Осмонова Барпыгүл, 65 жашта. Кара-Буура району, Шекер айылы

This post is also available in: Орусча

Аялдар бетин сулуу кылуу үчүн ал кезде азыркыдай бет май жок, анда кадимки эле быштак бар го уйдун сүтүнө жасалган, ошодон сүйкөчүбүз. Анда азыркыдай да пияз жок, тоодо өскөн пияз бар го, ошонун маңызын быштакка аралаштырасың, балдан кошуп бетке сыйпап,  кайра жууп саласың. Болжол менен он-он беш мүнөт кармашчу.

Сүткө жанагыдай эле пиязды кошуп, кадимки алмурутту аралаштырып эзип,  сыйпайсың. Алмурут витамини да жакшы, азыр жашылчалардын баарын эле сүйкөп жатат го анда биз ушундай эле кылчубуз.

Картошканы сүткө бышырып, аны эзип, бал, пияз менен аралаштырып, жарым сааттан кийин жууйсуң, бул да жакшы, бетке бырыш түшүрбөйт дешет.

Илгери ооруган киши аз болуп, оорунун түрү да аз эле. Азыр мурду канаса деле догдурга чуркайт. Мурун эмнеден канайт, күндө жүрүп калганда, ысык өткөндө канайт. Анда башын бийик көтөрүп жаткырбаса, кан кайра кулкун аркылуу ичке кетип калса кусат, чалкалатып жаткырганда да басылбаса,  мурундун үстүнө муздак сууга салынган чүпүрөк коюу керек, эгерде дагы деле болбосо кежигеге муздак басуу керек. Өтө ысык тамак ичпей, салкын жерге жатып турса, жакшы болуп калган.

Чүчкүрүп-бышкырып калганда пияз сарымсакты аарчып, ачуусун каңылжарына жетип ачыштырганча жыттатып койгон, анан моюнуна жипке өткөрүп тагып берип койчумун.

Тамак ичкиси келбей калганда эрменди кайнатып, эртең менен эрте бир пияла берип койсоң, туздуураак бир нерсе жесе да табити ачылат. Ичи өткөндө да эрмен кайнатып берем. Эрмендин ич ооруга жакшы экенин мурункулардан уккам да, анан да өзүм ошентип бергенде чын эле жакшы болуп жатпайбы. Анан дарылардын эмне кереги бар, алар бирине жакшы болгону менен башка жериңе жакпайт, мен өзүм да балдарга дары колдонбойм.

Карагаттын ширеси да табитти ачат  Каакымдын чөбүнөн же тамырынан алып  бир пияла кайнак сууга демдеп, анан күнүгө тамакка чейин ичүү керек. Бул да табитке жакшы. Эгер зарна болсо, кара өрүк жеген жакшы,  картошканын ширесин ичүү керек.

Картошканын ширесин даярдаш үчүн аны чийкисинде эзип, согун чыгарып, бир аз кайнатып, анан муздаган сууга кошуп ичип алса зарна болбойт. Нокорттун үч-төрт тогологун чайнап жеш керек.

Нокорт деген буурчактын түрү бар болчу, азыр барбы, жокпу билбейм. Жалбыздын жалбырагын да эзип, маңызына таттуу кошуп  ичүү керек. Таттуу дегенде кумшекер  кошсо болот, өзүн жей албайсың да, балдарга бир-эки кашык суу менен берсе болот.

Адамга витамин жктишпегенден улам тери кургап, көрүүсү да начарлайт.  Витамин жетишпегенин адамдын терисинен эле билсе болот. Терчил болот, ичкен тамагын жакшы сиңире албай, тамак да аз ичип калат,  буту-колу уюй берет. Витамин жетишсиз болгондо эң биринчи тамакка табитти ача турган нерселерди кошуу керек, анан тамактын баарын жесе ар тараптан витамин чогулат.

Leave a Reply