Кененбекова Бүбү, 92 жашта. Талас району, Арал айылы

This post is also available in: Орусча

Сулуулукту сакташ үчүн тоодон казып алчы эндик деген болчу. Аны бээнин сүтүнө ачытып койчубуз. Кой, эчки сойгондо көтөн чучуктун ортосунда турган табарсык болчу, ошону үйлөп, ошого сүт куюп эндикти салып ачытчубуз. Жети күн ачытса керек эле. Бетке сүйкөсө, кыпкызыл болуп сонун көрүнөт.

Башыбызды айран менен жуучубуз, ал кезде жанагы баш жуугучуңар жок болчу. да. Кадимкидей эле айран менен жууп, аркасынан таза суу менен чайкап саласың. Пайдасы ошол, чачты жумшартат, кууратпай кармайт, түшүрбөйт дагы.

Сарык болуп калса, анда доктур жок да, жанагы айрандын сары суусуна жуунтуп  же бит жегизип койсо жакшы болуп калчу. Сары суу сарыкты соруп алат деп ырымдаган, ошондой эле өзүнүн да пайдасы болсо керек го.

Leave a Reply