Кырк-Казык айылы

This post is also available in: Орусча

Исабеков Канатбек, 79  жашта. Талас району, Кырк-Казык айылы.

Биссимиллахир рахим. Бул айылдын тарыхынын бир нече варианттары бар. Илгери бул жерде Быры, Төкө деген туугандар кашат менен арык чыгарышкан экен. Кашаттагы арыктын ичине кум ойноп, улам топурак чыгып, кум ойногон жерден суу чыгып, арыкты бузуп алып кете берген. Алып кете берген жерлерине казык кагып, байлай беришкен. Болжол менен 5 чакырымдай жер экен, кашат менен арык ачкан. Жылдан жылга ошол арыкка казык кагып, байлай беришиптир. Анан эл айылга мурап шайлашат, элге сууну бөлүштүрүп берсин деп. Эми ошол мурап канча казык кагылган экен, санайынчы деп санап чыккан экен. Ошондо кырк казык кагылганын санаган. Анан элге жарыя кылат, арыкка кырк казык кагылган экен деп. Кийин совет өкмөтү чыгып, айылдарга орустардын атын ыйгара берген. Анан бул жерге кандай ат коебуз дегенде, эл айткан ушинтип биз арык чыгарганбыз, суу болбой алып кете бергенде казык какканбыз. Туптуура кырк казык экен, айылдын атын Кырк-Казык коелу дешкен. Ошондон Кырк-Казык колхозу аталып калган экен.

Бул айылда Быры деген бар, ал дагы 5-6 атага бөлүнүп кетет. Төкө деген бар, алар дагы 5-6 атага бөлүнүп кетет. Бизден өйдө Молот уулу, Чочой, Тезекбектен тараган уруулар бар. Ылдый жагы Кезексары деп коет, андан дагы тараган уруулар бар.

Сейталиев Тургун, Талас району, Кырк-Казык айылы.

Илгери талаада беш-алты  бала болуп суу сугарып жүрүшүптүр. Анан арык сууга туруштук бербей, суу улам эле арыкты ала бериптир. Анан балдар эмне кылаарын билишпей 40 казык кагышып, бакал менен түк байлашкан. Анан ошондон баштап, бул айыл ошондой аталып калган экен. Бул окуя Манастан Манастан кийин болгон.

Башка дагы кандай уламыштар билем? Ош, Жалал-Абад деген жерлер бар го, илгери бир уйчуман толгон-токой уюн айдап кетип бара жатып, Ош тарапка жеткенде, уйлары чарчап, чаалыгып калат экен. Анан ошол жерден Ош эле Ош деп бакырат экен. Кийин «кайсыл жерден кыйналдың?», – дегенде «ой баягы Ош эле, Ош деген жерден кыйналдым», – деген экен. Ошентип ошол күндөн, ушул күнгө чейин ошол жер Ош атыгып калган дешет. Ал эми Каракол деген жер бар. Ал жак аябай суук, анан да салкын. Түштөн кийин эле кара туман каптап кирет. Негизи кыргыздар илгери душмандардын келишин кара кол каптап кирди дешкен. Анан аба-ырайы да кара колдой болуп, кара туман каптап келе берген. Ошол үчүн каракол атыгып калган. Анан Көк-Кашат деген жер бар, алдагы Калбанын суусунун нары жагында. Анан саруу менен кушчуну бөлүп турган көкмөк кашат бар. Элдер малдарын ошол жерге жайышкан. Дөңдөн ылдый түшкөн жайык тааланы кашат дейбиз.

Leave a Reply