Аманбүбү Төрөгелдиева: Жылдыздарга карап аба-ырайы, жыл мезгилдерин билүү

This post is also available in: Орусча

Аманбүбү Төрөгелдиева, кесиби мугалим, 1954-жылы Нарын аймагында туулган, пенсионер: Жылдыздарга карап аба-ырайы, жыл мезгилдерин билүү

Айдын жаңырышынан билет. Жаанчыл болот, жаанчыл болбойт деп. Ай иппичке болуп жаңырат го, ошонун эки учу асманды караганда кургак болуп, күн жылуу болот. Өзүнө тынчы жок, адамдарга тынч болот дейт экен. Кээде кыйгачыраак болуп, бир учу ылдый карап калат. Бул убакта жаанчыл болот. Элге тынчы жок, өзүнө тынч туруптур деп коюшат кыргызда. Бул убакта илген чакадагы суу токтобой калат экен дагы, мисалы үчүн айдын учуна чака илип койсо, ошол токтобой калат дейт да, анан суу төгүлө берип жамгыр жаайт деген мифологиялык жана илимий уламыштар бар. Саманчынын жолуна карап туруп дагы, саманчынын жолу мындайынан жатып калыптыр, тигиндейинен жатып калыптыр, түндүк же түштүктү карап жатып калыптыр деп, алдыда боло турган айлардын астрологиялык прогнозун беришкен экен. Ай толук болуп турган убакта сыртынан бир айлана пайда болот. Анан айлананын ичи боз болуп, тимеле циркуль менен чийип койгондой. Айды бир нерсеси курчап калыптыр дешет. Шамалды билгизет экен. Жакын арада шамал болушу мүмкүн деп чечмелөө кылышат экен. Кыштын күнү асман ачык болуп, жылдыздар толтура болуп кетсе, суук болот. Баланча күнгө чейин суук болот деп күнүнөн бери билишет. Жайдын күнү жылдыздар тимеле сонун болуп, толуп кетсе, жакынкы күндөрдө шамал өтөт экен дешет. Булар менин өзүмдүн жашоомдогу угуп жүргөн, өзүм байкаган нерселер.

Ай-жылдыздар менен жердин, адамдардын байланышы

Жер айдоого көбүнчө Ай байланыштуу. Эгер жердин астына өсө турган өсүмдүк боло турган болсо, анда ай толгон кезде айдашыбыз керек экен. Анткени, ай толгон кезде энергиясын түртөт экен. Ошондо жердин астына өсө турган нерселерге түшүмдүүлүк көп болот. Жердин үстүнө өсө турган, буудай, арпа, помидор ж.б. ай жок кезде айдаш керек экенбиз.

Чолпон жылдызды аябай баркташкан. Илгери компас жок кезде чолпон жылдызды компас ордуна колдонушуптур. Жолдон адашып калса, ошол чолпон жылдызды карап, бул багытка барышыбыз керек экен деп туура жолго колдонушкан.

Leave a Reply