Атагулов Акчал Рыспекович

This post is also available in: Орусча

Атагулов Акчал Рыспекович, 55 жашта, тарыхчы. Талас  р-ну, Манас  айылы.

Талас жеринин кандайча Талас болуп аталып калганына так аныктама бериш өтө кыйын. Талас жери ушунчалык кооз болгондуктан элдин баары талашкан. Анан казактар Талаш жер деп атап калышкан.

Экинчи бир варианты «талаа аз» деген жерден келип чыккан дешет. Дагы бир варианты «тал аз» дегенди түшүндүрөт дешет. Анткени бул тоолуу районго кирет.

Анан дагы бир жер – Кулун-Эмбес. Азыр ал бурмаланып Кулданбес деп аталып калган. Бул жерде илгери күчтүү чөптөр өскөн экен, анан кулундар чөпкө тоюп алып, энесинин сүтүн эмбей жата беришкен деп айтышат. Биздин кыргыздын орфографиясында көп катачылыктар бар. Мисалы, Пишпек деп жатышат, дагы бирөөлөр Бешбек деп жатышат. Бул талаш маселе болуп калат. Бир сөздө бир эле тамганы туура эмес жазышса, сөздүн мааниси жоголуп кетет. Ошондуктан кыргыз эли ала кушту атынан чакыр деп коет эмеспи, анын сыңарындай жер-суунун атын туура аташ керек. Мисалы, Талды-Булак деген жер бар, бул Талдуу-Булак деп жазылыш керек болчу. Жерге-Тал деген айыл бар, бул Жери-Тал деген сөздөн келип калган. Эгер ушундай боло берсе бара-бара жер-суунун аттары маанисин жоготуп коюшу мүмкүн. Азыр айыл жерлерине, мектептерге, көчөлөргө адамдардын аттарын коюп жатышат. Ал туура келеби, туура келбейби ага карабай эле коюп жатышат. Ким бай болсо, анан бир жакшы фермер болсо эле мектепке атын коё салышат, себеби, бизге демөөрчү боло койсо дешет. Бирок, ал адам ким? Ал кыргыздарга кандай салымын кошту эле? Балдарга тарбиялык жактан таасири тиеби аны ойлонушпайт. Себеби, мисалы, бир адамдын атын койду, аны азыр окуучулар бул ким десең фамилиясын толук билишпейт. Ушул нерсеге жакшылап мамиле жасаш керек, болбосо койбой эле коюш керек. Азыр көчөнүн аттары адам аттарынан коюлуп жатат. Бирин таанысаң, бирин тааныбайсың. Мен азыр мектептин эски аттарын билем, жаңы аттарын билбейм.

Leave a Reply