Бегалиева Сайраш, 1925-жылкы. Талас району, Жон-Арык айылы

This post is also available in: Орусча

Илгери айранды уютуп алып, кичинекей ак калтага куюп, анан уюп калганда бетибизге сыйпачубуз. Тоодо эндик деген болот. Аны казып келип, бээнин сүтүнө эндикти ачытып, аны бетине, оозуна сыйпашчу. Анан беттери тарам-тарам болуп кыпкызыл болуп калар эле. Чачыбызды болсо айран менен жууйбуз. Айранга жуулган чач жумшак болуп, сыйдаң тартып калат. Анан гүлкайыр деген гүлдөн сууга чылап алып, ага да чач жууйбуз.

Илгери азыркыдай самын болгон эмес. Жерде өскөн эрмен, шыраалжындарды күйгүзүп, алардын күлүн сууга аралаштырып, анан калтага салып илип койчубуз. Ошондон тамган сары сууну бир нерсеге тосуп, анан аны кайнатабыз. Ал коюу болуп тоголоктошуп калат. Анан томолок-томолок кылып самын жасап алчубуз. Ошол самын менен денебизди жуучубуз. Тим эле денени таза кылып коет. Ошондой эле кам көрчүбүз, андан башка эч нерсе деле болчу эмес. Азыркылар кечке күзгүдөн чыкпайт. Биздин убакта убакыт жок болчу. Биз кечке тирилик кылчубуз.

Азыр деле ошондой самын болот, бирок аны ким жасап отурсун. Анын үстүнө азыркыдай жыты да болгон эмес.

Эркектер өзүнүн дени-карды соо болсо, ичкен-жегени жагып турса, анан күчтүү болот да. Бир койдун этин бир киши жеп койгон экен. Анан денесинен май чыгып турган. Азыркылар май эмес, бир кесим эт араң жешет.

Leave a Reply