Аманбүбү Төрөгелдиева, Акыр заман тууралуу мурдагы жашап өткөн акылмандарыбызыдын айткандарынан

This post is also available in: Орусча

[Бул интервью 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Аманбүбү Төрөгелдиева, кесиби мугалим, 1954-жылы Нарын аймагында туулган, пенсионер

Акыр заман тууралуу мурдагы жашап өткөн акылмандарыбызыдын айткандарынан

Адам баласынын жаралышы жөнүндө, илимде, адам маймылдан, топурактан жаралган деп айтылып жатат. Менин ата-энемдин айтуусунда адамды жараткан бир Алла өзү. Бүгүнкү күнгө чейин жеткен Калыгул деген атабыз болуптур, көлдө жүз жыл мурун айткан экен, бүгүнкү күн жөнүндө, солдаттар жөнүндө айткан: “Чөп башынан кароолу караган солдаты болоор, карагай болоор, карагайдын башында чынысы болоор, ага тартылган зымы болоор, анан дүйнөнүн төрт бурчунан көз ачып жумганча пикир алышып, сүйлөшүп турганга мүмкүнчүлүк болоор” деп, көрсө телефон экен. Мурун болсо дөбөнүн башына чыгып алып, душмандарды карашчу экен, азыр болсо сойлоп барып, жерге жатып алып карайт го. «Бир көк сандыгы бар, анын ичинде дайым шайтан ойноп турат, эл ошонун аркасынан ээрчийт» – деп айткан экен. Бул болсо телевизор экен, азыр ойлосом. Чоңу деле, кичинеси деле, бала деле телевизордун жанына барганда, сыйкырлап койгондой жок эле дегенде бир саат отурабыз. Акылы жетик адамдар муну көргөнгө болбойт деп керектүү жагына кетет, баягы акылы жетикпи же алданып кетеби, булар болсо жанагы шанаң-манаң эткен музыканы, атышкан, өлтүргөн, кишинин чачырап аткан канын көрүшөт. Мисалы үчүн балдар айтат. «Апа, ага эмне переживать этип атасыз, ал краска да» – деп коет. Биз бала кезибизде согуш кинолорунан бир кино көрсөк, байкуш солдаттын бутуна ок тийди, эмне болду экен деп үч күн же бир ай жүрөгүбүз ооручу эле. Азыр «ал краска» деп коюшат. Балдардын түшүнүгүндө. Азыр болсо кино тартып анын чечмеленишин берип жатышпайбы. Ошол себептен боор ооруу деген нерсе жок болуп калып атат. Ушуну көргөн экен да Калыгул атабыз.

Акыркы он жылдын ичинде акыр заман деген нерсе абдан көп болуп атат. Балалык кезим менен бүгүнкү күндү салыштырсам, акыр заман дегенде такыр эле жок болуп кетүү эмес, физикалык изилдөөлөрдүн негизинде, материя жоктон бар болбойт, бар жоголуп кетпейт. Бөлүк-бөлүк болуп жоголушу мүмкүн. Мисалы, биз таза эле кызылчаны талаага айдап, таза эле иштетип, таза эле кумшекерин жечүбүз. Эч кандай зыян апкелчү эмес. Ал эми бүгүнкү күндө ташылып келип жатат, Кытай мамлекети кумшекерди синтетикададан жасап алат экен деген соз бар. Пачкадагы тамактар, сыртына ар түрдүү сүрөттөрдү тартып коюшат, кызыктырып, жесең, силер жаштарды билбейм, кандай кабыл алып атасыңар, мен жесем ашказаным, боорум дароо реакция берет. Туура эмес тамак жегенимди билем. Ошон үчүн пачканын ичиндеги мейли печенье болобу, май болобу мен жебейм. Табигый тамактарды жегенге аракет кылам. Табигый десем азыр талааларыбызда дагы баягы түшүм алыш керек, планды толтурушубуз керек деген нерсе болгон, ошол убакта жер семирткичтерди чачып, жер кыртышына көп жаман нерселер өтүп кеткен экен. Мунун зыяны эми көрүнүп жатат. Быйылкы айдаган сабиздер такыр менин көңүлүмө толгон жок. Мурда 5-6 кг алсаң 1-2 жума жей берчүбүз. Азыр 2-3 күндө эле желеленип баштайт. Бул да болсо акыр замандын билинип-билинбей келе жатканы деп ойлойм. Аба-ырайын деле карасак, күн абдан ысык болуп кетет да, эң жагымсыз да, 3 күндөн кийин эле кайра суук болуп кетет. Илим боюнча бул атмосферадагы бузулуу, экологиялык бузулуу деп коет экенбиз. Кудайга жакпаган иштердин белгилери дейбиз. Акыр заман бул нукуралыктын жоголуп кетиши деп ойлойм. Нукура тамак иче албасаң, нукура кездемеден кийим кие албасаң, азыркы кийимдерди кийсең, сен сөзсүз түрдө эртең менен кийген кийимди кечинде жуушуң керек, сөзсүз түрдө ошол күнү душка түшүшүң керек. Антпесең мүмкүн эмес, дымыгып турасың. Биз мурдагыдай, пахтадан, таза жүндөн токулган кийимдерди кийсек, намаздын шартында айтылгандай, жети күндө бир толук жуунуп алат элек, калган убакта башыңды, бутуңду, колуңду жууп коюп, ошого чыдачу да эл. Тоодо жашаганда арыктын эле суусуна жуунуп коюп, эч кандай душу, мончосу жок, таптаза эле жүрө беришчү.

Акыр заман таптакыр жок болуп кетүү деген болбойт, кудай өзү билет. Былтыр байкадым, Ала-Арчанын төрүндөгү, тоонун башындагы мөңгүлөр таптакыр жоголуп кетти. Таза соккон жел азайып калды. Быйыл болсо кар турду эле эшикке чыксаң, мындай бир кере дем аласың, жыргап, жакшы бир, эненин кучагында отургандай бир нерсе байкалат да.

Leave a Reply