Жонарык айылынын тарыхы

This post is also available in: Орусча

Бегалиев Муктар, 90 жашта. Талас району, Жонарык айылы.

Бул айылдын Жон-Арык деп аталып калышынын себеби,  бул айылдын баш жагы оюраак келген, ортосу болсо дөң, бийик жер болгон. Анан эл дөңдөн арык жүргүзүп, Жонарык деп атап коюшкан. Ал учурда колхоз-совхоздордун аталышы жердин аталышы менен байланыштуу болгон. Жон-Арык айылында негизинен Култайлар жашаган. Төмөнкү Култай, жогорку Култай деп бөлүнүшөт, жогорку Култайлар ушул жерде жашап, төмөнкү Култайлар Көлдөн өйдө жашашкан.

Ал эми Култай деген – биздин түпкү атабыздын аты. Илгерки өткөн заманда эңшегей бою Эр Эшим деген баатыр чыгып, Ташкенден бери көздөй кыргыздын жерлеринде жашайт экен. Кийин Эшим Чыгыштагы кыргыздарды кытайлар, калмактар чаап алып бүлүнтүп жаткан экен деген кабар угат. Анан бул жерден миң кол алып, ошол Чыгышты көздөй аттанып жөнөйт. Бул жерде болсо катагандын хан Турсуну болот, ошого Эшим дайындап кетет, ушундай коогалаңда биздин элди дагы чаап кетпесин, баш-көз болуп тур деп Турсунга дайындап кетет. Эр Эшим кеткенден кийин эки жыл бою кабар келбейт, дайынсыз болот. Ал убакта байланыша турган эчтеке жок, Эшимден кабар келбей койгондон кийин хан Турсундун пейили бузулуп, Эшимдин элин, жерин чабат.  Өзүнө караштуу кылып, мал-мүлкүн айдап, кыз-кыркынын ыйлатып кетет. Анан эстүү кишилер чогулуп алып, Эр Эшимге кабар кылабыз деп жигиттерин жөнөтүшөт. Жигиттерин кош аттап жөнөтүшөт, кош аттап дегени, бир атты минип бир күн жол жүрсө ал атты эртеси бош коюп, берки аттарды айдап, жайып, жол тартып кете берет. Чыгыш жакта чындап эле кытайлар, калмактар кыргыздарды чаап алып, кыздарын ыйлатып жаткан экен. Элдери болсо Эр Эшим келсе, силердин кыздар дагы биздин кыздардай ыйласын деп жаткан экен.

Ошентип кабар Эр Эшимге жетет, хан Турсун биздин элди чаап, өзүнө каратып алыптыр деп угат. Кабарды уккандан кийин Эшимдин Шарткула деген аты болот экен, анны минип, колунун жарымын таштап, жарымын ээрчитип жүрө берет. Калган жигиттерине айтат, силер жай, шашпай келгиле, баарыбыз кетип калсак, качып кетти деп. Ошентип жол тартып жүрүп олтурат, анан Ташкенден берки жерине чектеп барса, чындап эле элин чаап кеткен экен. Анан ал жерди кыдырып көрүп, тоодогу кыргыздарды, ойдогу казактарды, калгандарын чогултуп, акырын кол курай берет. Бир күнү хан Турсун кошундан кайрылып келип, баягы жерге келет, аттарын кое берип жайланышып калганда Эр Эшимдер кыйкырып, кол салышат. Хан Турсунду ошол жерден өлтүрүп, хан Турсундун Дуулат деген инисинин мончоктой келинчеги болот экен. Аны колго түшүрүп, Дуулатты өлтүрүп салышат. Ошентип аларды чабат, хан Турсунга сөз калат, убадага турбаган, элдин убалы жетсин сага деп аны чаап алат. Эли куулуп, сүрүлүп Авганистандын Жылдыз деген жерине чейин сүрүлүп кетишет.

Анан бир айтымда айтылат, Эр Эшим  хан Турсунду чаап кайра тургузгандан кийин, колго түшкөн Дуулаттын келинчегине нике кыйып алган дейт, бир айтымда башка бирөө алган дейт. Ошол келинден 3 уул төрөлөт. Улуусунун аты – Кулжыгач, ортончусунун аты – Колпоч, кичүүсүнүн аты – Култай. Кулжыгач деген абдан бай киши болот экен. Жайнаган аппак боз үй тигип, келин-кесек ыйбаа кылып, аны Кулжыгач ата дебестен, Ак кийиз ата деп коюшчу экен. Ошентип Кулжыгачтын тукуму ак кийиз атыгып кетет, Колпоч Колпоч бойдон, Култай Култай бойдон калат. Ошол Култай деген – биздин түпкү атабыз, анын түпкү атасы Төңтөрт деген элге барып такалат. Култай эли көбүнчө Кең-Колду жайлап турушат, көпчүлүгү Терек, Чочой, Чачыке деген жерде жайланышып отурушат.

Бегалиев Жуматай, 83  жашта. Талас району, Жон-Арык айылы.

Айылдын Жон-Арык деп аталып калышынын себеби, бул айылдын башында арык бар, колхоз-совхоз уюшула элек кезде, айылдагы Ойгонбос деген киши Талас суусун жондотуп арык салып айылга суу алып келген. Анан тегирмен салган, кол менен тегирмен салган. Кийин гана колхоз уюшулгандан тартып ошол арык менен талаа сугарган, Жон-Арык деп жакында эле аталды. Мурда бизди Култай деп коюшкан.

Төрт ата Култайбыз, Эсенбай дөөтү бул тегирмен салган адамдын ата-бабалары, биздин атабыз – Тагайкул, үчүнчү ата – Теке, текелердин көбү Кеңколдо болчу. Төртүнчү ата – Бешкөйрөң, анын уругу аз. Тагайкулдан Нуржанов Акматбек жана Кеңешбек деген балдар төрөлгөн. Экөө тең элге белгилүү инсандар. Тагайкулдан кыйын чыккан ушул эки инсан.

Leave a Reply