Байтемиров Жумабек, Муз доору да кайталанышы ыктымал дешет, бирок качан болоорун кудай билет

This post is also available in: Орусча

Байтемиров Жумабек, 1935-жылкы. Талас району, Жон-Арык айылы.

Адам баласынын пайда болгондугуна 4.5 млрд жыл болду. Анан адам баласы Дарвинизм боюнча маймылдан чыккан, эмгектен адам жаралган деген экен. Анан диний көз караш менен айтканда Адам ата, Обо эне деп жүрүшпөйбү, мен өзүм андайларга такыр ишенбейм.

Акыр заман келет дегени, бул менин оюмча, муз доору, бир жолку муз доору өтүп кеткен. Муз доору да кайталанышы ыктымал дешет, бирок качан болоорун кудай билет. Акыр заман деген жок. Аалам бир түрдөн экинчи түргө өтө берет.

Мурда биздин убакта 9 эле планета бар болчу, азыр эле айтылат, марста, венерада жашоо бар деп. Эми мен өзүм көргөн жокмун. Азыр илим-техника жетишкен заман да. Анан келгиндер болгон экен да.

Leave a Reply