Мырзакматова Нуржамал, 1950-жылы туулган. Талас району, Жон-Арык айылы

This post is also available in: Орусча

Илгери апаларыбыз баары эле беттерине эндик сыйпанышчу экен. Анан аялдар жалаң элечек кийишип, чач мончок тагынышып, таза кийинип, гүлкайыр менен чачтарын жуушуп эле жүрүшкөн. Ал убакта косметика болгон деле эмес. Атыр деген деле болчу эмес, апаларыбыз жыпар жыт чөп деп койчу, ошолорду эле колтуктарына байлап алып жүрө беришчү. Мен өзүм такыр эле боёнгон жокмун.

Илгери кыргыздар эч нерсе менен ойлонушкан эмес, азыркы адамдардын баары эле нерв ооруулары менен оорушат. Ал убакта бири-бирине эрегишүү деген жок болчу. Биз кичинекей кезибизде апаларыбыз бири-биринин көйнөктөрүн кийип кете беришчү. Кечинде бир эле кишинин үйүнөн баары чогулуп, тамак ичип кете беришчү. Анан ошондо айран, сүт, жылкынын этин көп жешчү. Тамактардын баары натуральный болчу. Ошол себептен эркектер күчтүү болгон болуш керек. Азыр эмне бүт эле химикат болуп жатпайбы. Анан адам баласында ой жок болчу, ой дагы адам баласын көп жактан артка тартат.

Leave a Reply