э. жылдыздарга карап билишчү.

Үркөр үйдөн көрүнсө,

Уй ай токсон кышың бар – дейт.

Уй айдын ичинде 90 күн бар да. Көрдүңбү, кандай сонун уйкаштырып айткан. Мына азыр там үйдөн көрө албайсың да. Илкеркилер боз үйдө жатып алып, түндүктөн анан көрүшкөн. Ошол боз үйдөн айтылып аткан сөз да. Сонун күн ачылып турганда, анан жылдыздарды көрүшкөн. Топ жылдыз үркөр жылдыз деп аталат. Ошол үйдөн көрүнсө, 3 ай кыш болот экен. Мына азыр үйдөн көрө  албайсын. Илгеркилер боз үйдө жатып алып көрүшкөн. Ноорузда үркөр менен ай тогошуп, бири-бирине жакшылык жакындатат. Ошондон улам тогоол деп айтылып калган.

Кыргыздарда жыл, ай, күн саноо кандайча жүрөт? Жылдын аттары эмне үчүн андай аталып калган? Жылдын башы чычкан деп аталат. Түрк эли белгилүү бир датаны билиш үчүн 12 жаныбардын атын жылдарга беришкен.. Илгери бир түрк кагандарынын бири бир согуш жөнүндө так билгиси келет. Кеңешчилери ошол жылды чаташтырып, эстей албай коюшат. Ошондо каган курултай өткөрүп: «Биз тарыхты кандай чаташтырсак, кийинкилер да ошондой чаташат, ошон үчүн биз жылдарга ат коюшубуз керек»- дейт. Анын сунушуна макул болушуп, мергенчилери жаныбарларды күчкө салып Жылуу-Суу дарыясын коздой айдап, жаа тартышат. Ошондо корккон12 жаныбар суу кечип качат. Ошол 12 жаныбардын аты жылдарга берилет. Сууга биринчи кирген жаныбар чычкан жыл санагынын башына берилет. Андан кийин-уй-барс-коен-балык-жылан-жылкы-кой-маймыл-тоок-ит-донуз. Ошол жаныбарларга карата жылдардын өзүнө тиешелүү касиеттери бар деген ишеним түрк элинде ыйык сакталган. Мисалы, уй жылында согуш көп болот, анткени уй сүзөнөөк болот. Тоок жылында түшүм мол болот, анткени ал жемди жакшы көрөт. Бирок адамдар арасында араздашуу көп болот. Тооктор тамак таап жеш учун чөптөрдү чачат эмеспи. Балык жылы жаанчыл болот, себеби балык сууда жашайт. Турк элдери буга ишенишкен.

Түрктөрдө жети күндүн аталышын билдирген сөздүктөр жок. Жума деген түшүнүк исламдан кийин пайда болгон.

Ал эми айлардын аталышы боюнча:

Арабча кыргызча Орусча
Мухараб Бирдин айы Февраль
Сафат Жалган куран Март
Рабагил Чын куран Апрель
Рабилис сани Бугу Май
Жимадиб Кулжа Июнь
Жымадис сане Теке Июль
Аражаб Баш оона Августь
Шагбан Аяк оона Сентябрь
Рамазан Тогуздун айы Октябрь
Шаввал Жетинин айы Ноябрь
Жылкадаб Бештин айы Декабрь
Зулхизжа Үчтүн айы январь

Leave a Reply