Аспай уулу Термечик, 84 жашта, чабан. Жети-Өгүз р. Чоң-Кызыл–Суу айылы

Кыргыздар мал менен күн көрүп, малдын артынан жүрүп, малдын сырын беш колдой билишчү эле да илгери. Кийин отурукташып, жер менен иштеп кетип, малды көп карабай калышты. Кыргыздар малга ыңгайлуу жер болсо, ошол жерге көчүп барып жүрүшкөн да. Оттуу жерге, кар аз жааган жерге айдап барчу, эгер кышында кар калың жаап, чөп жок болсо, ошол тоонун бетин күрөп, арам чөптөр бар эмеспи, ошолорду таап берсе, ошону жешчү. Чийдин түптөрүндө өскөн катуу чөптөр болот, ошолорду арам чөп дешет.

Жут болгондо малдын сактаганын сактап, сактабаганы өлүп калчу да. Ошол жогоруда айтпадымбы, карларды күрөп, чийлерди туурап, карагайдын бүчүрүн койго туурап, сары талдын ичке чыбыктарын, кабыгын аарчып беришчү.
Ал мезгилде азыркыдай дары жок. Жанагы жаталак деген болсо, көк чүпүрөктү күйгүзүп, оозу-мурдуна тыгып айыктырчу. Түйүнчөк болсо, курсагын бакан менен ары-бери сыдырат. Жылкыны гана ошентип, айыктырат. Кадимки эле көк чүпүрөк, ошону жыттатып, аластап ырымдайт. Камчы менен да толгойт. Ар кандай чөп-чар берип эле, арча менен аластап айыктырышчу.
Чөптөрдөн шыбак деген бар, эрмен дегендер, чөп чай дегенди ич өткөккө берсе болот.
Кыргыздар бир жылда 12 ай бар да, ар бирин ар кандай кыргызча аташчу. Бирдин айы, үчтүн айы, бештин айы, жетинин айы, тогуздун айы, чын куран, жалган куран, теке, кулжа, бугу, баш оона, аяк оона деп аташкан. Эмне үчүн айлар мындай аталып калганынын баарын билбейм, бирок жанагы жалган куран дегени кыргыздар курандын жазында тоодон ылдыйлап түшүшү менен аташкан экен. Ошондо ал дааналап көрүнбөй, бир көрүнүп, бир көрүнбөй, анын келгени чынбы, жалганбы деп, ошондон жалган куран аталган. Чын куран болсо, март айы да. Ошол айда куранды дапдаана көрүшчү экен, ошондон чын куран делип аталган. Жазында суу жээктеп курандар ылдый түшөт. Кийинки айларда болсо, бугу, теке, кулжаны көрүшүп, ошондон аталган деп айтышаар эле.

Leave a Reply