Чөкөй уулу Турдубек

This post is also available in: Орусча

Чөкөй уулу Турдубек, 1936-жылкы. Кара-Буура району, Молотов айылы

Молотов өзү 3, 4 артел болгон экен. Өзү революционер, мыкты киши болгон экен. Ошол кишинин атынан биздин айыл аталып калган экен. Мурун бул жерде 4 уруу жашаган: Бешалыш, Кайкы, Эсенгул, Жаңгелди деген. Кийин бул жерден баары жок болуп кетти, алар азыр Киров жакта жашашат. Бул жакта Кара-Буура деген жери бар, ал дагы кара бууранын атынан коюлуп калган экен.

Молотовдо 5 ата уруу жашайт. Төң төрт, ак көйнөк, саркул, кошкулак уруусу жашайт.  Анан келдичаңыл уруусу жашайт. Анан мен кошкулак уруусунан болом, илгери чоң атабыздын аты Кошкулак болгон экен. Биз баарыбыз ошол адамдан таркаган экенбиз.

Leave a Reply